Рак илдети менен күрөшүп келе жаткан Айгүл Карнакова: “РАК ДЕСЕ БҮТТҮ, ӨЛӨТ ДЕП ОЙЛОБОШ КЕРЕК”

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

Айгүл Карнакова 5 жылдан бери рак илдети менен алышып келет. Каарманыбыз кандай оор сыноо, кыйынчылык башына түшпөсүн, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окурмандарга позитивдүү маанай, жашоого үмүт тартуулап жүрөт. Учурда Түркияда дарыланып, ишкерлик менен да алектенип жүргөн күчтүү айым менен баарлаштык.

КОСМЕТИКАНЫ СҮЙГӨН КЫЗ

– Мен Кара-Балта шаарында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Эжем, иним бар. Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум экөөбүз эки кыздын ата-энесибиз. Окуучу кезимден косметиканы жакшы көрүп, классташ кыздарымды боёнто берчүмүн. Кыргыз техникалык университетинин Кара-Балтадагы филиалында экономисттикке окудум, бирок ошондо эле кесибим менен иштейм деп элестетчү эмесмин.

Жолдошум менен таанышып, баш кошкондон кийин ага визажист болгум келет десем, “койчу, ал кандай жумуш болмок эле? Андан көрө кесибиң менен иштегениң жакшы” деп уруксат бербей койду. Каалоо күч болсо, бир күнү баары бир ага жетет экенсиң. Жолдошумду 2013-жылы көндүрдүм да, Бишкектен визажисттик курска окуп, сулуулук чөйрөсүндө ишмердүүлүгүмдү баштадым. Кыздарды боёп, каштарын жасап берип жүрүп бат эле кардар топтоп алдым.
“ТОЛУГУ МЕНЕН АЙЫКТЫҢ ДЕШКЕН”

– Рак деген башкы стадияларында билинбей, 3-4-стадиясына барганда билинет экен. 2014-жылы катуу ооруп калдым. Дене табым көтөрүлүп, ичим көөп чыкты. Ооруканага көрүнсөм, менде маселе бар экенин айтып, анализдеримди гистологияга жөнөтүштү. Тилекке каршы, анализимдин жыйынтыгы жакшы чыкпай, дарыгерлер тез арада энелик безди алдырып салбасам өлүп каларымды айтып, операция жасашты. Калган рак клеткаларын жок кылуу үчүн 6 ирет химиялык терапия алдым. Ошондон кийин дарыгерлер “сен толугу менен айыктың, рак жөнүндө унута берсең болот, болгону жарым жыл сайын келип текшерилип тур” дешти. Ал кезде онкологиялык ооруга чалдыкканымды жакындарым, туугандарым, досторум гана билчү. Химиялык терапияны алганда жүрөгүң айланып, алың кетип, өзүңдү жаман сезесиң. Көчөгө чыга албай калгандыктан кардарларымды үйдө кабыл алып жаттым.

Эки жыл үзбөй текшерүүдөн өтүп жүрдүм. Дарыгерлер жакшы деп коюшат. Мен аларга ишенип жүрө бердим. Ал кезде рак клеткалары жоон ичегимде өсүп баштаган экен. Кыргыз өлкөсүндө заманбап жабдыктар жок болгондуктан, рак клеткалары өсүп жатабы-жокпу, онкологиялык борбордо аныктай албайт. Же дарыгерлер бизде андай шарт жок деп айтып коюшпайт. Ошон үчүн биздин жарандар союлуп-оюлуп чыккандан кийин мага окшоп чет жактарга кетип жатышат.

“ТИБЕТ МЕДИЦИНАСЫ ШИШИКТИ ЧОҢОЙТУП ЖИБЕРДИ”

– Түркияга кетерден мурун тибет медицинасы ракты айыктырат деп угуп, Индияга барып дарыланып жүрдүм. Жакшы болгондун ордуна, тескерисинче, өзүмдү жаман сезе баштадым. Көрсө, шишик кичирейбей эле, чоңоюп кетиптир. Ошондо интернеттен алдыңкы 10 мыкты заманбап клиника деп издесем, Швейцария, АКШ, Израиль өңдүү өлкөлөрдүн клиникалары чыкты. 5-орунда Түркия экен. Түркия бизге жакын эмеспи. Дароо аларга байланышып, абалымды айтсам, жооп келди. Сакайышым керек деп 3 күндүн ичинде Түркияга учуп кеттим. Онкологиялык дартты дарылоо абдан кымбат турарын баары эле билсе керек. Түркиялык клиникада текшерилүү үчүн 5 миң доллар кетти, ага унаамды сатып, акчасын жумшадым. Химиялык терапия ала баштадым. Химиянын бирөөсү эле 3800 доллар турчу. Ага жолдошум унаасын сатып, эки жолкусуна акча тапты. Ошону менен акчам түгөнүп, кайра мекениме келдим. Каражатка көзүң чачырап турганда жардам сурап бардык эшикти каккылап көрөт экенсиң. Уялсам да аргасыз тууган, тааныш, курбуларымды, кардарларымды чогултуп WhatsApp`тан бир топ ачтым да, “мен катуу ооруп жатам, жардамыңарга муктажмын. Менин абалым ушундай” деп баарын түшүндүрүп жаздым. Чынында башыма түшкөн нерсени элге жар салгым келген эмес. Ошондон ары кайрымдуулук кылалы деп социалдык тармактарга да жайылып кетти. Ал жактан 5000 доллар чогулуп, аны да дарылоого жумшадым.

“КЫЙНАЛГАНДАН КӨРӨ ӨЛСӨМ ӨЛӨЙҮНЧҮ...”

– Социалдык тармактарга мен тууралуу маалымат жайылып кеткенден кийин мекендештер бир түрк үй-бүлөнүн үйүнө мени жайгаштырышты. Ал үй-бүлөнүн ким экенин деле билбейм же түркчө бир сөз түшүнбөйм. Эмне керектигин колум менен жаңсап же котормо аркылуу көрсөтчүмүн. 12-жолу химия алгандан кийин кускум келет, алсырайм, бүт денем ооруйт, бетим аллергия болуп кызыл бир нерселер чыгып кеткен, бөлмөдөн чыкпай жата бердим. Кээде баарына кол шилтеп, “ушинтип кыйналгандан көрө өлсөм өлөйүнчү” деп басып кетким келчү. Химия башында жардам бергенсиген. Көрсө, жөн эле организмди кыйнап жүрүптүрмүн. Азыр тааныш түрк эжелер чакырса да баргым келбейт. Алар абдан жакшы адам болгону менен, алардын үйүнө барсам кыйналган күндөрүм эске түшөт.

“РАК БАШКА ОРГАНДАРГА ЖАЙЫЛЫП КЕТИПТИР”

– 2018-жылы июнда кайрадан операцияга кирдим, жоон ичегимди алып салышты. Операция болордон мурун дагы элден жардам сурап акча чогулттук. Анда да эл аябай чоң жардам берди. Реанимацияда 1 күн жатканга 1000 доллар төлөнөт экен. Мен 3 күн эсиме келбей жатыптырмын. Реанимация акысына элден чогулган акчаны бердик. Кайын сиңдим ири суммада насыя алып, операциянын акчасын төлөдү. Ага аябай ыраазымын, ал азыркыга чейин насыясын төлөп жатат.

Ошентип, операциядан кийин жакшы болуп, Бишкекке келгем. Кышында кайра текшерүүгө барсам, рак башка органдарга, боорго, моюнума жайылып кетиптир. Радиотерапия кылышыбыз керек дешкенинен ага да насыя алып 5000 доллар топтодук. Радиотерапиянын жыйынтыгында дагы чекиттей болгон рак клеткалары чыкты. Мындан ары мага эч ким 5000 доллар бере албасын айтып, дарылоону карызга жасап беришин сурандым. Улам иштеп тапкан акчамды берип отуруп, карызымдан кутулдум.

“СЫНОО БАШЫҢА ТҮШКӨНДӨ АРГАСЫЗДАН ЧЫЙРАЛАТ ЭКЕНСИҢ”

– Көбү менден "энергияны кайдан аласың?" деп сурашат. Сыноо башыңа түшкөндө аргасыздан чыйралат экенсиң. Чарчайм, бирок айла жок. Ишемби, жекшемби күндөрү дүкөн кыдырып товарларды карайм. Түнү уйкум жок, ошентсе да эртең менен эрте туруп жумушума киришем.

Негизи мага оор көтөргөнгө болбойт. Бирок 10-20 килограммдык товарларды айла жок көтөрөм. Тапкан акчамды дарылоого жумшайм. Үй-бүлөмө салып турам. Кээде өзүмө боорум ооруп кетет, кээде өзүмдү эмнеге аяшым керек деп кетем. Айтор, жашоо үчүн күрөшүп келем.

Баарынан да кыздарымдын менден алыс чоңоюп жатышканына ичим ачышат. Кыздарымдын атасы деле жанында, бирок апасындай болбойт да. Видеочалуу аркылуу байланышканыбызда кыздарым чачтарын эптеп-септеп байлап алганын көрүп ыйлагым келип кетет.

“ӨЛҮМДӨН КОРКПОШ КЕРЕК!”

– Рак десе эле баарынын жүрөгү түшөт экен. Бул дартты билбеген, укпаган адамдар рак менен жабыркады, демек, бүттү, өлөт деп ойлошот. Ракты дарылап айыктырса болот, мен буга ишенем. Мына мен 5 жыл бою дарыланып, жашап келатпаймынбы.

Мен да башында өлүп калсам апамды, кыздарымды, жолдошумду көрбөй калат турбаймынбы дечүмүн. Негизи адам өлгөндө денеси гана жансыз болбосо, жаны жакшы көргөн адамдарынын жанында эле болот. Болгону тирүүлөр көрбөйт. Өлүмдөн коркпош керек. Мага рак менен күрөшкөндөр, алардын жакындары көп кайрылышат. Балким, учурда бир кездеги мендей болуп Кыргыз өлкөсүндө кайсы жакка барып, эмне кылыш керектигин билбей жаткандар бар чыгар. Алар мага кайрылышса, колдон келген жардамымды берем.

Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
11.11.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллах шыпаасын берсин
11.11.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ото кучтуу чыйрак мээримдуу соонун айымсыз Аллахым илдетинизге шыфаа берип аман экен айыгып уй булонуздун жанына жаркылдап журунуз Айгул эже.
11.11.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах шыпаасын берип айыгып кеттиниз. Кучтуу экенсиз. Эч нерсеге наалыбай баш которуп журот экенсиз.
11.11.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Инстаграмда страничкасы бар ,кийим заказ кылып,аз да болсо жардам берелик.Куйоосу дайыма жанында.Айыгып кетиниз
12.11.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mela,беринизчи
11.11.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш толук бербептир интервьюну,инста баракчасында элдин акчасына минтип косметика алып журосун деген сыяктуу конулуну ооруткан билдирууну жазгандар да болгон,окугам.Окуп боорум ооруган.Кыздарыныздын жанында аман жаркылдап журунуз,Аллахым шыпаа берсин.Оорубаныз.
11.11.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эртереек сакайып кетиниз
12.11.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жараткандан ден соолук сурайм баарынарга омурлуу болгула!!!
12.11.2019. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Денемди майда будур каптап кетти.Аллахым шыпаасын бересин, бул кундорунуз унут болуп, жашоонузда жакшы кундор ыроолосун
12.11.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым шыпаа берсин.Сиз сакаясыз!
12.11.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инстадагы аккаунтун бергилечи?
12.11.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алла Таалам колдосун, шыпаасын бенсин ылайым, айыгып кет эртерээк эле. Балдарын менен биргеликте бактылуу омур сур.
13.11.2019. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салтанат Саматова да ушундай деп бул дуйно менен кош айтышып кете берди,рак деген немени уксам эле эсиме ошол келчу болду.
13.11.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграмдагы страницасы aigul_turkish
13.11.2019. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жараткан Тенирим ден соолук берсин.
14.11.2019. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла ар турдуу сыноо берет артынан жаркыраган Кун келээрине ишениниз.
16.11.2019. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин
13.01.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сени колдосун, Айланайын омурун узун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо