Гүлжайна Атаканова, алпаруучу: «2 ЖЫЛ КЫЯЛДАНГАН ЛЕКСУСКА ЖЕТТИМ»

№886 24-30-октябрь, 2019-жыл

Бүгүнкү каарманыбыз аракет кылып баарын жасаса болот дегендерден. Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова 3 жарым айда тапкан акчасына Лексус үлгүсүндөгү унаа сатып алганын айтат.

Үлгүсү
– Лексус GX470

Жогорку ылдамдыгы – Саатына 220 чакырым

Кыймылдаткычынын көлөмү – 4700 сантиметр куб

Түсү – Ак бермет

Чыккан жылы – 2005-жыл

Баасы – 17 миң АКШ доллары

– Гүлжайна айым, рулда жүргөнүңүзгө канча жыл болду?

– Айдоочу болуп жүргөнүмө быйыл 8 жылдын жүзү болду. Бала кезимден бери унаа айдаганга кызыкчумун. Көз карандысыз болгум келчү.

Биринчи автоунаам Хонда Степвагон болчу. Ошол учурда көп гастролдогонума байланыштуу чоң машина алгам. Ичи кенен болгондуктан музыкалык аппаратураларды жүктөп, жатып да алчумун. Негизи чоң унааларды жактырам. 4-5 унаа алмаштырдым, бир да жолу жапыз унаа айдаган жокмун.

– Эмне үчүн БМВ, Вольво же Мерседес үлгүсүндөгү унаа эмес Лексусту тандадыңыз?

– Бул башка үлгүдөгү унааларга салыштырмалуу жумшак жана бийик болгондуктан тандадым. Анын үстүнө Лексус 2 жыл көзүмдөн учуп, сатып алгым келип «ооруп» жүрдүм. Кендирди кескен каражат жагы тартыш болуп жатты. Көчөдөн Лексус унаасын көргөн сайын жанына барып «жуксун-жуксун» деп сылачумун. Канчалык көп тиленсең Кудай орундатат экен. 2019-жылдын апрель айында ушул унааны сатып алдым.

– Унаанын техникалык абалы тууралуу түшүнүгүңүз барбы? Же сатып аларда бирөөнүн жардамына муктаж болдуңузбу?

– Аялдар күчтүүбүз, бирок ошол эле учурда алсызбыз. Мен бул машинаны тандай албайт болчумун. Анткени унаа айдаганды, дөңгөлөгүн алмаштырганды эле билем. Унаанын «өпкө-жүрөгүн», кайсы жери «ооруйт», «операция» болгонун-болбогонун билбейм да. Ошондуктан сатып аларда сырдашым, жакын адамым Темиш деген жигит тандашты.

– Кандай айдоочусуз?

– Мыкты айдоочумун. Эркектерге караганда жакшы айдайм. Жол эрежесин бузгум келсе бузам, бузгум келбесе бузбайм. Катуу айдап, кайра тормоз тээп жолдо ыңгайсыздык жараткан эркектерди көрүп жүдөп кетем.

– Жол эрежесин бузганда МАИ кызматкерлери токтотушса, айып пул төлөйсүзбү? Же айрым чыгармачыл инсандардай «тоюңа барып кызмат кылып берейин» деп кетип каласызбы?

– Чыгармачыл инсандардын МАИчилерге керсейип катуу сүйлөгөнүн көрүп жүрөм. Күнөөм жок болсо да эч качан алар менен урушпайм. Сыйга сый, сыр аякка бал дейт. МАИчилер да мени эч качан капа кылышкан эмес. Жол эрежесин бузуп калганда алар «ушуну менен 5-жолу тосуп жатам» дешет. Кийинкисинде 6-жолу тососуңар десем, «бычакка сап карындашыбызсың» деп жөн эле коё беришет.

– Бул эреже бузуу, ал үчүн айып пул каралган да. Башкалар айып пул төлөшөт. Сиз менен МАИчилердин ушундай иштери туурабы?

– Коопсуздук курун тагынбай же фараны күйгүзгөндү унутуп баратканда эле токтотушат. Өтө деле чоң "күнөө" кылбайм.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңыз беле?

– Жок, сатып алгам. Унаа сатып алганым менен, 6 ай айдоочулук күбөлүк ала албай жүрдүм. Анан куудул Рахман Разыков агайым Баткенден сатып алып берген.

– Баткендеги коррупцияны, өзүңүздүкүн кошо жарыялап салдыңыз. Сизге унаа айдаганды ким үйрөттү?

– Биринчи унаамды сатып алганда жадакалса ачкычты салып бураганды билчү эмесмин. Башында «Беш тапандын» жигиттери бир аз үйрөтүштү. Жаңы үйрөнүп баштаганда Рахман агайга чалып «сизге баратам» десем, ал «кызым, мени сыйла, дароо жолдун жээгине токтот» деп кыйкырып урушту. Өжөрлөнүп жатып айдаганды үйрөнүп алдым.

– Жолдо жүргөндө жигиттер тийишип калышабы?

– Албетте. Ушундай татынакай, чырайлуу, супсулуу болгон кызга тийишпей жинди болуп калышты беле (күлүп)? Жигиттер жолдун четине унаасы менен кысып чыгарып тийишишет. Аларды туура эле түшүнөм, эркек да. Сулууларга суктанууга акысы бар дегендей. Мөлтүрөп турсам тийишишет да. Аларга каадаланбайм, бой көтөрбөйм, күлүп эле өтүп кетем. Анын үстүнө эркин адаммын да.

– Унааңызды кантип эркелетесиз?

– Эртең менен унаама отурганда, кечинде түшүп баратканда «ананайын ак жолтоюм, сени жакшы көрөм, мени жолго таштабасым» деп эркелетем. Унаамды жакшы көрөм. Мындай унаага кыялданып жетпей жүргөндөр канча? Кыз киши эмес, эркектер жетпей жүрүшөт. Ошондуктан унаамды кирдеткендерге жиним келет. Сөз ээсин табат. Унаама ылай бут кийими менен түшүп, семичке чагып, суу төккөндөр, угуп алгыла, силерге айтып жатам.

Үйдө 6 саат уктасам, унаамда 18 саат жүрөм. Ошон үчүн баарынан жакын.

– Күйүүчү майдын кайсы түрү менен жүрөт?

– Бензин менен жүрөт. Дизель жакпайт, дыр-дыр деп дарылдай берет. Газ да койдургум келбейт. Себеби бензин куюп «кайф» менен айдаганды жакшы көрөм. Каражат үнөмдөгүм келсе, бензинди «жыттап» эле койгон унаа алып айдай бермекмин. Канча каражат сарптасаң, ошончолук «кайф». Ошондуктан жашоодон рахат алып жашагым келет. Күнүгө 1000 сомго бензин куям. Акча таба албасам, анда унаа айдабашым керек болчу.

– Кандай үлгүдөгү унаалар жакпайт?

– Мага жакпаган унаалар бар. Ошолорду көргүм да, отургум да келбейт. Алар – өмүр бою СТОдон башы чыкпаган, бузула берген унаалар. Жүрүп турса запорожец да жакшы.

– Аялдамада маршруттук такси күтүп тургандарга токтоп, ала кетесизби?

– Мурда шүмшүйүп баштыгымды көтөрүп көчөдө турганда ары-бери өткөн унааларды карап «унаа алсам, токтоп элди ала кетем» дечүмүн. Муну көп эле айдоочулар айтса керек, моюнуңарга алгыла. Эркектер эле кыздарга тийишип «жеткирип коёюн» дебесе, аял кишилер жеткирбейбиз.

Тааныштарды көрүп калганда токтогонго туура келет. Токтобой койсом «бул көөп кетиптир» деп айтышат да. Азыр араң эле турушат эмеспи.

– 3 жарым айда 17 миң долларды кантип чогултса болот экен?

– Көбүнчө унаалардын баасын айтышпайт го. Мен баасын ачык эле айтам. Бул акчаны уурдап, бирөөнү өлтүрүп алган эмесмин. 3 жарым ай эмгектенип, бешене терим менен тапкан акчама сатып алдым. Аракет кылсаң берекети болот. Алма быш оозума түш деп негатив жазып отурган кишиге караганда иштеген адам утат. Максатсыз адам максаттуу адамдын кол алдында иштейт. Өзүмдү максаттуу адаммын деп эсептейм.

– Көпчүлүк айымдар унаа айдап баратып да сулууланып калышат. Сизчи?

– Тыгында турганда боёном. Эки жагымда турган унаадагы айдоочулар тийише баштаганда аларга көңүл бөлбөш үчүн телефон чукуп же боёнуп калам.

– Рахмат маегиңизге. Жолуңуз дайым шыдыр болсун!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Гүлжайна Атаканова: "Меникиндей унаага кыздар эмес, эркектер да жетпей жүрөт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
28.10.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Обу жок
28.10.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Машине алган ойсокелер,эркектерге тийишпегилечи сураныч.
28.10.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындап эле бешене тери менен тапса азамат экен!!! Мисалы менде жок бул машина, мен да кыялданып журом. Бир аз бей-жайлык кылып жиберет, аны деле чыгармачылыкка байланыштуу кылат деп ойлойм! Азаматсыз!!!
Tiken түзөттү 2019-10-28 10:07:51
28.10.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
elmira., кимдир бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө;
ola, katerina.li, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-10-28 11:30:34
28.10.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аябай эле чон суйлойт кудай деп суйлосо болмок
28.10.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Олжоке боп кетипсиз го .
28.10.2019. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Начар аял
28.10.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аял деген оор басырыктуу болсо ээ
28.10.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Молтуроп атыптыр эми тийишпей эле коелу,18 жаштагы сулуубузга
28.10.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Машина алып мактанганына деле каршылык жок. Бирок убакыт өтүп "сейф бизнестен" жабыркагандар арыз жазып алдап кетишти деп милицияга бергенде ушул сөздөрүн далил болуп калбаса эле
28.10.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшылыктарга айдасын, жакшы кундорго кызмат кылсын. Ар бир кыргыздын гаражында ушундай унаа болсун. Алардын катарында бизде да.
28.10.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бизге да жуксун
SUPER.KG видео
28.10.2019. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Өзүн тың багып, ак эмгеги менен ушунча кымбат баалуу унаага жетип жатса кантип азамат дебейсиң! Кээ бир адамдар өзүн кыйратып бага албай, ар кимди ушактап жүрүшөт. Аларга караганда тынбай эмгектенип, өзүн дагы жакшынакай алып жүргөн адамды кантип позитивдүү дебейсиң. Алган унааңыз кут болсун! Дөөшү колдосун унааңызды. Тың жашайлы аракет кылып баарыбыз!
SUPER.KG видео
28.10.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул турушунда машинана эле эрге тийип алган окшойсун
29.10.2019. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Паракорчулук ачык эле айтылып калыптыр да. Эч кандай чапа корулбосо, бул кандай болду? Мыйзамды жазып жатканда, эл козундогу инсандарга тиешеси жок деп эле коюшсун анда. Ал эми мындайларды жазалабай кое берген МАИчилерди, айдоочу куболукту сатып берген Разыков жана Баткендеги тиешелуу органды жазалашын талап кылам. Ачык айтылып турса да кантип жон коюш керек?
29.10.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
3,5 жарым айда бешененди эле тердетип албасан керек, дагы башка жерини тердетип алсан керек.
29.10.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
3 жарым айда 17мин долларды кантип тартып экен. Мен 1 жарым жылда 4мин доллар кыйналып иштеп жатып таптым.
Бизге дагы жуксун.
Машинаны кут болсун
30.10.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баш этеги жок суйлойт элдер да кызык эми ушунун концертине да барышат жмеспи)).
31.10.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эжекем Айды айдап алгандай эле суйлоптур го.Эгер озунуз айткандай бешене-тер менен тапкан болсонуз албетте кут болсун, дооту колдосун.Ушул кээ бир адамдар айдаганынардын баары эле бирдей, торт донголоктуу анан усту жамгыр тийбеш учун тинике менен жабылган бир буюм экенин эске алып койсонуз дар да жакшы болоор эле.Улам чонуна алмаштырган сайын, чон суйлобой
02.11.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чеги жок эле мактаныптыр го жетпей жургондр канча корбой жургондр канча деген сыяктуу
02.12.2019. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец аял. Тын бышык. Анча мынча эркеке Караганда эркек эле. Туура эле суйлогон жакшылап ойлосок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо