Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРУСИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА АКЧАНЫ КАНТИП 30 СЕКУНДДА ЖАНА ЧЕКТӨӨЛӨРСҮЗ КОТОРУУГА БОЛОТ?

№888 7-13-ноябарь, 2019-жыл

Орусия Федерациясында иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын акча которуулары Кыргызстан үчүн олуттуу мааниге ээ деп айтууга болот. Акча которуулар республиканын ИДПсынын 30 пайызын түзөт. Макроэкономикалык эффект көз карашынан алганда, акча которуулар үй чарбаларынын кирешелерин арттырат, жакырчылыкты кыскартат, адам капиталына болгон инвестицияны көбөйтөт жана мунун аркасында экономикалык өсүштү тездетет.

Узак убакыт бою мекенге акча каражаттарын жөнөтүүнүн талап кылынган жолу акча которуулардын эл аралык системалары болгон.

Бирок технология өнүгүп жатат жана анын өнүгүшү менен акча которуулар интернетке ооп баштады. Ушул учурда кардарлар базасы чоң жана дүйнө жүзү боюнча кеңири корреспонденттик мамилелерге ээ болгон банктар кардарлар үчүн күрөшүп башташты.

2019-жылдын августунда «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» «Сбербанк» менен биргеликте Орусиядан Кыргызстанга акча которууларды ишке ашыруу үчүн онлайн-сервисти ишке киргизүү тууралуу жарыялады.

«Биз 2018-жылдын аягында эле эмгек мигранттарынын Кыргызстанга акчаны кыйынчылыксыз жөнөтүүсүн шарттаган биргелешкен сервисти ишке киргизүү тууралуу «Сбербанк» ААКсы менен сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Алар бизди колдоого алды. Ошентип, биз «Сбербанк» өзүнүн которуулар экосистемасына кошкон КМШ өлкөлөрүндөгү биринчи банк болуп калдык»,- деди «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Аминат Гривцова.

Орусиядагы биздин мекендештерибиз бул акча которуулар сервисин колдонуп, өз баасын берип баштады. Бул кызмат көрсөтүү рынокто сунушталган тез которуулардан эмнеси менен айырмаланат?

«Сбербанк» жана «КЫРГЫЗСТАН банкы» өздөрүнүн мобилдик сервистерин интеграциялашты жана Орусия аймагындагы кардарлар, «Сбербанк Онлайн» тиркемеси бар «Сбербанк» карталарын кармоочулар, Кыргызстанга, «КЫРГЫЗСТАН банкынын» «MBank Online» сервисин колдонуучуларга акча которуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Бул сервистин артыкчылыктарынын жана ошол эле учурда эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнүн чечилишинин бири – бул «Сбербанк» аркылуу акча которуулар, эсеп ачпай туруп тез которуу системаларынан айырмаланып, үстүбүздөгү жылдын апрелинде Орусия тарабынан киргизилген эмгек мигранттарынын Кыргызстанга акча которуулары үчүн айына 100 миң рубль чектөөсүнө кирбейт. «Сбербанк Онлайн – MBank Online» системасы аркылуу күнүнө 50 миң рубль жөнөтүүгө болот, ошондо айына 1,5 миллион рубль которууга мүмкүн.


БУЛ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?

«Сбербанк Онлайн» тиркемесине киребиз, «Чет өлкөгө», «Чет өлкөлүк банк» бөлүмүн тандайбыз. Биринчилерден болуп «КЫРГЫЗСТАН банкы» чыгат, дал ошону басабыз.

Транзакцияны которууну аткаруу үчүн MBank Online сервисине кошулган алуучунун телефон номерин кадимки +996 ..... форматында киргизүү керек. Операция аткарылышы үчүн Кыргызстандагы алуучу «КЫРГЫЗСТАН банкынын» кардары болуп жана «MBank Online» сервисине кошулуусу керек.

Алуучу жөнүндө маалыматтарды текшергенден кийин терезе чыгат, ал жакка акча которуунун суммасын киргизүү керек, тиркеме акча которуу үчүн комиссиянын өлчөмүн автоматтык түрдө берет. Ал 1 пайызды, минималдуу сумма 30 рублду түзөт.

Акча которуу 30 секунд убакытты алат, акча автоматтык түрдө «MBank Online» сервисине кошулган «КЫРГЫЗСТАН банкынын» картасына түшөт. Башкача айтканда, алуучу эч кандай кошумча иш-аракеттерди жасабайт. Акчаны накталай алуунун дагы кыйынчылыгы жок. Акчаны «КЫРГЫЗСТАН банкынын» каалаган 212 банкоматынын биринен толук акысыз жана дагы көпчүлүк банкоматтан күнү-түнү алууга болот.

Суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою акча которуу өтө ыңгайлуу.

Дагы бир жагымдуу бонус – 2019-жылдын 1-ноябрынан баштап 2019-жылдын 30-декабрына чейин «Сбербанк Онлайн» тарабынан «MBank Online» сервисинен акча которууларды алгандардын баары Iphone 11 Pro телефонунун ээси болуу мүмкүнчүлүгүн алышат!

Акция тууралуу кененирээк сиз банктын www.cbk.kg сайтынан же банктын күнү-түнү иштеген байланыш борборунан сурап-биле аласыз.

Толук маалыматты төмөнкү номерлерден алсаңыз болот: 0312 61 33 33, 0556 61 33 33, 0701 33 33 69, 0770 33 33 69, 0770 33 33 69, www.cbk.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(1)
14.11.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо