Ильгиз Абдалиев: “ЭКИНЧИ ИРЕТ ЖОЛУККАНДА ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮҮ СУНУШУН КИРГИЗДИМ”

№891 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.

“Сулуу кыз”, “Саманчынын жолу”, “Жүрөгүм” аттуу ырларын элдин жүрөгүнө жеткире аткарган ырчы Ильгиз Абдалиев үйлөндү. Ырчы жеке турмушундагы жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшүп төмөнкүлөргө токтолду:

– Жубайымдын аты Назима, жакында 19 жашка толот. Учурда студент. Экөөбүз таанышкан күнү эле аны жубайым катары көрө алдым. Экинчи ирет жолукканыбызда үйлөнүү сунушун киргизип, дароо эле “өз оюңду тартынбай айт” дедим. Бир чети жаштыгынан чочулап тургам. Бирок Назима “макул” деген жообун бергенде аябай кубандым. 3 айга чукул кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.

Баарынан да Назиманын ата-энесине үйлөнүү тууралуу чечимибизди айтуу кыйын болду. Экөөбүздүн жаш айырмабыз 11 жыл. Ошентсе да жубайым жаштыгына карабай, анча-мынча өзүнөн улуу келиндерге караганда бир топ эле тың экен. Учурда ата-энеме кызмат кылып “чайкадай” эле шуулдап чуркап жүрөт. Айылдан эч кандай ысырапкорчулуксуз, чакан той берип, элдин батасын алдык. Буюрса, Бишкекке барганда жалаң досторубузду чогултуп чакан той берели деп жатабыз.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
02.12.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи аялынды аябай мактагансынго, ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-02 14:33:27
02.12.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tina.kg, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
05.12.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina.kg, ии бул экинчи аялыбы жап жаш болуп 2 аял болун эмне кереги бар эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо