№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Тони Фергюсон менен 2020-жылы 18-апрелде беттешери маалым болду. Бул маалыматты UFC`нин президенти Дана Уайт тастыктап, беттеш Бруклинде болорун кошумчалаган. Ал эми Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз өзүнүн социалдык баракчасына «Чемпион Тони Фергюсон менен беттешке келишим түздү. Бул адам көптөн бери муштум жегенди каалап жүргөн, эми ал буга татыктуу. Бүркүт 18-апрелде дагы бир жолу Бруклинге конот. Бул күйөрмандар үчүн» деген билдирүү калтырган.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши ар кандай себептер менен 4 жолу ишке ашпай калган. Эми 5-аракет ишке ашабы, убакыт көрсөтөт.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |