№887 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
АКШнын Арканзас штатынын жашоочусу Честити Паттерсон каза болуп калган атасынын телефонуна 4 жыл бою СМС-билдирүү жазып жүрүп, акыры жооп алган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Кыз кезектеги катын жазып жөнөткөндүн эртеси күтүүсүз жооп алган. Катта “Салам, кымбаттуум. Мен сенин атаң эмесмин, бирок 4 жылдан бери сенин каттарыңды мен окуп жүрөм. Атым Брэд, жакында эле менин кызым да жол кырсыгынан каза болду. Сенин жазган каттарың кызыма болгон күйүтүмдү унуттурат” деп жазылган. Паттерсондун атасы каза болгондон кийин анын номерин Брэд аттуу адам сатып алып, колдонуп жүргөн.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |