МЕССИДЕН РЕКОРД. ЛЕО 6-ЖОЛУ «АЛТЫН ТОПТУН» ЭЭСИ БОЛДУ

№892 5-11 декабрь, 2019-жыл

"Франс футбол" басылмасынын жыл сайын мыкты футболчуларга ыйгарган "Алтын топ" негизги жеке сыйлыгын Лионель Месси 6-ирет утуп алды. Муну менен ал "Алтын топторду" коллекциялоодо рекорд койду. Мессинин атаандашы болуп келген Криштиану Роналдунун эсебинде азырынча 5 "Алтын топ" бар. 3-декабрда Парижде болуп өткөн "Алтын топ" сыйлыгын ыйгаруу аземине Мессинин атаандашы Криштиану Роналду келген жок. Анткени ал бул күнү Италия чемпиондугунун мыкты оюнчусу наамын алуу үчүн Италияда болду. Криштиану Роналду бул наамга ушул жылдын жай айларында эле татыганы маалым. Ал эми сыйлыкты ыйгаруу аземи Месси “Алтын топту” алган күнгө туш болуп калды. Сыйлыкты уюштурган басылма сыйлоо аземине "Алтын топко" талапкер негизги оюнчуларды чакырган. Алар: Лионель Месси, Криштиану Роналду жана Вирджил Ван Дейк.

"Бир чети мен "Алтын топтун" алтынчысын жеңип алган жалгыз оюнчу экенимди бааладым. Жашырбашым керек, Криштиану мени менен атаандаш болгондо бир аз маанайым түштү. Анткени мен ийгиликтин чокусунда жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Буга карабай сен ал бийиктикте жалгыз болгондо абдан жагымдуу болот экен",- деди Месси "Франс футбол" басылмасына.

Месси быйыл чындыгында мыкты болду. Леонун голдорунун арты менен анын клубу "Барселона" Ла Лиганы жеңди. Ал бул жылы 34 матч өткөрүп, 36 голдун ээси болду. Ошондой эле ФИФАнын версиясы боюнча Месси 46 добуш алып, "Жылдын мыкты оюнчусу" наамын алууга да жетишти.

Ал эми добуштардын саны боюнча Мессиден кийинки 2-орунду алган “Ливерпулдун” коргоочусу Вирджил Ван Дейк дагы быйылкы көрсөткүчтөрү боюнча мыктылардын сап башында турду. Ал быйыл өз командасы менен Чемпиондор Лигасын жеңди. Ошондой эле өзүнүн улуттук курамасы менен бирге Улуттук Лиганын финалына чыга алды.

Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
10.12.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Заслужил молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо