№886 24-30-октябрь, 2019-жыл
Ырчы Бураш 22-октябрда турмуш жолуна аттанды. Укук коргоочу, коомдук ишмер Токтайым Үметалиева кичүү кызын узатты. Ырчынын жолдошу чыгармачыл чөйрөдөн эмес, жеке ишкер. Кубанычын тең бөлүшкөн ырчы жаңы статусу боюнча буларды айтты.
– Жолдошумдун аты Элзар. Ал жеке ишкер, менден 5 жаш улуу. Экөөбүз жети айдан бери сүйлөшүп жүрүп үйлөнүүнү чечтик. Учурда жаңы үй-бүлөмө көнүшүп жаткан учурум. Кайын журтум жакшы кабыл алышты, аябай түшүнүктүү адамдар. Жолдошум дагы мени жакшы түшүнөт, чыгармачылыгымды колдойт.
Жаңыдан түптөлгөн үй-бүлөгө бакыт каалайбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |