Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЛЕЙЛЕКТЕ КАЙНАТА МУРДАГЫ КҮЙӨӨ БАЛАСЫН АТЫП САЛДЫ

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

27-октябрь күнү Лейлек районунда 48 жаштагы жаран өзүнүн мурдагы күйөө баласын атып салып, ал каза болду. Облустук милициянын маалымат кызматынын билдиришине караганда, чыр үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам чыккан. Камакка алынган адамдын кызы “ал атамды ок атууга мажбур кылды” дейт.

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЧЫР ЧЫККАН”

Окуя боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы төмөндөгүчө маалымат таратты:

– Лейлек районунда 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Окуя 27-октябрда саат 00:30 чамасында болгон. Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип баратканда белгисиз жаран мергенчиликте колдонулуучу курал менен желкесине аткан. Үй ээси алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. 28-октябрь күнү шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну Ж.Х. кармалды. Кылмышка шектелип жаткан жаран маркумдун мурдагы кайнатасы экени маалым болду. Шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө, окуя үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыкканын билдирди. Маркум биринчи аялына жуучу түшүп келген адамдарды сабаган. Шектүү кызынын мурунку күйөөсүн коркутуп коймокчу болгонун айтууда. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“КОРКУТУП ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮП АЛГАН”

Бул окуя боюнча шектүүнүн кызы, маркумдун мурдагы аялы Ж. кызы А. менен байланышканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мен мектепти бүткөндө күйөөм артымдан кууп жүрүп, "сага турмушка чыкпайм" десем “менде сенин сүрөттөрүң бар, элге жайып уят кылам” деп коркутуп үйлөнүп алган. 2017-жылы турмуш курдук. Тойдон 20 күндөн кийин Москвага кеттик. Ал жакка барганда мени эч кимге көрсөтпөй, сүйлөштүрбөй, эч жакка чыгарбай өзүмдү жалгыз бир бөлмөгө камап койду. Өзү курулушта киши иштетчү, 10 күндөп үйгө келчү эмес.

Бир күнү күйөөмө айтпай бирөөнүн телефонунан улуу байкем менен сүйлөштүм. Аны кайнагам угуп калып, инисине телефон чалып менин сүйлөшкөнүмдү айтып койду. Күйөөм келип мени эсимден тангыча сабап салды. Анан байкеме телефон чалып, “карындашың сени менен сүйлөшкөнү үчүн урдум, келип алып кет” деп кыйкырды. Ал кезде атам менен байкем Екатеринбургда иштечү.

“БАШКАГА ТУРМУШКА ЧЫКСАҢ ЖАШАТПАЙМ ДЕЧҮ”

– Ошондон бир ай өтүп айылга келсем кайненем “элдешип жашагыла” деп алып кетти. Өзүмдүн апам да “боюңда бар экен, балаңды жетим кылбай барып жаша” деди. УЗИден боюмдагы ымыркайдын кыз экенин билип телефон чалсам күйөөм “алдырып сал, кереги жок” деген сөздөрдү айтып, экөөбүз урушуп кеттик. Ал мага талак берди. Кайненеме айтсам, “телефондон айткан талак түшпөйт” деп кетирген жок. Акыры төркүнүмө келдим, ошондон кийин апам жибербей койду.

2018-жылы 23-июнда кыз төрөдүм. Кайненем баланы көрөм деп келгенде көрсөтпөй койдук. Мен төрөгөнгө чейин күйөөм “бала менден эмес” деп ушак таратып жиберген экен.

Кызым 5-6 айлык болгондо кайын журтум чогулуп кызды көргөнү келишти. Апам “эмнеси болсо да алардын баласы, улуу кишилерди кайтарбай көрсөт” дегенинен көрсөттүм. Арадан бир жарым жыл өткөндөн кийин күйөөм үйлөндү. Мага болсо “башкага турмушка чыксаң мен сени жашатпайм. Жылаңач кыздардын сүрөтүнө сенин башыңды чаптап ошол сүрөттөрдү таратып салам” деп тынчтык бербей койду. Кийин мага жуучу чыкса барып чыр чыгарып, тойду бузду. Дагы көп акылга сыйбаган кылыктарды кылды. Ошондо атамдын жини келип үйүнө барып күйөөмдү атканга мажбур болуптур. Буга чейин биз көп жолу милицияга арыз жазганбыз. Бирок алар бир-эки жолу чакырып, суракка алып, кайра чыгарып жиберишчү.

“ЭКИ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ТЕҢ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ”

Каза болгон жигиттин жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошондуктан Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат Мусаевден үй-бүлө тууралуу сурадык. Ал бизге буларды айтып берди:

– Шектүү деп кармалган Ж.Х. 2017-жылы кызын турмушка берген. Билишимче, үй-бүлөдө чыр-чатак көп болчу. Бир ирет бизге "жараштырып бергиле" деп келген. Аксакалдар соту бар, аларга кабар берип, бирок кыз тарап макул болбой койгон. Маркум шектүүнүн кызы менен ажырашып кеткенден кийин келинге жуучу чыкса уруш чыгарган экен. Мен бул үй-бүлөдөн эмнеге бизге кайрылган жоксуңар деп сурадым. Каза болгон жигит кайнатасынын үйүнө кичинекей кызын көрөм деп барып, уруш чыгып кеткен экен. Шектүү Ж.Х. кишиге зыяны жок адам болчу. Айыл өкмөтү катары эки үй-бүлө менен тең сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эми калганын сот чечет.

Айпери Хожаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
11.11.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Озу уйлонуп алып,аялын куйоого тийбейсин дегенине жол болсун.
11.11.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ырас болуптур... Жырткыч бул
11.11.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ошого жеткириптир да ОЗУ
11.11.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Атага жалко, но кечирип койгула мен да ырас кылыптыр дегим келип турат.
11.11.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Tiken,кошулам.
12.11.2019. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Рас болуптур,Полициялардан панда жок чара колдонулбай,кыздын уккугу корголбой журуп, ал дагын честен ашып акыры озунун башын озу жептир рас болуптур сабак болсун башкаларга. Атасы байкуш кызын коргоштун айласын таппай ушул ишке барыптырда.Кудай озу кечирсин
12.11.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Псих больной окшойт куйоосу.атасын камабаш кк.урматтулар угуп койгула.
12.11.2019. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде суротторун бар десе эле коркуп тийип ала бересинби жаман суротторун жоктугуна ишенет белен
12.11.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Куно жигиттен кетиптир аксакал туура кылган ал кызынын келечегин ойлогонда а жигит мишает кылып тойду бузганы учун ошого олумго озу жеткириптир жигит ХХХХ экен. аксакалды камабаш керек женил жаза бериш керек куно жигиттен кетиптир озун озу олумго жеткиргенида
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-12 11:16:17
15.11.2019. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sardarakam, билдирүүлөр себепсиз өчүрүлбөйт. Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
12.11.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Рас кылыптыр.Балага ата-эне күйөт.Сабак болсун.
12.11.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызча Ворошиловский стрелок.
12.11.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озу уйлонуп кеткен аялын эрге тийгизбей значит бир зоокур экен эле да.Жайлаптыр аксакал
13.11.2019. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тооба кылдымго мен мынданда хужэ кылмакмын
13.11.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир нормальный ата ушуну кылмак, кылжындаган сойрук эр болбосо кызын майып кылмак, мындай коомго пайдасы жоктордун барынан жогу!Кыздын атасы жазасыз калсын!
13.11.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эгер эркек аялын, кызын жана эже-карындаштарын зөөкүрлөрдөн коргогонго күчү жетпесе, ушинтип курал менен болсода коргош керек, мына ушул чыныгы эркектик намыс. Молодец аксакал, атып бүтүп, экинчи жолу дагы башына контрольный выстрел кылышыңыз керек болчу зөөкүрдү. Мелийсаларга кайрылса "түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайра чыгарып ийдик" деп коюшатта, алар кыйратат беле, ан үчүн колдоруна чоң суммадагы акча берсең анан карайт. Мелийсага ишенбеш керек, экенин аксакал далилдептир.
13.11.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы болуптур, башка зөөкүрлөргө сабак болсун, жашы өткөндөр менен алсыз аял затын сыздаткандарга.
14.11.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рас кылыптыр зоокурду,бирок аксакалга жаза берилбеши керек.Акыры чегине жеткен учун аткан да.Мындайларды корундо да тынч жатпасын деп каргашат.
15.11.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
аксакалдын башка аргасы калбаган экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо