Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ДААМДУУ БУТЕРБРОДДОР

  1. Бутерброд – немистердин "май менен нан" деген сөзүн билдирет. Жеңил тамак болгон бутерброддордун түрлөрүн сунуштайбыз.

  2. БРУСКЕТТА

    Даярдоо убактысы – 25 мүнөт

    Керектелүүчү азыктар:

    (10 порция үчүн)

    Багет же батон наны 1 даана

    Зайтун майы 1 аш кашык

    Эритилген сыр 150 грамм

    Райкан 2 жалбырак

    Сарымсак 2 тишче

    Помидор 2 даана

    Туз чай кашыктын төрттөн бири

  3. Даярдоо ыкмасы:

  4. 1. Помидорлорду анча чоң эмес өлчөмдө туурап идишке салабыз. Үстүнө туз, зайтун майын кошуп, аралаштырабыз. Сарымсакты жанчып бөлөк идишке салуу кажет.

    2. Багеттен же батондон калыңдыгы 1-1,5 сантиметр кылып 10 кесим кесебиз. Кесимдерди 200 градуста ысып турган электр мешине 2-3 мүнөткө салып кызартып алуу кажет.

    3. Ысык кесимдердин бетине сарымсак сүйкөйбүз. Муздаган соң бетине бөлмө температурасында турган эритилген сыр сүйкөлөт. Помидорлорду ширеси жок кылып сырдын үстүнө коёбуз.

  5. 4. Райканды майда туурап эң үстүнө себелесек брускетта даяр.

  6. ТООК ЭТИ МЕНЕН БУТЕРБРОД

  7. Даярдоо убактысы – 30 мүнөт

    Керектелүүчү азыктар:

    (10 порция үчүн)

    Нан же батон кесими 10 даана

    Өсүмдүк майы 1-2 аш кашык

    Жумуртка 2 даана

    Сыр 80 грамм

    Тооктун сууга бышкан төш эти 250 грамм

    Каймак 3 аш кашык

    Салат жалбырагы 10 даана

  8. Даярдоо ыкмасы:

  9. 1. Алдын ала сууга бышырылган тооктун эти менен 2 жумуртка керек. Эгер даяры болбосо бышырып алыңыз.

    2. Батондон же бөлкө нандан калыңдыгы 1 сантиметр кылып 10 кесим кесип алабыз. Нандын 1 күн мурдагысы болсо жакшы. Анткени көп үбөлөнбөйт жана оңой кесилет. Көрүнүшү жакшы болушу үчүн бөлкө нандан кесимдерди тегерек формада кессе жакшы.

    3. Көмөч казанды отко коюп, бетин майлап, нан кесимдерин салып, 2 бетин кызартып алабыз. Аларды кагаз сүлгүнүн бетине чыгарып коёбуз, анткени ашыкча майларды соруп алат.

    4. Бышкан жумурткаларды аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.

    5. Сыр да сүргүчтөн өткөрүлөт.

    6. Бышкан эт майда төрт чарчы кылып тууралат.

    7. Тууралгандардын баарын бир идишке салып, каймакты кошуп аралаштырабыз.

  10. 8. Нандын кесимдеринин бетине салат жалбырактарын коюп, үстүнө эт аралашмасынан салабыз. Бутерброд даяр.

  11. ЫСЫК БУТЕРБРОД

  12. Даярдоо убактысы – 25 мүнөт

    Керектелүүчү азыктар:

    (4 порция үчүн)

    Батон 1 даана

    Жумуртка 4 даана

    Фарш (уйдун этинен) – 120 грамм

    Пияз 1 даана (кичинекей)

    Каймак май 30 грамм

    Өсүмдүк майы 1-1,5 кашык

    Сыр 70 грамм

    Кетчуп 2 аш кашык

    Петрушка 1-2 талча

    Туз, калемпир татымына жараша

  13. Даярдоо ыкмасы:

  14. 1. Батондон калыңдыгы 1 сантиметрден кылып 8 кесим кесип алабыз. Эми аларды эки-экиден кылып коюп, биринин ортосун алып салуу керек. Экинчисинин бетине эритилген каймак майды шыбап, ортосу алынганын үстүнө коёбуз. Сырдын 50 граммын узун ичке кылып кесип алып, аларды четтерине тизүү керек. Оюкка кетчуп сүйкөлөт.

  15. 2. Пиязды майда туурайбыз. Көмөч казанга майды куюп, алгач пиязды кууруп, анан фаршты салып бышырып алабыз. Туз менен калемпир кошконду унутпайбыз. Фарш муздай түшкөндө аны менен оюкту бир аз бөксө кылып толтуруу кажет. Анткени жумуртка үчүн орун калышы керек.

  16. 3. Сырдын калганы сүргүчтөн өткөрүлөт. Электр мешинин табасына бутерброддорду салып, жээктерине сыр себелейбиз. Эми бутерброддордун ортосуна жумуртканы чагып, үстүнө туздан себелейбиз. 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 7-10 мүнөт бышырып алабыз. Бышырып жатканда катып кетпеши үчүн батондорго ысык суудан бир аз себелеп койсо болот.

  17. 4. Даяр бутерброддордун үстүн петрушка менен кооздойбуз.




  18. Канымжан Усупбекова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
11.11.2019. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ракмат супер инфо! Жакшы кенеш экен.
11.11.2019. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батон үйдө шартында кантип жасалат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо