ЭРКЕКТЕРДИН ТУКУМСУЗДУГУ

№184 12-18 май, 2006-ж.

Дени сак, төшөк оюнунда кышта кирген буурадай эркектин бир күндө эле тукумсуз болуп табылышы ишене турган көрүнүш эмес. Антсе да мындай окуялар көп кездешет. Себеби, кептин баары эркектин сексуалдуулугунда эмес, уруктугунун саны менен сапатында. Эркек балакатка жеткенден тартып анын организминде ар секунд сайын миңден аш­ык сперматозоиддер иштелип чыгып турат. Мунун баары сперматозоиддердин эң күлүгү аялдын жумурткасына биринчилерден болуп жетип, аны уруктандыруу үчүн жасалган аракет. Антсе да оору түрлөрү, жагымсыз факторлор бул процессти бүлгүнгө учуратат. Натыйжада, эркектин тукумсуздугу жаралат.

Тукумсуздуктун себептери

Тукумсуздук баштапкы жана кийин пайда болгон тукумсуздук болуп эки түргө бөлүнөт.
Баштапкы – жыныс органдарынын өсүү­­­сүн­дөгү аномалиялар. Мисалы, жумурткадагы сперматозоид чыгаруучу клеткалардын өөр­чү­бөй калышы.
Кийин пайда болгон тукумсуздук. Буга төмөнкүлөр себеп болот:
Варикоцеле – жумуртка жана урук кал­­тасындагы урук каналынын венасынын кеңейип кетиши. Вена кеңейгенде жумурткадагы температура көтө­рү­лүп, сперматозоиддерди зыянга учуратат.
Крипторхизм – эркектин урук безинин урук калтасында болбой калышы. Мындай учурда урук бези урук каналында же ич көң­дөй­дө жайгашып калат да, дененин жылуулугунун айынан спер­малар зыян тартат. Ал эми урук калтасынын температурасы дененин температурасынан төмө­нү­рөөк болуп, уруктун зыянга учуроосунан сактап турат.
Жыныстык жактан жугуучу жугуштуу оорулар. Орчундуулары: гонорея, сифилис, хламидиоз, трихомониоз оорулары.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
21.11.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун эркектин спермасы бат эле тушуп калат секс учурунда.
канткенде коп убакыт аялынды кумарга батыра аласын?
26.06.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы, Менин да спермам тез тезден тузуп турат тактап айтканда 2кундо бир кобунчо уктап жатканда тушуп калат аны кийин гана байкам бул эмнеден болот? мен да кийин тукумсуз болуп калбаймбы? Эрнис 21-жаш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо