Гүланда: “БЫЛТЫР КАЙНЕНЕ БОЛГОМ, ЖАКЫНДА НЕБЕРЕЛҮҮ БОЛОМ”

№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл

Ырчы Гүланда менен кенен отуруп маек кура элегибизге көп болуптур. Андан бери ырчынын жашоосунда бир топ өзгөрүүлөр болуп, былтыр келин алып, жакында чоң эне болууга камынып жүргөнүн айтып берди.

– Саламатсызбы, Гүланда? Алгач кепти чыгармачылыктагы жасалып жаткан эмгектериңиз тууралуу баштасак деп турам.

– Саламатсыздарбы? Чыгармачылыктын үстүндө иштеп жаткан адамда дайыма жаңы ыр, жаңы клип, жаңы костюм деген жаңылыктар болот эмеспи. Мындан 5-6 жыл мурда балдарым жаш болуп, анын үстүнө үй куруп жаткан мезгилдерде ырчылык бир аз убакытка токтоп калган эле. Бирок акыркы 2-3 жылдан бери жакшы иштеп жатам десем болот. Быйылкы жылдын эсебинен элге 3-4 клип тартууладым. Мындан 2 ай мурун эле Бек Борбиев агабыздын “Издеп жүрөм” деген ырына клип тарттыргам. Азыркы учурда болсо чыгыш стилиндеги “Сыйкырланган сүйүү” деген ырдын үстүндө иштеп жатам.

– Балдарыңыз бир аз чоңоюп, өз алдынча боло башташкан экен да.

– Ооба, Кудайга шүгүр. Кызыбыз Раяна 3-класста, уулубуз Молдомуса 1-класста окуп жатышат. Мурда үйүбүз шаардын сыртында болуп балдар мектепке бара баштаганда аларды ташып жүрүп кыйналдык. Эртең менен саат 7 жарымга мектепке барып калыш үчүн таңга маал 5те турушубуз керек эле. Кышкысын жол тыгындарын эске алганда бир жарым саат эрте үйдөн чыгыш керек. Кайра 2-3 сааттан кийин баланы мектептен алып кетиш керек. Айтор, көп эле ыңгайсыздык жаралды. Акыры Айбек экөөбүз кеңешип, балдардын мектебинин жанынан 3 бөлмөлүү үй сатып алганбыз. Азыр ошол жерде жашап жатабыз. Бул балага да, ата-энеге да көп жеңилдик берет экен.

– Балдар татыктуу билим алышы үчүн кандай мектепте окушу керек деп ойлойсуз?

– Балаң мектеп босогосун аттаар жылы кадимкидей түйшөлүп, ойлонот экенсиң. Алгач түрк лицейине токтолуп, жайкы каникул убагында документтерди топтоп тапшырып койдук. Андан кийин кытай тилин тереңдетип окуткан мектеп тууралуу жакшы маалыматтарды угуп, ошол жакка которуп алганбыз. Жарым жылдан кийин кайра №9 мектеп-гимназиясына окутуп койдук. Бул деле жеңилдик берген жок. Ошол эле түйшүк. Апам болсо “Кызым, сен деле айылдан бүтүп келдиң эле, Кудайга шүгүр, оокатыңды кылып жатасың. Жашаган жериңдеги эле мектепке берип койчу. Баланы да, өзүңдү да кыйнабай” деп урушат. Ага мен болбойм. Анан акыры №29 мектеп-гимназиясына токтолдук. Учурда уул-кызыбыз ошол жакта окуп жатат. Үйдөн чыкса 3 мүнөттүк гана жол. Азыр балдар ар тараптуу өнүксө экен деп ар кандай ийримдерге ташып жүргөн убагым.

– Бир кезде бала бакча ачып иштетип жаттыңыз эле?

– Ооба, чоң үйүбүздү куруп бүткөндөн кийин ал үйдү бала бакча катары иштеткен элем. Анан жогоруда айткандай, балдар окуп калган кезде өзүм бошой албай калдым. Башка адамга ишенүү деген сапат менде жок. Ошончо баланы ата-энеси мага ишенип тапшырып жаткандан кийин өзүм башында турушум керек, башкача болушу мүмкүн эмес эле. Акыры ал ишмердигимди токтотууга туура келди. Үйүбүздү да сатыкка койгонбуз, сатылды деп айтсам да болот. Өзүң жашап, үйдү карабасаң, карай турган ээсине бериш керек экен.

– Бала бакча жабылган болсо, ишкерлик менен алектенип көнүп калган айым тынч отура албаса керек.

– Туура. Мен жаным тынбаган адаммын. Бир иш менен алектенип турбасам болбойт. Дагы бир кирешелүү бизнести көздөй бет алгам. Учурда кызуу эмгектенип жүргөн убагым.

– Жогоруда айтылгандардын баарына жетишип, анан албетте, кечкисин той-топурга барып кызмат кылуу керек экени айтпаса да маалым. Убакыт маселесин кандай чечесиз?

– Ар күнү жасала турган иштеримди жазып, күнүмдүк план түзөм. Ошол тизмедеги иштердин баарын аткарганга аракет кылам. Кээде жетишпей калганда жардамчыларды чакырууга туура келет. Анын үстүнө азыр колум узарып келиндүү да болуп калдым. Телефон чалып “Жанара, келе кал” деп чакыра коём. Жетишпей жатсам үйүмдү жыйнап, тамагымды бышырып коёт. Эне-бала болуп ээрчишип тойлорго барабыз.

– Айбек байкенин улуу балдары менен да жакшы катышып турат өңдөнөсүздөр.

– Ооба, катышып турабыз, албетте. Балдардын баары биз менен. Мына былтыр Айбектин тун баласы Кутманды үйлөнтүп, чоң той берип элден бата алдык. Буюрса, жакында небере жытын жыттап чоң ата-чоң эне болобуз деп турган чагыбыз. Келиним менин эң жакын жардамчым. Колума кол, бутума бут болуп ар дайым жардамын аябай апалап турат. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөндө Кутман мага келип кеңеш сураганда “эч коркпой ушул кызга үйлөнө бер” дегем. Андан кийинки Аруузат менен Шерзат дагы биздин колубузда. Бардык жактан камсыздап турабыз. Менин балдарым менен бир туугандык мамилелери да абдан жакшы. Мисалы, кичүү балабызды футбол ийримине алып барып, алып келүү улуу байкесинин моюнунда.

– Үй-бүлөдө мындай ынтымакты кармап туруу үчүн аялзатынан көп аракет талап кылынса керек?

– Албетте, жаныңдагы жакын адамыңа жагымдуу нерселерди жасагың келет да. Балдар менен мамилем жакшы. Алар кандай ойлошот билбейм деңизчи, бирок колумдан келишинче көңүлдөрүн оорутуп албасам экен деп аяр мамиле кылганга аракет кылам. Бала менде деле бар, аларга эч кандай катуу мамиле кылбайм. Өзүмдүн балдарыма арзан нерсе сатып берсем да, Аруузат менен Шерзатка андай кыла албайм. Өздөрүнө тандатып сатып берем. Улуусу 9-класста, кичүүсү 7-класста окуйт. Баарын түшүнүп калышты.

– Айбек байке үй-бүлөдөгү ынтымак үчүн сизге ыраазы болуп отурса керек?

– Ооба. Кутманды үйлөнтүп той бердик дебедимби. Тойдун этегинде Айбек сүйлөп жатып, мага ыраазычылыгын билдирип бир аз жашып да кетти. Аны угуп конокторубуз да жашыптыр. Демек, жолдошумду ыраазы кылып жатканым үчүн жүрөгүнөн ушундай жылуу сөздөр чыгып жатат да. Үйдөн бул темада көп деле сүйлөшпөйбүз. “Сенин балаң” деген сөздү айтпайм. Баарына эне катары бакыт тилеп гана турам. Баарына Кудайга шүгүр.

– Сиз го жолдошуңуздун көңүлүн болушунча алып турат экенсиз. Мунун жообу барбы?

– Албетте, бирге түтүн булатып, бир бүтүн болуп жашап жаткандан кийин эки жуп бири-биринин көңүлүн карап жашашы керек деп ойлойм. Анткен менен талап коюп, бирөөдөн бир нерсе күтүп жашаганды жаман көрөм. Өз күчүм менен кумурскадай тынбай иштегенди жактырам. Ошентсе да Айбек көңүлүмдү алып турганга аракет кылат. Майрамдарда белексиз калтырбайт. Суранычымды сөзсүз аткарат. Керектүү учурда мени менен кеңешет. Анан жыл сайын чет мамлекеттерге эс алууга алып барып келет. Быйыл бешинчи жолу эс алууга барып келели деп пландап жатабыз.

– Кайсы мамлекетти багыттап турасыздар?

– Мальдив же болбосо Бали аралдарынын бирине барып келели деп жатабыз.

– Пландарыңыз ишке аша берсин. Маегиңизге рахмат!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Гүланда: "Былтыр кайнене болгом, жакында чоң эне болом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
25.11.2019. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баягы эле мактанган маектердин бири болуптур. Мен,мен,мен деп тошун каккан. Биринчи суротто тошу почти корунуп калыптыр
25.11.2019. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
katerina.li, Зато койногу сонун экен.
25.11.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо биринчи аялы не болгон?
25.11.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Altynbekova.01,айбек деген ырчы бир эле аял эмес,беш алтоону алып жиберген неме болуш керек.
25.11.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Короче бир мактанып алайын унутулуп кете электе деп,баары жакшы баары сонун деп чыгыптыр,мейли эми ошондой эле болсун!
25.11.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошондо Гуланда к.энеси мн мамилеси кандай болукен? Айбектин апасы нааразы болуп чыктылего?..
26.11.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,огой кайын энеси мн жакшы, Айбекти ошол чонойткон
25.11.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гуланда жакшынакай экен да.
25.11.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
iryi1,глаза злые у неё
25.11.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баланын апасы жок бекен эмнеге Гуланда жоолук салат тушунбодум
25.11.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Zamkojan,куйоосу Айбек каттатырбайт окшойт,бир кезде озунун апасын олло жамандап чыкты эле ушу суперге,анан каяктан мурунку аялына жакшылык кылсын
25.11.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
4-аялы.Жаны ыр жаздырбайбы?Даяр эски ырларды Эле ырдап журот.Жаны кирешелуу бизнес дегени кийим сатат экен.Жакшы ырдайт,бирок ото мактанчаак
25.11.2019. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин балам, озумдун балдарыма арзан нерсе сатып берем тигилерге озуно тандатам - деген саптар маектеринин арасында журот, бул огойлойт экен балдарын. Берген маегинен эле билинип калды балдар менен кандай мамиле кылаарын
25.11.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Apyn8793,тигилерге дебептирго,кобуртуп жабыртпачы
25.11.2019. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
katerina.li, чон кыз туура аякта жазылган эмес, мен эми жалпылап айттым да, мааниси бир да ))).
Анан урушпанызчы мени))
27.11.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Apyn8793,суроо озу ошол жоопко ылайык берилип жатпайбы,жакшылап конул коюп окусанар.
25.11.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Гуланда азаматсынар! Ар дайым жакшылыктарда ушинтип жаркырап, супсулуу болуп журо бергиле!
25.11.2019. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ichin kuiso tash jala dep aitat elem kommentariy jazkandarga ,
Gulanda maga ayabai jagat molodes ulanta ber ushundai temp menen ookat kilam degen kiz eken aibekti siylap
25.11.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ырчы деп аты аталып тургандан кийин ырлары менен мактанышпайт,куйоом укмуш,огой балдарыма укмуш мамиле кылам,анан эс алууга барам деп эле.
25.11.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулянда азаматсын. Баарынын эле колунан келе бербейт, тушунсонор ... Бирок, менде суроо? Тун баласы уйлонгондо, ошол баласы озунун энесин неге чакырып, жоолук салдырбады экен?... Ичи орттонгон чыгаар
26.11.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
AiperiO,душманга да каалабайм мындайды.
25.11.2019. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Озунун энесинин колунда жок болсо Атан жардам берет барагой деди да байкуш ичинен кан оттуп. Кимдин эле тун уулунун келинине жоолук салгысы келбесин.
25.11.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аялы катары жакшы аял,бирок бироонун семьясын бузганы жакпады.
26.11.2019. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Диван эксперттер укмушсунар ээ?! Огой бала эмес оз баласына жетиштуу мээрим берип, камсыздай албагандар миндеп, миллиондоп саналат. Балдарын окутуп, кийинтип атса ал тургай бир башын эки кылып энелик милдетин аткарып жатса азамат экен Гуланда. Меенетиниздин узурун корунуз. Уй булоолук бакыт каалайм!
26.11.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбектин балдарынын аты башкача элего
26.11.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бактылуу болгула,бирок абдан ХХХХ келин экени козунон эле билинип турат. Негизи аял кыйтыр болуш керек,ошондо турмушуна тын болот. Ашыкча кыйтыр, куу болсо оз башына муш болот. Бирок ашыкча эле мактанып мен.мен деп салыптыр. Озунун апасы ак жоолук салбай, келинге эмне огой апасы жоолу салды? тушунбодум менда.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-26 14:25:13
27.11.2019. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы замандагы эң мыкты аял жана баа жеткиз.
Мындай зайыпты түшүңөн да тапайсың. Кандай гана бактылуу Айбек. Кыргыз зайыптарынын лидери. Бах баракелде бар бол.
27.11.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бала тапкандыкы эмес баккандыкы деп айтышат. Айбек менен Гүланда балдарды багып жатса, баланын апасына жоолук салдырып коюп карап турмак беле?! Баардык эле жерде баланы ким бакса ошол салат келинге жоолук.
28.11.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ноокатта да Медер деген баласы бар го, аны неге балдарынын арасына кошушпайт?
28.11.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kana-ara-fi,айбек коп аял алган,ошон учун бул жакта эл тушунбой жата,балдарынын аты болок элего,тигил жакта баласы,бул жакта баласы бар элего деп
30.11.2019. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасын жамандап чыккан Айбек аман болсун
01.12.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жузу жарык аял экен. Бактылуу болгула, коп жашагыла. Неберелеринер коп болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо