№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл
Ырчы Салтанат Аширова учурда Казакстандын “Хабар” телеканалынан көрсөтүлүп жаткан эл аралык “Топ жарган” вокалдык шоу-сынагына катышууда. Долбоорго тандоо туру аяктап калганда уюштуруучулардын атайын чакыруусу менен барган Аширова учурда 4 финалисттин бири. Шоу-сынактын шарттары боюнча финалисттер биринчи чыгарылышта эле тандалып алынат. Кийинки берүүлөрдө өз ордун сактап калуу үчүн күрөшүшөт. Калыстардын сынынан өткөн жаңы бир катышуучу келип 4 финалисттин бирин вокалдык таймашка чакырат. Бул ат салышуудан кийин катышуучулардын тагдырын залдагы көрүүчүлөрдүн добуштары чечет. Көбүрөөк добуш топтогону шоу-программада финалист катары кийинки берүүлөргө чыгат.
– Акыркы жыйынтык декабрь айында, Жаңы жылга аз калганда көрсөтүлөт. Азыр төрт финалисттин биримин. Учурда Нур-Султан шаарында жүрөм. Мага бул долбоор аябай жакты. Казакстандын чыгармачыл чөйрөсүнөн Роза Рымбаева өңдүү таланттуу инсандар менен тааныштым,- дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |