Адилет Азимов, ырчы: «ЫРЧЫ 2000 СОМГО ЫРДАБАШЫ КЕРЕК»

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл

Бул жолку коногубуз шайыр мүнөз, тамашакөй, ар бир ишти берилүү менен жасаган адам. Өнөрлүү адам бардык жагынан өнөрлүү болот эмеспи, каарманым мукам үндүн гана ээси болбостон ырдын текстин, обонун да жазат. Ырчы Адилет Азимов адаттагыдай ачык сүйлөп маек берди.

– Салам, Адилет! Жакында концерт бергени камданып калыптырсың. Угармандарыңды эмне менен кубантасың?

– Салам. Буга чейин Кара-Балтада концерт бергем. Бишкекте алгачкы жолу уюштуруп жатам. Борбордо болуп көрбөгөндөй шоу-концерт өткөрүү менин бала чактан берки кыялым. Пландарым ишке ашса, буюрса, кызыктуу концерт болот.

– Жакшы. Жаңы таланттарың ачылып, обон жаза баштаганыңды да айттың...

– Мен дайыма обон жазуу тууралуу ойлончумун. «Бул нерсе менин колумдан келеби, обончулар кантип иштешет болду экен?» деп кызыга берчүмүн. Бир күнү кечинде үйгө барсам, атам мен жаткан бөлмөгө синтезаторун коюп коюптур. Ата-энем маданият кызматкерлери да. Анан аны карап жатып уктай албай койдум. Ойногум келди. Ойноп жатып, эргүү келип, чыгарма жаралып калды. Ошентип Кудайдын буйругу менен «Сага» аттуу ырымдын обону жаралды. Сөзүн продюсерим Зарина Кыдыралиева жазды. Буга чейин да обон жазууга аракет кылып, «Эркеле мага» аттуу ырымдын обонун Рамис Алиев экөөбүз жазганбыз.

– Өркүнүң өсө берсин! «Ырчыларга чындыкты айтып алып урушуп кетем, мени шоу-бизнестегилер жактырышпайт» деп жүрөсүң. Кандай сындарды айтасың?

– Ырдай албайсың, үнүң жок, башка эле иш кылбайсыңбы деп айтып алып жаман көрүнүп калам. Ал ырчылардын аттарын айтып анчалык төмөн түшкүм келбейт. Аларга минтип айтканга укугум жок экенин билем. Эми мен ушундай адаммын, бетке айтам.

– Бетке айтам деп жатып баарын таарынтып алган жоксуңбу? Ырчылар менен мамилең кандай?

– Мамилем түз эместери бар. Бирок көпчүлүгү менен жакшы мамиледемин. Арасында мен сыйлаган таланттуу ырчылар да бар. Мурда «баланча ырдай албайт, баланча жакпайт» деп аттарын да айтып салчумун. Анда жаш болчу экенмин. Азыр айтпай калдым. Анткени алар да аракет кылып жатышат, күйөрмандары бар. Азыр бир нерсе жакпаса унчукпай күлүп койгонду үйрөнүп жатам. Жакпаган нерсе тууралуу оюмду айта бербешим керек экен. Баарына бетке айтуу жакпайт тура. Бирок мага жасалма болгон жакпайт. Ушундай мүнөзүм үчүн мени керсейген бала деп ойлогондор бар. Бирок жакындан таанып, сүйлөшкөндөн кийин «жөнөкөй, «ништяк» бала турбайсыңбы» дешет (күлүп).

– Бирок сен сындап жаткан ырчылар сага караганда популярдуу болушу мүмкүн да...

– Ооба. Ал ырыскыдан экен. Балким, бир күнү мага да ырыскы келеттир. Дагы бир нерсени айта кетейин, кыргыз эли гана эмес, жалпы дүйнө эли 2 же 3 аккорддон түзүлгөн жеңил ырларды бат кабыл алат. Ошондой ырлар бат хит болуп жатат. Менин жүрөгүмдө 3 эле аккорд жашабайт, көп аккорддор бар. Ырларым бир аз оор болгону үчүн баары хит эмес. Мага оор басырыктуу ырлар жагат.

– Жеңил ырларды ырдабайм дегиң келип жатабы?

– Жок. Мен да айла жоктон тойго ылайыктап жеңил-желпи ырларды жаздырам. Анткени биз каражатты тойдон табабыз. Бирок жан дүйнөм аны каалабайт. Жан дүйнөм чыгармачылыкты самайт. Бизде чыгармачылык жок болуп жатат. Жалаң чыгармачылыкка багыт алып иштесек, маданиятыбыз өсмөк. Чет өлкөлүк ырчылар келгенде концертине көп эл чогулуп жатпайбы. Себеби аларды эл тойлордон көрбөйт да. Бизди тойдон көрүп алышат. Тойлорго көп чыкпай, элди сагындырып, чыгармачылыкка багыт алып, чыныгы музыка менен иштөөгө басым жасасак, эл концерттерге келмек.

– "2000 сомго ырдаган ырчылар жалпы ырчылардын кадырын түшүрүп жатат" деп айтканыңды окуп калдым. Эмнеге минтип ойлойсуң?

– Ырчы тойдо 2 миң сомго ырдабашы керек. Муну менен ал ырчы өзүн 2 миң сомго гана баалап жатпайбы. Мен өзүмдү 2 миңге баалабайм. 200 доллардан өйдө, жок дегенде 100 долларга ырдашы керек. 2 миңди алгандан көрө соопчулук үчүн бекер ырдаган жакшы деп ойлойм. Таанымал эле ырчылардын 800, 1500 сомго ырдаганын угуп таң калгам.

– Сени чыгармачылыкта эң бийик кайсы тепкичтен көрө алабыз?

– Буюрса, Орусиянын «Биринчи каналы» уюштурган «Голос» теледолбоорунан, «Юрмала», «Славян базары» сынактарын жеңгенден кийин гана сынактарды жыйыштырам. Эми Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Орусияда популярдуу болууга аракет кылам. Жакында 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнүндө мага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарышты. Эми алдыда Эл артисти наамын алганга аракет кылам. Ушундай кыялдарым бар.

– Тилегиңе жет! Кыздар тууралуу сүйлөшпөсөк болбос, кандай кыздар жагат?

– Чачы, кашы кара өзүбүздүн кыргыз кыздары жагат. Бирок кыздын сырткы сулуулугуна жүрөгүнүн сулуулугу төп келиши керек. Эң негизгиси, ал кыз менин ата-энемди сыйлашы керек. Кыялымдагы кызга азырынча жолуга элекмин.

– Буга чейин сүйүп көргөнсүң да?

– Эки жолу катуу сүйүүгө кабылгам. 18 жашымда бир кызды сүйдүм. 2 жылдан ашык сүйлөшүп, үйлөнөйүн деген чечимге келгем. Ата-энем менен тааныштырам десем, кыз коркуп кеттиби же андайга даяр эмес болдубу, же мени анчалык катуу сүйгөн жокпу, күтүлбөгөн окуя болду. Гүл көтөрүп алып үйүнө барсам, чыкпай койду. Жиним келип, гүлдү подъездге ыргытып, тебелеп кетип калгам. Андан кол үзгөндөн кийин жаман болуп жүрдүм. Жарым жылдан кийин гана өзүмө келгем. Кийин ойлосом, ал кыз мага окшоп катуу сүйгөн эмес экен. Негедир кыздарды берилип катуу сүйсөң, алар, тескерисинче, сени сүйбөй башташат. Кызды азыраак сүйсөң, ал сени катуу сүйөт экен. 2 жылдан кийин кайрадан көңүлүмө жаккан бир кызды кезиктирдим. Кайра баягы сценарий кайталанды. Кайрадан ошол жолду бастым. Маңдайыма ушундай жазылган окшойт. Азыр жүрөгүм бош. Бирок мамиле кургандан коркуп калгам. Кыздарга ишенбейм.

– «Азыркы мырзалар мурдагыдай чыныгы эркектик сапаттарга ээ эмес» деген сөздөрдү сен да кыздардан көп угуп калсаң керек. Чыныгы мырза кандай болушу керек, сенин оюңча?

– Азыркы жигиттер кыздардын кандай шартта жашаганына, кайсы жерде иштегенине, байлыгына карап мамиле кылып калышкан окшойт. Ушул тууралуу сүйлөшкөн мырзаларды угуп калып жатам. Бул туура эмес. Кызга баштан-аяк эркек кам көрүшү керек. Жадакалса кыздынтырмагына маникюрду да эркек жасатып бериши керек. Эркек жанында жүргөн сүйгөн адамына, анын үстүнө алсыз, назик жандарга кантип атаандашат, түшүнбөйм. Жүк ташуучу болуп иштесе да үйдө акчаны эркек табышы керек.

– Сени ачык-айрым деп сыпатташат. Маектешип жатып мага да ошондой сезилдиң...

– Дардаңдаганымды, эркелигимди болушунча көрсөтүп салдым окшойт. Мен бардык адамдарды өзүмдөй ойлоп, жакын кабыл алып алам. Жакын адамдарыма мындан да катуу эркелейм.

– Эркелете тургандар бар болушсун. Ишиңе ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Адилет Азимов: "Ырчы 2000 сомго ырдабашы керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(38)
25.11.2019. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ырчылардын кимиси болсо деле"болуп корбогондой шоу-концерт откором" дей беришет. Анан Толиктен угуп калабыз"андай болду,мындай болду" деп
25.11.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошол 2минди бере алаганы бар, бере албаганы бар. Ото эле которулуп коюптурго бул жигит..
25.11.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
2 минге ырдаган жопжонокой ырчы той ээсине чон жакшылык кылып кетет го дейм, сага окшоп 200 доллар деп отурбай, сени тойго чакырбай койсо эле башкалар 2 минге ырдап калыптыр дей бер.
25.11.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жанагы "балп" этме бала да. Орусияга барып кызды биринчи коргонсуп, "Силердин кыздар маданияттуу экен, бизден мындай корбодум" деп кыргыз кыздарын чанып бир суйлогон, сон кечирим да сурап улгургон. Дагы кечирим сурайт окшойт бир болсо, бул сапар ырчылардан. Ой, "Айла джоктон той ырларын жаздырам" дебей жургузо бер да чыгармачылыгынды,"- деген киши жок, ой тообо))) Ушинтип деле суйлосо боло берет экен да))) Эл менен ырчы да, саламга келип койсо бели сынып ка
25.11.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aijan, бели сынып калчудай тимеле коколойт го, коколойт)))
25.11.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aijan,Бул башка бала анын аты Бакыт болчу примитивный деп алып кечирим сураган.
25.11.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эки мин эмес эки сомго зар болуп калба бир куну.
25.11.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мындай интервью куткон эмес элем сенден. Эми хейтерлерин кобойду, куттуктайм!
25.11.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кто он?
25.11.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул бала жактурчу элем болпойгон деп. Корсо охоо жерде экен да. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-25 12:53:50
25.11.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата-энеси менен чогуу учоо ырлашат 5000сомго...Анан кайдагы 200$?Андан коро иштебейби? Атабеков,Нурлан Насип,Абдыразаков ар бир ыры хит болот.Анткени алар уйундо студия ачып,туну-куну иштешет.Ошол 200$ эл чакыра тургандай ырларды жаратышат.
25.11.2019. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул бала негизи ушундай кыйынсына беретго озун звезда сезип,ырлары деле жакшы эмес,ХХХХ бир неме да бул
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-25 15:36:59
25.11.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле 2000 ырдабаш кк деген жери гана жакпады!
А так ийгилик.
Туура айтыптыр коп эле жерлерин
25.11.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айла жоктон жаздырам женил-желпи ырларды дейтго бироо муну мажбурлагандай.мен муну бекер ырдайм деседа чакырмак эмесмин тойго
25.11.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен ошол 2000 ди сага берип тойго чакырбайт болчум. Сенин үч минуттан эки ырына 2000 бергенче балдарыма керектуу нерсе алып бергеним жакшы. Он минутта силер 2000 таап ошого дагы шүгүр кылбай жатсанар кээ бири ал акчага он он беш күн иштегендер бар
25.11.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соопчлук кыл андан коро . Ошондо баарына бекер ырдап бер денгеним, жакшы оюн бар экен. Озун айттын бул созду. Талант акчага бааланбайт, эл баалайт. Ар бир ырынарды эл суйсо , озу эле баалап алат.
25.11.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушу бала опкода,мен 2000 алыш учун Москвада 14 саат тикеден тике туруп иштейм,башка адамдар 200 сомгода иштейт ошо мн жашайт,алды арканы карап суйло,2сомгода зар болуп калба
SUPER.KG видео
25.11.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000 сом берип ушул жигитти чакырбайм. Андан коро 200$ берип Мирбекти чакырмакмын.
25.11.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жандуу ырдаганда 2 мин доллар дечу экенсин,дагы фонограмма мн кыйшандап кеткенине 2мин берген кыргыз элине рахматыны айтсанчы !!!
25.11.2019. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн башкысы сени эл тааныбаса 200сомго да чакырбайт,эптеп тамадалар менен суйлошуп барасынар да.
25.11.2019. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким бул алооо
25.11.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
5 мин айлыка иштеген медсестралар бар.10минутук фонограмманы......Кудайдан корксонор ээ кичине.
26.11.2019. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айла жоктон жазылган ырларга 2000 сом да коптук кылат.Озуно окшоп кулуп койдум
26.11.2019. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага жагат иши кылып... Дарак ырында ушул бала ырдаган ... Уну сонун...
26.11.2019. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Айдай жамалынды-иттей кыялын бузат- дегендей жакшынакай талантын керсейген мунозу жууп кетчудой го. Ой жугуртуусун ондоп, мунозун тарбиялаш керек экен. Кереметтуу аппак Ала-Тоо. Суйуу кечи деп ырдайт ээ. Калыс соз менен айтканда таланттуу бала! Созумо кошулбасанар ырларын угуп коргуло.
26.11.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен мисалы сени бекер ырдап берем десен дагы чакырбайт элем. Алла Тааланын журуп турган кунундо ооз кесир суйлобосончу. Сенден мыкты нечендеген ырчылар коколобой эле жер менен басып журушот. Алдыга койгон максаттарын бийик экендиги албетте жакшы, бирок мен эле мен дей берген арты жакшы болбойт, андайлардын далайын коргонбуз. Озун мактагандан олгончо кач дейт. Пока кеч болуп кала электе жерге туш иничек.
27.11.2019. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чынын эле айтты да.Ыралары сонун мага жагат.Тарс-,тарс жургон жигит
27.11.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлогом бул жигитти ото зынкыйган жигит болсо керек деп мынча ХХХХ жанагы ой мамочки деген кыздарга окшоп
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-27 14:13:06
SUPER.KG видео
28.11.2019. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинде кири жок да. Дардаңдап дагы балп этип сүйлөп алды...) 2000 сом дегегинен башка айтканы баары эле жакшы. Ийгилик каалайм. Концертин ийгиликтүү өткөрүп алсын...
28.11.2019. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Энрике Иглесиастай болуп суротко тушот го, ХХХХХ )))))
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-28 14:39:01
28.11.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ бала экен. Эл ошол 2000ди оной тапканы бар, кыйналып тапканы бар. Мынча сомго ырдаса уят дегени, бул баланын тушунугу томондугу. Эл колунан канча келсе, ошончо берет. Ырчылар да ар турдуу, тушунуктуу ырчылар бергенине ыраазы болуп эле чын журоктон ырдап берет. Коопсунор силер, силерге салык салып желинерди чыгарганда жерге тушчудойсунор го?!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-29 10:00:27
28.11.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ куйрцгуна чапса чан чыкбайт дагы эки минге ырдабаш керек дейт сендей ой жугурткондор алыска барчу эмес эле
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-29 10:33:31
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо