АВАЗ АКИМОВ МЕНЕН АЙДАНА ДЕКА АК ӨРГӨӨЛҮҮ БОЛУШТУ

№892 5-11 декабрь, 2019-жыл

Жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Дека ак өргөөлүү болушту. Жагымдуу жаңылыгы тууралуу Айдана Дека айтып берди:

– Аваз экөөбүз баш кошкондон бери батирди ижарага алып жашап жатканбыз. Анан “наристебиз төрөлгөнгө чейин өзүбүз үйлүү болуп калсак экен” деп ниеттенип жүргөнбүз. Аваз акча чогултуп, жайында Бишкектен 2 бөлмөлүү батир сатып алдык. Каражат жагынан жардам берген жокмун. Үйдү жасалгалоодо, эмеректерди тандоодо гана жардам бердим. Оңдоп-түзөө иштери ноябрь айында бүттү. Буюрса, үйгө кирип жашап жатабыз. Үйдүн ичин жасалгалоодо Аваз экөөбүздүн табитибиз туура келди. Экөөбүз тең ак түстү жактырат экенбиз.

Мындан тышкары жакында эле түгөйлөр кыздуу болорун жарыялашты. Бул кубанычтуу кабар тууралуу ырчы буларга токтолду.

– Мен УЗИге барып наристебиздин жынысын билип, аны Авазга сюрприз кылып айтайын деп ойлонуп жаткам. Бирок курбум андан да жакшы идея сунуштап калды. Бул сунуш боюнча курбу кызым гана наристенин жынысы тууралуу билип, Аваз экөөбүзгө сүйүнчүлөмөк. Дал ошондой кылдык. Биз балалуу болорубузга эле кубанып жатабыз. Кызбы, эркекпи, Кудай берген балага татыктуу ата-эне болгубуз келет.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
09.12.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ак өргөөңөр кут болсун. Үйүңөрдүн эшиги дайыма жакшылыктарга гана ачылып, кут береке кирсин. Аман эсен көз жарып ал.
11.12.2019. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aselya_9105, Аппак тилегинизден, таптаза журогунуздон садага. Дайыма ойлорунуз таза, тилегиниз тунук болуп журо бериниз. Буларга каалаган бакытты кудай сизге беш эселеп берсин.
15.12.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselya_9105,жаман жакшы комментерди ото коп жазчуу элем. Адамды адам ондойт же бузат. Бугундон баштап жалан жакшы комменттерди жазбасам. Баардык мекендештериме Аллах ыйман берип аман болгула туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо