Азиза Анарбаева, футболчу Гүлжигит Алыкуловдун апасы: “ГҮЛЖИГИТ КИЧИНЕСИНЕН ЭЛЕ ӨЖӨР”

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл

Айтылуу куудул, ыраматылык Жаныбек Алыкуловдун үй-бүлөсүнөн бүгүнкү күндө намыска жараган, бычакка сап уулдар өсүп жетилип турган убак. Ата жолун жолдоп маданият чөйрөсүндө Манас Алыкуловдун ысымы белгилүү. Ал эми кичүү уулу Гүлжигит Алыкулов учурда футбол боюнча Улуттук курамдын жарым коргоочусу, Беларустун “Неман” клубунда келишимдик негизде ойноп келет. Таланттуу балдардын таланттуу апасы Азиза Анарбаева менен баарлаштык.

“МАНАСТЫН АЗАБЫН КӨП ТАРТТЫМ”

– Мен өзүм 20 жашымда эне статусуна ээ болдум. Улуу балам Жанарбек 1990-жылы туулган, үч жылдан кийин Манас төрөлгөн. Ал эми кенжебиз Гүлжигит 2000-жылы туулган. Балдардын ымыркай кези эне үчүн бир чети кубаныч болсо, бир чети түйшүк. Айрыкча Манастын азабын көп тарттым. Тез-тез эле ооруй берчү. Азыркы күнгө чейин кээде кийингенине чейин кийлигишүүмө туура келет. Бир аз ооруп калса сүт кайнатып ичирип, дары-дармегин көзөмөлдөп карап турам. Өткөөл куракта да Манастын мүнөзүнүн өзгөргөнү мага башка балдарыма салыштырмалуу көбүрөөк байкалды. Баса, бир ирет 4-5 жаш курагында бир күнгө жоготуп да алганбыз. Элестетиңиз ошол күндөгү Жаныбек экөөбүздүн абалыбызды. Анда “Ош базарына” жакын жашачубуз, базар тарапка басып кетиптир. Эртеси күнү гана милициядан Манастын табылганын кабарлап чалышкан. Ал күндү эстесем азыр да коркуп кетем.

“ГҮЛЖИГИТ ШОКТОРДУН ШОГУ БОЛЧУ”

– Гүлжигит кичинекей кезинде аябай шок бала болду. Апам ыраматылык “9 бала төрөп чоңойттум, мындай шок баланы көргөн эмесмин” дечү. Кайда баспайын артымдан издеп таап барып калчу. Конокко барсак да жөн бармай жок. Ошол үйдүн балдарын ыйлатып, оюнчуктарын тартып алып дегендей. Көз ачып жумгуча эле таппай калчубуз. Алыска ойноп кеткенде артынан издеп эле жүрөр элек. Ошентип ойноп кетип бир ирет колун сындырып келген. Кошуналар Гүлжигиттен тажашчу. Кээде аялы-күйөөсү уктап жаткан бөлмөлөрүнө деле кирип кетчү экен. Кийин “Азиза эже кызык, баласын карабайбы” деп жаман көрчүбүз" деп айтып жатышпайбы.

“СПОРТ БАЛАНЫН АШЫП-ТАШКАН ЭНЕРГИЯСЫН ТУУРА БАГЫТТАЙТ ЭКЕН”

– Гүлжигит кичинесинде өзүнүкүн бербеген бала болчу. Такыр болбой калса башы менен дубал сүзүп, жер тепкилеп калар эле. Ошол ашып-ташкан энергиясын туура багытка буралы деп спорттук гимнастикага алып бардым. Андан соң Алексей Филатовдун бий студиясына жаздырдык. Бийден кийин самбо менен алектенип жүрдү. Бир күнү эле гезиттен кичинекей билдирүүнү кесип келиптир. Анда футболдук машыгуулар боюнча жарыя жазылган экен. Ошентип Манаска кошуп футболго жөнөттүк. Ошол күндөн баштап спорттун бул түрү Гүлжигит үчүн баарынан биринчи орунга чыкты.

“ГҮЛЖИГИТТИН ТАНДООСУН КОЛДОП ТҮРКИЯДА БИР ЖЫЛ ЖҮРДҮМ”

– Баланын дараметине, шыгына жараша эң биринчи колдоо ар дайым ата-эне тараптан болушу керек. Гүлжигитти мектепте жакшы окуду деп айта албайм. Бирок спортто ийгилик жаратып келет. Үйдө да бардык шартын түзүп бергенге аракет кылабыз. “Бутуңду сакта” деп кээ бир жумуштарга жумшабайбыз. Көңүлүн түшүрбөгөнгө аракет кылып, туура тамактануусуна шарт түзүп турабыз. Эртең мененки тамакка кечкиден калган жылытманы бере салмай жок, ал жумуртка, сыр, быштак жейт. Анталиядагы спорт академиясында окуп жүргөндө мен дагы бир жыл бою баламдын жанында жүрдүм. Эне катары ичим жылып сыймыктанып келе жатам.

Акыркы кездери Гүлжигит элдин назарына көп чыгууда. Кыргызстан Мьянма менен ойноп жатканда тойдо жүргөм. Досторум “сен кайда жүрөсүң? Алыкулов гол киргизди” деп чалып калышты. Өтө эмоционалдуу адаммын, кубанычымды жашыра албай төбөм көккө жетти. Андан кийин дагы Монголияга барып, ал жактан да гол киргизди. Япония, Тажикстан менен болгон оюндарды да ичимден тиленип, көрүп отурдум.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Манас кичинесинде токтоо, Гүлжигит шок болчу" дейт Алыкуловдордун апасы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
25.11.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Осо турган бала,аракетти кыла берсе ,биздин футболдун келечеги ушул бала деп билем
25.11.2019. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаныбек байкенин балдары жакшы чыгышты, азаматтар. Балаңдын кубанычы, жетишкендиги эне үчүн чоң сыймык.
25.11.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбек Алыкуловдун 2аялынын балдары ото ынтымактуу. Мыкты киши болгон экен.
25.11.2019. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыска маек болуп калыптыр. Ойдодогу мактанчак жылдыз сыяктууларга караганда жагымдуу маек экен.
25.11.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аттиң ушул кубанычтуу күндордү Жаныбек Алыкулов көрбөй кетти
25.11.2019. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аман болсун коз тийбесин.
26.11.2019. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атанын балдары, аман болгула
26.11.2019. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи экоо тен эле шок,тентек балдар эле. 42 мектептин атамандары. Гулжигиттин алиппе майрамына атасы укмуш концерт уюштурду эле Аттин ай
27.11.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигит Европада ойноп машыкса жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо