Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА ЖЕНЕВАДА ЫРДАДЫ

№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова Швейцарияда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун “Пекин +25” аталышындагы бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышты. Ырчы айым иш-чара тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

– "Пекин декларациясы жана аракеттер платформасы" 1995-жылдан бери аялдар жана кыздар укугун кеңейтүү жаатында активдүү иштеп келет. 25 жылдык мааракеге карата уюштурулган иш-чара 29-30-октябрь күндөрү Женева шаарында орун алды. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан өкүлдөр чакырылып, алардын катарында Кыргыз өлкөсүнөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, депутат Айнуру Алтыбаева да катышты. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн келген ар башка тили, маданияты бар конокторго ырдоо оңой эмес. Иш-чарада мен кыргыз тилинде автордук чыгармаларымды аткардым. Алардын шатыра-шатман сүрөөсү мени кубантты. Музыкада тил жок дегенге дагы бир ирет ынандым. Кубанычтуусу, жакшы сунуштар түштү, азыр ошонун үстүнөн ойлонуп жатам,- дейт Гүлзада айым.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.11.2019. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутаттарга эмне жок ал жака?? Элдин ырыскысын чачып кыдыргандан башка пайдалары жок.
07.11.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Феминисткалардын собраниеси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо