ЖЕКЕ КИТЕПКАНАЛАРЫ БАР АТАКТУУЛАР

№889 14-20-ноябрь, 2019-ж.

Сиздин үйүңүздө канча китеп бар? Мүмкүн 30, 300 же 1000? Китептериңиз канчалык көп болсо да баары бир дүйнөгө таанымал айрым атактуулардын чогулткан китептеринин санына жетпейт. Алардын жеке китепканалары бар.

ЭРНЕСТ ХЕМИНГУЭЙ – 9000ден АШЫК КИТЕП

Америкалык жазуучу, журналист, "Нобель" сыйлыгынын ээси Эрнест Хемингуэйдин өмүр баянын изилдеген Дебре Моддельмог жана Сюзанне дель Жиззонун айтымына караганда, Хемингуэй узак убакытка кайда барбасын жыйнаган китептерин кошо ала жүрчү экен. Ошол кезде анын китеп коллекцияларынын арасында 150-200 жылдап сакталып келе жаткан китептер болгон.

МАЙКЛ ЖЕКСОН – 10 000ден АШЫК КИТЕП

Майкл Жексон китеп чогултууну жана окуганды жакшы көргөн. Ал кайтыш болгондон кийин Неверленддеги сарайында 10 000ден ашык китеп сакталган китепканасы калган. Китептердин арасында поэзия, философия, тарых, психология багытындагылары бар. Жексон афроамерикалык кулчулук жана атуулдук укукту коргоо кыймылы, Галилей, Альберт Эйнштейн, Микеланжело жана Эдисондун өмүр таржымалдарын, дин жана башка багыттагы китептерди окуган.

ЖОРЖ ЛУКАС – 27 000ден АШЫК КИТЕП

“Индиана Жонс” жана “Жылдыздар согушун” тарткан режиссёр жеке китепканасын адегенде Лос-Анжелестеги офисинде 1978-жылы түптөйт. Ошондон тарта китептерди чогултуп баштайт. Кеңсесине китептер батпай калганда атайын китепкана тургузуп, китептерин ошол жакка көчүрөт. Китептеринин саны 27 000ден ашат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
18.11.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо