№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл
Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды.
Мелдештин соңку күнү грек-рим күрөшү боюнча беттештер болуп өттү. Анда 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медаль үчүн армениялык балбан менен күрөштү.
Беттештин жүрүшүндө ишенимдүү күрөшкөн Шаршенбеков атаандашына 4 упайлык эки ыкма жасаттырып жиберди. Убакыт бүткүчө атаандашына упайлар менен жете албай койду. Жыйынтыгында 11:7 эсеби катталып, Шаршенбеков күмүш медаль тагынды.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынан башка балбандар медалга илинген жок.
Динара Акимова
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |