№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл
Апта каарманыбыз болгон ырчы Кызсайкал Кабылова бул жолу жашоосундагы мырзалар тууралуу айтып берди. Беш агасы бар эрке кыздын баяны сиздер үчүн.
«АТАМДЫН КОЛУН КҮЙГҮЗГӨНДӨ»
Атам менен апам Улуттук филармонияда иштеп жүргөндө таанышып, үйлөнүшүптүр. Экөө ынтымакта жашап, бизди өстүрдү. Мүнөзүнө келсек, атам токтоо адам. Апам менен урушканын такыр көргөн жокмун.
Атам олуттуу болгону үчүн анын бир аз туура эмес кыймылы бизге күлкүлүү көрүнө берет. Бир жолу кире бериштеги жарык өчүп калып, Мажит байкем экөө оңдоп жатышкан. Атам баласы кулап кетпесин деп тепкичке өзү чыгып алыптыр, анткени кулап кете тургандай бийик жер болчу. Тепкичти кармап берип жаткан Мажит байкем күлкүсүн токтото албай колун жылдырып жиберсе атам тепкичтен аңтарылып түшүп кетип жатпайбы. Ошону эстеп дагы деле күлүп калабыз.
Жаңы жылда «салют алып бер» деп ыйлап жатып алдырчумун. Бир жолу кымбатын алып келиптир. Аны жерге коюп күйгүзүш керек болчу. Мажит байкем «Кызсайкал, карап турсаң» деди. Жерге коюп күйгүзчү нерсени атама берип ширеңке жагып жибергенде от колуна чачырап кетти. Балабыз да, каткырып эле жатып калдык. Ошондон кийин атамдын колу ооруп жүрдү, бирок урушкан жок.
Келинине кылган мамилесине да ичим жылыйт. Жеңем учурда кош бойлуу. Түнкү саат экиде курут жегиси келди. Күйөөсү компьютердик оюндарын ойногону кеткен. Айла жок, атамды тургузуп курутка жиберсек, дүкөндөрдү кыдырып жүрүп таап келди. Кайсы кайната түнкү саат экиде келини үчүн курутка барат? Менин атам ушундай башкача адам. Атамдын кызы болгонум үчүн аябай бактылуумун.
«АГАЛАРЫМДЫН БЕШ БАШКА МҮНӨЗҮ БАР»
Акыркысы Мажит байкем. Экөөбүз удаа болгондуктан аябай жакынбыз. Тамашакөй, мени таарынтып алып эле кечирим сурап жалдырап жүрөт. Кичинекей кезибизден бери эч өзгөргөн жокпуз. Ошол эле Мажит, ошол эле Сайкал. Өзүбүз балалуу болуп калсак деле жеңемди кошуп алып жашынмак ойноп кетебиз. Жашоомдогу оор учурларда жанымда ушул байкем болду. Ичимде кайгы барбы, кубаныч барбы сезип, колдоп турат. Мен турмушка чыкканда аябай депрессия болуптур. Агалары бар ар бир кыз агаларынын сүйүүсүн, колдоосун сезет деп ойлойм.
«ЭРНИС МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫМ СЫНОО БОЛДУ»
- Табиятымдан аялдарга караганда эркектер менен жакшы тил табышам. Эркек мүнөз болгонум үчүнбү, алардын чөйрөсүндө өзүмдү ишенимдүү сезем. Андыктан эркек досторум көп. Алар кээде кыз экенимди унутуп калышат. «Доске» деп кайрылышат, далыга чаап кетишет, тамашалашат. Кээде эле «ий, сен кызсың да, унутуп калабыз» деп калышат. Аял менен эркектин ортосунда достук болбойт деген сөзгө такыр кошулбайм. Тескерисинче, бекем болот.
«АЗЫРКЫ ЖАШООМ»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Озун озу пиарлабаса, той-ашка башкалар суйроп барып, журналисттер уйунун жанында андып отурган жок да, мындан интервью алабыз деп...
Атасы, агалары онорлуу адам болсо ошолордон интервью алныла да, мындан эмес... 10 жыл илгери 1-2 ыр аткарып койсо эле дагы да эстей бересинерби?!!
Анда эмнеге Кудайберген Куттубековдон интервью албайсына