НАЗИРА АЙТБЕКОВА ЫРЧЫЛЫККА АТТАНДЫ

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж

Жакында Назира Айтбекова менен Илим Карыпбековдун аткаруусунда “Бакытка карай” деген аталышта дуэт жарык көрдү. Көпчүлүк Назираны алпаруучу, актриса катары билет. Андыктан ырдап чыкканы көпчүлүк үчүн жаңылык болду. Назира ырчылык өнөрү тууралуу мындай дейт:

– Кышында “Мыскыл жана тамаша” долбооруна катышып, өзүмдү куудул катары сынагам. Ошонун алдынан режиссёр Ырыс Окенова элди таң калтырып, Илим Карыпбеков экөөңөр дуэт жаздырбайсыңарбы?” деп калды. Илим биздин командада болчу. Сунушту туура көрүп, ырдын сөзүн Эрнис Түмөнбаев, обонун Жазгүл Жумакановага жаздырдык. Ырды укканда эле аябай жактырдык. Концерт күнү эртең менен жаздырып, кечинде эл алдына аткарып чыктык. Башында ырчылыкка маани деле берген эмесмин. Жакында интернетке дуэтибизди жүктөп койсом, аябай көп комплимент айтышты. Буга чейин апам “ырда, тембриң жакшы” деп көп айтчу. Чынында ырчылык меники эмес деп койчумун. Ыр элге тарагандан кийин музыканттар, акындар “менин ырымды ырда” деп кезекке туруп жатышат. Дагы жакшы ыр болсо ырдап коюш керек экен деген ойдо калдым.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
04.11.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эле калды ырдабаган. Чыпалак дегени ырдап баштады эле,бул да андан эмнем кем деди окшоцт ко. Гулжайна,Назира куудул ,Мамытбекова ишр кылса баары ырчы
04.11.2019. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Кошунаны тандабайт" жакшы чыгыптыр. Эжеге актрисалык эле сонун жарашат)
04.11.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдай берсин. Таланттуу кыз. Коп эле актрисалар ырдап журушпойбу. Дуэт жакшы чыгыптыр. Жазуучу болсо андан сонун болмок
04.11.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илим Карыпбеков десе КТРКнын мурунку жетекчиси окшойт деп жүргөм. Көрсө аты жөнү окшош башка эле чыгармачыл адам экен. Бирок бизде чынында ырчыдан баш айланып калды.
04.11.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эптеп эле ырдап тойлорго чыгышса булардын максаты,Гулжайнасы деле,Кара Кызы,Жамгырчиевасы,Нурзат Токтосуновасы деле ырчылыка аттанып алышкан)).
04.11.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрте менен жаздырып кечинде элдин алдына алып чыктык дейт го биздин шоу бизнестин "примасы".
04.11.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадимки Карыпбековпу????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо