КОЛ ЖАЗМАҢДЫ КӨРСӨТ, КИМ ЭКЕНИҢДИ АЙТЫП БЕРЕМ

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж

Бул ирет кол жазмасы аркылуу ырчылардын мүнөзүн байкап көрдүк. Ал үчүн ырчыларга өзү каалаган темада актай баракка кыска текст жазып берүүсүн сурандык. Алардын кол жазмаларын анализдеп, мүнөзүн айтып берүү милдетин профайлер-верификатор Арсланбек Камчыбеков колуна алды.

«КОЛ ЖАЗМА ЭЭСИНИН ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛООСУ ТӨМӨН»

Бул адам өтө абайлап иш кылат. Бир ишти жасаарда анын оюнда шектенүүлөр болот. Сүйлөөр сөзүн таразалап, байкап сүйлөйт. Жасалмалуулугу бар адам. Алдына коюлган ишти ашыгы менен аткарат. Буйрук, тартиптердин адамы. Башкалардын оюнан көз каранды. Ийгиликсиз болуп калуудан коркот. Ар жагдайда өзүн камсыздандырууну ойлонот. Ички туюму күчтүү өнүккөн эмес, дайыма көйгөйлөрү тууралуу ойлонуп жүрөт. Өзүн-өзү баалоосу төмөн. Баарлашууда купуялуулукка артыкчылык берет. Бирөөнүн таасири астында калуусу оңой. Өтө тыкан.


«БУЛ АДАМ КОМПРОМИССКЕ ЖАКЫН»

Бул кол жазманын ээсинде табигыйлык бар. Чын ыкластуу адам, сезимдери таза. Оор басырыктуу эмес, жеңил. Жан дүйнөсү эркиндикти сүйөт, активдүү, оптимист, амбициясы күчтүү, энергиясы ашып-ташкан, жашоону сүйгөн адам. Чыгармачыл, тамашакөй, эрктүү, аналитикалык ой жүгүртө билет. Көпчүлүктөн айырмалангысы, өзүн көрсөткүсү келет. Кадамдарын кылдат аныктап алып иш жасайт. Ички туюму жашкы өнүккөн. Адамдар менен сүйлөшүүсүндө “пафос” үстөмдүк кылат. Талашып-тартышып, өз позициясын коргогонду жактырат. Адамдар менен бат тил табышат, компромисске жакын. Тажатма жана шектүү ойлорго көп кабылат.




«БУЛ АДАМ БЕТ КАПТЫН АРТЫНДА ЖАШАЙТ»

Көпчүлүктөн айырмалангысы, өзүн көрсөткүсү келгени, эл мени байкасын деген аракети авторду башкалардан айырмалап турат. Шайыр, фантазиясы күчтүү, тырышчаак адам. Максатына умтулат, бирок айланасындагылардын пикиринен көз каранды. Өтө үнөмдүү, айрым учурда майдачыл. Бул адам бет каптын артында жашайт, өзүнүн анык жүзүн элге көрсөтүүдөн коркот. Перфекционист, баары идеалдуу болушу керек деген тартипти карманат. Кол жазманын ээси максималдуу түрдө өзүн көзөмөлдөп тургандыктан анчейин эркин эмес, кандайдыр бир басым алдында жашайт. Ойлогон оюн жана жүрүм-турумун толук бойдон элге жайып, ачыктап берип койбойт, жашыргысы келет. Дайыма сак жүрөт. Сүйлөшүүдө жасалмалуулук бар, жабык адам. Чачыранды болбой, бир нерсеге толук бойдон көңүлүн топтой алат. Сынга көңүл бурат, бат эле “кайнап кетет”. Жоопкерчиликтүү, бирок эрки бош, бир аз жалкоо, башкаларга жол бошотуп бере алган сапатка ээ.





Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
04.11.2019. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Неинтересные люди, неинтересные комментарии психолога.
04.11.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо экинчи ким жөнүндө? Кол жазмасынын сүрөтү жокко
04.11.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи адамдын кол жазмасы өзүнүкү эместей го аял кишидей го почерк.
07.11.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,Гулназ Чыныбек кызыныкы экен
04.11.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундан кантип болсун?
04.11.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин кол жазмам жокго
04.11.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлназ Чыныбек кызы патыратып эле үтүр койо берген го керек эмес жерге да.
04.11.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kirgizstan,утур,туура эле коюлган
04.11.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек Гулназ Чыныбек кызы экообуздун почеркибиз окшош экен.Чындыка жатат кичине.
04.11.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Элдер он жака кыйшайтып жазышса мен сол.неге?кимге кайрылсам болот
06.11.2019. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники Тологон Мамыровдун кол жазмасына окшош. Мунозумо дал келди
06.11.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетелери, жүргөн турганына карап эле жазып койгон го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо