Тамашоучу Мурат Жалиев акыркы учурда иш-чараларда көрүнбөй, атүгүл адаттагы жумушу болгон тамадалык кызматта да көрүнбөй кеткен эле. Күйөрмандары аны издеп таппай калышты. Мурат Жалиев менен акыркы жаңылыктары, жашоосундагы өзгөрүүлөр жана акыркы айларда шоуменди бир аз кыйнап койгон ден соолугу тууралуу маектештик.
– Кандайсыз, Мурат байке? Күйөрмандарыңыз сизди издеп таппай калышты. Кайда жүрдүңүз?
- Жакшы, рахмат. Ооруп калдым. Башым, бөйрөгүм ооруп, эсимди жоготуп койгон учурлар болду. 3 айдан бери ден соолугум менен алышып, телефонго жооп бергенге алым келген жок. Буюртма алып койгон тойлорду алпарып бере албастыгымды түшүндүрүп коюуга да чамам жетпей калды. Сиздердин гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Айрымдары мени алдамчы, жоопкерчиликсиз адам экен деп ойлоп калышса керек. Жок, андай эмес. Башка иш колумдан келбегенден кийин тойлордон качып кайда бармак элем? Менин наным ошол. Ооруп жатканда той эмес, үйдөгүлөр менен да сүйлөшкүм келбей, мага тамак алып келген адамды да жактырбай калдым. Анын үстүнө дарыгерлер телефон колдонуума тыюу салышкан.
– Дарыгерлер ооруңуз тууралуу эмне дешти?
- Бөйрөгүмө суук тийиптир. Бөйрөк катуу ооруганда заара чыкпай, шишип кетет экенсиң. Буттарым, колдорум титиреп жатты. Башым мурда ооруп калчу. Кээде тойдо кызмат кылып жатканда башым ооруп, эшикке чыгып эс алып келип, кайра ишимди улантчумун. Оштогу, Бишкектеги врачтарга көрүндүм. Алар ар кандай диагноз коюшту. Бир врач «башыңда киста бар» десе, экинчиси «нерв чарчап калган», үчүнчүсү дагы башка нерселерди айтып жатышты. Алар жазып берген дарыларды ичтим. Ата-энем молдолорго, табыптарга алып барып көрсөтүштү. Кимиси айыктырды, билбейм. Дартты берген Кудай шыпаасын кошо берет дегендей, Кудай өзү шыпаа берди окшойт. Айыгып кеттим. Азыр баары жакшы.
– Сизди издегендер көп болду...
- Ооруганда досторум, өкүл балдарым, ага-ини, кесиптештеримдин арасынан ким мага чын дили менен күйөрүн билдим. Абалымды сурап келгендерге рахмат, аларга ичим жылып калды. Айрымдары акча таштап кетишиптир. Кимдер келип кеткенин ата-энем айтып беришти. Абалымды сурагандарды өзүнчө тизмеге жазып койдум. Мындай учурда көңүл бургандар жакын сезилет экен. Айрымдарына жөн эле чачылып жүрүптүрмүн деп ойлоп калдым.
Анан да ата-энемдин баркын мурдагыдан да жакшы түшүнүп калдым. Атам байкуш врач, молдолорду таап келет, апам «эмне кылайын? Эмне ичесиң, эмне жейсиң?» деп жанымдан чыкпайт. Мурун, балким, жаштык кылдым же акчага көптүмбү, айтор, жетишерлик деңгээлде ата-энеме көңүл бурчу эмес экенмин. Алыстан келгенде апам чуркап чыгып башымдан суу тегеретип тосуп алса, «мен уктайынчы» деп үйгө кирип кетчүмүн. Ооруганда жашоодо ата-энем, бир туугандарымдан кымбат эч нерсе жок экенин түшүндүм.
– Жубайыңызчы? Аны менен таарынышып жүргөнүңүздү айттыңыз эле...
- Ооба, келинчегим менен таарынышып жүрөбүз. Таарынышып жүрсөк да жубайымды жамандоо менин колумдан келбейт. Эмне болсо дагы өзүм күнөөлүүмүн деп билем. Менин мүнөзүм оор. Келинчегим менен түшүнбөстүк болду десем туура эмес болот. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөсөк, анда 8 жыл чогуу түтүн булата албайт элек, үй-бүлөбүз мурда эле урамак. Келинчегим бир үйдүн жалгыз жана эрке кызы болуп чоңойгон. Эркелиги – анын эң жаман сапаты. Бирок үй тиричилигине тың. Аялымды жамандагым келбейт, аны жакшы көрөм. Жакшы көрүп үйлөнгөм.
– Ошондо бул окуяга анын эркелиги себеп болдубу?
- Ошондой болду деп ойлойм. Мен бир нерсени моюндашым керек. Чындыгында, тойго конок катары барганда аялымды ээрчитчү эмесмин. Тамашоунун жигиттери андай жерлерге келинчегин жасантып ээрчитип барып, Инстаграмга сүрөттөрүн жүктөшөт. Келинчектери, балдары менен кафеге, паркка барып эс алышат. Меники аларды көрүп суктана берчү. «Биз да ошентип жүрсөк болбойбу? Менден уяласызбы?» деп башкача түшүнүп алчу. Андай эмес, менде аялым мага гана таандык, үйдө отурушу керек деген түшүнүк бар. Аны кызганам. Балким, ушул да себеп болду. Балким, апасын сагынып, бугун чыгарып келейин деп кеткендир.
– Жарашууга аракет кылып жатасызбы?
- Жашоодо мындай кылып жиберем, кыйратам деп айта берет экенбиз. Бирок Кудайдын буюрганы болот экен. Быйылкы той сезонуна алдыга көп план койгом, «ишкердик кылам, баланча ишти бүтүрөм» деп Кудайдан улук сүйлөптүрмүн. Анын бири да жок, 3 ай дарыгерлердин көзүн карап жатып калбадымбы. Экөөбүздүн мамиле кандай болорун көрө жатарбыз. Келинчегим экөөбүз отуруп алып жакшылап сүйлөшүшүбүз керек. Менин ажырашып, башкага үйлөнөм деген оюм жок. Жубайымда деле андай ой жок болсо керек. Турмушуңду бузуп, башка турмуш куруп кете тургандай бул оюн эмес. Мен карапайым үй-бүлөдө турмуштун оош-кыйышын кичине кезимден көрүп чоңойгом. Келинчегим да миллионердин кызы эмес. Ал деле мага окшош карапайым үй-бүлөнүн кызы. Турмуштун ысык-суугун ал дагы жакшы билет.
– Азыр ишиңизди улантып жатасызбы?
- Тойду сагынганымданбы же сакайып калгангабы же акча керек болгонгобу, айтор, азыр той алпарууга болгон каалоом мурдагыдан да күчтүү. Буюртмалар да түшүп жатат, Кудайга шүгүр.
– Өзүңүздү күчтүү эркектердин катарына кошосузбу?
- Күчтүүмүн десем мактанып калам. Алсызмын десем да жарашпай калат. Адамга өзүнүн кемчилиги, артыкчылыгы көрүнбөйт. Кандай экенимди башкалар билет. Кандай адамсың десеңиз, боорукермин. Бирок аны элге билдирбейм. Кежирлик мүнөзүм бар. Мисалы, үй куруп жатканда атам «балам, ушул жерге эшик койдур, кийин кайра эшик коём деп убара болосуң» десе, «жок, кереги жок» деп болбогон жерден өзүмдүкүн бербей туруп алам. Өзүмдүкүн туура деп ойлоп көп адашам. Анан да, баласаакмын. Балдарымды эркелеткенде бетинен өппөй, башка чаап, кулагын чымчып эркелетем, мага ошол жагат.
– Жашооңуздагы эң кубанычтуу жана кайгылуу учурларды айтып бериңизчи.
- 8 жыл мурун жаңыдан той алпарып жүргөндө азыркы биз курактуу элдин балдары ата-энесинин юбилейин өткөрүп беришкенин көрүп суктанчумун. Мен да ата-энемди ушинтип кубантам деп кыялданат элем. Былтыр атамдын 60 жылдык юбилейин өткөрдүм. Экөөнүн жасанып, төрдө отурганын көрүп, «максатыма жеттим» деп аябай кубангам.
Ал эми өкүнүчтүү окуя орусча билбегенимдин айынан болду. Бир жолу "Тамашоудогу" командалардын капитандарын чогултуп, Эрмек Нурбаев Сочиге КВНге алып барган. Сочиге чейин барып, бирок орусча сүйлөй албагандыктан сахнада бийлеп-бийлеп эле келгем. Үйдөгүлөр, досторум Сочиге барат деп аябай даярданышып, колунан келгени акча чогултуп берип узатышкан. Алар "интернеттен ошол оюнду көрөбүз" дешсе эле уялам. Ошондо жаман болгом.
– Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?
- Жакында Ошто «No name» командасы болуп көрбөгөндөй концерт беребиз. Акча табуу үчүн эмес, эл чындап эс алып, жыргап көрө турган концерт өткөрөбүз, буюрса. Сахна жасалгасынан концерттин жүрүшүнө чейин өзгөчө кылууга жеңибизди түрүп киришкени турабыз.
– Ийгилик! Маегиңизге рахмат. Оорубаңыз!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg
болот озун деле бирдемени кыйратчуудай корунбойсун акылдуу аял омурлук жарын эл алдында жамандабайт! Айтпан созго бир макал бар "челегине жараша капкагы"- деген