Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СЕН ШҮМШҮКТӨН ӨЧ АЛЫП ТЫНАМ»

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

Бир күнү атамдан чалуу келди. Ал киши жөн эле учурашканы телефон чалбайт. Олуттуу кеп болгондо гана өзү байланышат. Мындай учурда апам аркылуу эле ал-жай сурашып койгонубуз болбосо, ашыкча сүйлөшпөйбүз деле. Телефонду колго алдым:

– Алло, ассалом алейкум, ата, жакшы турасыздарбы?

– Кудайга шүгүр. Кандай, балам? Деги сен үйлөнөсүңбү? Айылда мадыра баш балдар үйлөнүп, балалуу болуп жатышат. Апаң экөөбүздүн деле небере жытын жыттоого акыбыз бардыр.

– Буюрса, ата, тиги сүйлөшкөн кызым окуусун...

– Ошо сенин сүйлөшкөн кызың экөөңдү... Канча жыл болду, сүйлөшкөн кызым эле дейсиң. Же аныңдын сага тие турган ою болсочу! Болду, токтот аныңды, кызды биз деле таап беребиз. Ушул күздө үйлөнөсүң!

Биз 3 бир тууганбыз, менден кийин 2 карындашым бар. Үйдө атамдын сөзү мыйзам. Болгондо да аткарыла турган. Айтканы сөз бойдон калды деген нерсе кичинекейибизден тартып эч бир болгон эмес.

Жумушуңа тоскоолдук жаратпайын деген ой менен билдирүү жаздым. “Жолугушуп сүйлөшпөйлүбү, үйдөгүлөр үйлөн деп жатышат”. Окудуң, жооп берген жоксуң. Түн жарымында сенден кат келди. “Медер, кечир, жөн эле колуңду кармагым келбейт. Сен менден эбак эле кетишиң керек эле, эми да кеч эмес, мени айланчыктабай кет, менин жүрөгүмдө башка адам бар. Сен жакшы адамсың. Бирок мен башканы сүйөм”. Башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Жинденип телефон чалдым, бардык жактан блоктоп койдуң. Үйүңө, жумушуңа бардым, менден бекингендей эле эч жактан таба албадым. Досторуңа, эжеңе телефон чалып “ал жакында турмушка чыгат, балким, тынчын албайттырсың” деген окшош жооп алдым.

Ушунчалык ызырынып ичим кайнап турду. Сенсиз да сонун жашоо бар экенин далилдегим келди. Сенин тоюңа чейин үйлөнөм дедим да, үйлөндүм. Билесиңерби кимге үйлөндүм? Эч качан сүйлөшпөгөн, сүйбөгөн, бири-бирибизди жакшы тааныбаган эле бирөөгө. Аны менен 2 жолу көрүшүп, үчүнчүсүндө сөйкө салып алып кеттик. Ата-энемдин кубанычында чек жок. Күтүрөтүп той өткөрүштү.

Өзүн мага ишенип тапшырып жаткан бир назик жан жанымда жандап жүргөнү менен, сен шүмшүктү жүрөгүмдөн чыгарып сала алган жокмун. Сырткы жасалма маанайым менен жан дүйнөм дал келбей дендароо абалдамын. Той күнү да сага жазгым келди. Жаздым. Азыр да жазып жатам. Убакыт мени сага көндүрүп коюптур. Телефон колума тийсе эле сенин досторуңдун баракчаларын барактап, сенин эмне кылып жүргөнүңдү карай баштайм. Бул көнүмүш адаттардан кутулармын. Жашоодо сенсиз бактылуу болормун. Балким, тагдыр мени өз адамыма кошкондур. Алган жарым менин көрөр көзүм болор.

Дегеним менен жети жылым сени менен кетти. Сүйдүм, жинди болуп сүйдүм, көздөрүм тумандап, акылымдан айнып сүйдүм. Сүйүүң менен жерге кир. Сүйүүдө сендей шүмшүктөр үчүн ишенимдүү болуунун деле кереги жок экен. Туруктуулугумду кантейин? Сени менен катар он кыз менен сүйлөшүүгө мүмкүн эле. Артымды карасам эле сен, сен, дагы сен.

Мага даба жок. Жети жыл сага көңүлүмдү түзөп, келечек пландарымды сенин ыңгайыңа карап түзүп, жашоомду сени менен элестетип жинди болуптурмун. А сен эбак башка адамды жүрөгүңө киргизип алганың менен ишим жок. Окуусун бүтсүн, карьерасын тургузуп алсын. Үйлөнүп жетишебиз деп түшүнүктүү болуп коём. Акыры кандай жооп алдым? Башканы сүйүп калган имиш, менин колумду кармабайт имиш. Кайран убакыт. Сага кеткен жылдар. Бааланбаган аракет, баркталбаган сүйүү. Сүйүүңө татыксыз белем? Ызама муунуп турам... Жөн эле кетип калды деп жаткандырсың. Жаңылышасың, телефондогу “кара тизмең”, социалдык тармактардан блоктоп салганың мага тоскоол боло албайт. Менден баш тарттың, сен шүмшүктөн өч алып тынам. Көксөөмдү суутуп, көңүлүмдү жай кылып тынам...

Медер


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(18)
11.11.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бактылуу уй-було куруу менен оч алуу керек....
11.11.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруду
11.11.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин да өч алчуу адамым бар... Ал күндөр алдыда,Ин Ша Аллах ал күндөр да алыс эмес.
11.11.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Syimyk.isaev,Алла таала кечиримдүү адамдарды сүйөт, кечиримдүү болуңуз баары жакшы болот
11.11.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аялынды ошол шумшукту суйгондой суйсон, бактылуу кылсан эле өч алганың болот
11.11.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне кылып өч алмак элең андан көрө алганың мн жашоонун балын тат.
11.11.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
"Для меня- мой успех это лучшая месть" Конор Макгрегор. Ушул создо эле канча философия жатат. Медер сен алган жарын менен бактылуу жашап ошол адамга журогунду ачып ар тараптуу ийгиликтуу боло алсан ошол оч алганын. 7жыл омурунду барктабаган билбеген адамга мындан ары 7минута эмес 7 секундуда коротбо.
11.11.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Окуп отуруп кулкум келди. Менден дагы канча адамдын очу бар экен э
11.11.2019. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
_PeriWa_,кулкундон сенин)) жашоо далай ыйлатып далай кулдурот..
15.11.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aydinnur,баарыбызга тиешелуу экен созун)
11.11.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ээ иним оч алганын эле азыркыдан балалуу болгонун...баары унутулуп, оч алгын келбей калат.Бвштан откон так эле сеникиндей окуя.Андан коро бак тилеп кой ага да.
11.11.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сеникинен хуже окуяны уккам бир тааныш байкеден, Москвада бузулган кызды алып,үйүнө кыз деп алып барган никеде колун кесип,бир кыздуу болгондон кийин,үйүмө барып келем деп барып өзүнүн районунан бирөөгө тийип кетиптир,ХХХХ районунан болот менминче,ал байке азыр дин жолуна түшүп кетти баарына кол шилтеп,ага караганда сеники жакшы,унутуп кой да жаша бактылуу бол ошол сенин өч алганың
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-11 17:05:15
11.11.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,бироонун окуясы ото каттуу таасир берген го э? Кайталап эле жазып калыпсынар.
11.11.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janym_balam,абдан
11.11.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,Ошол аял кылып алган эркектин көзү жокпу
11.11.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жашоондун эн сонун мезгилдерин "оч алам"деген ой менен алаксып откоруп жибербе. Алган жарынды суй, суйул, суйуунордон жаралган наристелерди тарбиялап остур. Бактылуу бол. Сенин алган очун ошол болот
12.11.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башындан бакыт кушун учуруп алба !?
13.11.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өч алгандан кийин кана көксөөң сууса керек....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо