№892 5-11 декабрь, 2019-жыл
Англиянын Кембридж шаарынын жашоочусу үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринен калган ири суммадагы мурасты жалаң баңгизатына короткон. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Лорна Уэбб аттуу 51 жаштагы аялга 250 миң фунт стерлинг (болжол менен 21 миллион сом) мурас калган. Ал акчаны 14 айдын ичинде жалаң баңгизатына коротуп салган. Ал жергиликтүү жашоочуларга тынчтык бербей, чуу жаратып келген. Аны тартип сакчылары кармап кетип, соттук отурум болгон. Уэбб уурулук кылууга, “Тез жардамдын” кызматкерине кол салууга, мас болуп алып баш аламандык жасоого айыпталган. Ага жаза катары 1 жарым жыл бою коомдук жумуштарды жасоого милдеттендирүү чечими чыккан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Силер да балдарынарга, кыздарынарга дайыма айтып жургуло сак бол, наркотикага жолобо, даже попробуйтетип да корбо деп. Ушинтип жинди болуп аткандардан корсотуп койсонор оздору эле ойлонуп калышат.