Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев, ырчы: «ЖАШООМДУН КООЗ ЖАГЫН ЭМЕС, ЧЫНЫГЫ ТАРАБЫН КӨРСӨТКӨНДӨН КОРКПОЙМ»

№893 12-18-декабрь, 2019-ж

Бул жигитти «Кудача кыздан» баштап тааныйбыз. Өзгөчө башы домбра же комуз менен кошо кыймылдап кеткени жагат. Маегибиз кызыктуу болду, каарманым эмнеден «кайф» аларын, келинчегине эмнеге ыраазы болгонун, атак-наам ага эмнеге керек болбой калганын айтып берди.

– Султан, көптөн бери интервью бергиң келбей кетенчиктеп жүрдүң, эл көзүндө болгуң келбей калдыбы?

– Мен интервью берүү кызык болгон маалдан өтүп кеттим окшойт. Көп эл алдында болгум келбейт. Бирок чыгармачылыгым токтоп калган жок. Тасмаларга саундтрек жазып жатам, ырдын сөзүн, обонун өзүм чыгарам. Ырлар чыгып жатат. Мени тойдо, концертте, көп эле жерде көрүүгө болот (күлүп). Жакын арада жеке концертимди берейин деп турам. Мага ини, бир тууган болуп жүргөн Бакыт Аалиев деген жигит бар. Ал «байке, чогуу иштешели» деди, экөөбүз чогуу иштешүүнү туура көрдүк.

– Расмий түрдө продюсериң болдубу?

– Азыр иштешип жатабыз. Келечекте пландар бар. Жаңы жылдан кийин расмий жарыялайбыз.

– Акыркы ырларыңдан, тарткан клибиңден жанданууну байкадым...

– 4-5 жылдан бери өзүм ырлардын сөзүн, обонун жазып жүрөм. 2010-жылдан бери жандуу ырдаганды максат кылдым. Жандуу ырдоо өсүүгө түрткү берет экен. Ооруп калганда, тартуу иштеринде эле фонограмма болбосо жандуу ырдап келе жатам. Андан ырахат алам. Фонограмма менен ырдаганда бир нерсенин ичине түшүп калгансып кыйналып кетем.

– Чыгармачылыгыңда бурулуштар болушу мүмкүнбү?

– Жок, чукул бурулуш болбойт. Чачымды бузуп, кашымды терип, башка стилде ырдап хайп менен элди алгандан алысмын. Ушул ырларым менен эле элден колдоо таап келе жатам. Тескерисинче, азыр дастан айтып ошол өнөргө көбүрөөк басым жасасамбы деп жатам. Анткени жоголуп бара жаткан өнөр, өзүмө комуз менен дастан айткан жагат.

– Ырчылар акыркы кезде оор уйкуда жаткандай сезилет, бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуң?

– Тойго байланып калдык. Ырчылардын көбү тойго ылайыктап ыр жаздырып калышты. Азыр шарт ушундай болуп жатат. Жаш ырчылардын көбүн тойдон көрөсүң. Биз жаш кезде тойго барып ырдачу эмеспиз. Концертке иштечүбүз. Тойго мен кийин эле бара баштадым. Азыркы ырчылардын көбү той менен бутуна туруп жатышат.

– Тойлор бир күнү токтоп калса ырчылар эмне кылат болду экен деп көп ойлоном...

– Мен да ойлоном. Бирок той токтосо концерттер башталат. Чыгармачылык баары бир токтобойт. Көп таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Тойлордон көрүп, «ушу сахнада ажары ачыла турган бала экен» деп калам. Буюрса, ал дагы болуп калар.

– «Ыраазымын сага» деген ырың жакты, канча жылдан кийин жубайыңа ыраазычылык билдирдиң?

– Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду. Үч балам бар. 10 жылдан бери менин кандай гана мүнөзүмө чыдаган жок. Бул ырды дем-күч берип келген келинчегиме арнап чыгардым.

– Келинчегиң өзү ыраазы болдубу бул ырга?

– Албетте, ага жакты.

– «Эгиз жүрөк» деген ырыңдын клибин тарта турган болгондо экөөң урушуп кетип тартылбай калды дедиң эле, бул жолу урушпасаңар керек, ээ?

– Ал кезде жаш болчубуз. Негизи жубайлар жаңы үйлөнгөндө ысык болот эмеспи, ысыгы кийин-кийин тарайт дешет. Биздики тескерисинче болду, үйлөнгөндөн кийин эки жыл экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшө албай жүрдүк. Мен да айтканымды бербей, ал дагы айтканын бербей, көнүшө албай жүрдүк. Үй-бүлөбүздү ортодогу чоң сүйүү куткарып калды окшойт. Азыр сүйүүбүздүн эң керемет жериндебиз. Аябай жакынбыз. Үй-бүлө болгондон кийин азыр деле бир нерсени талашып кетесиң, бирок экөөбүз бири-бирибизди аяп, аярлап мамиле жасап калдык. Бул жолу «үй-бүлөгө арналып жаткан ыр, клипке түшүп бер» десем макул болду. Элдин арасында ээн-эркин боло албай калам дейби, келинчегим «мени чыгармачылыгыңа аралаштырба» деп суранып келет. Таанымал болгусу келбейт. Ырчылардын аялдарындай болуп бирөө менен дос боло калгысы деле жок. Клипке тартылууга үй-бүлө менен архив катары калсын деп көндүрдүм.

– Чыгармачыл адамдар муза издеп кетишет эмеспи, сен токтолгон окшойсуң...

– Издеп деле бүттүк, муза үйдө эле экен (күлүп). Токтолгонума келсек, бул жашка деле байланыштуу эмес, айрымдар 40 жашында деле кутуруп кетишет. Мен жаш кезимде кутуруп чыгарып алдым окшойт. Ошол жакшы экен. Анан да мурунку чыгармачылыгымдан азыркы чыгармачылыгымды жакшы көрөм. Ар бир ырыма жакшы мамиле жасап, толгонуп чыгарам. Салмактуу, маанилүү сезилет.

– Ар бир адамда жашында «менин жашоом ушундай болсо» деген кыялдануу болот эмеспи. Сенин жашооң кыялдангандай болдубу?

– Жашоом кыялдангандан да сонун болду. Кыз десе кыз, уул десе уулум, сулуу жарым бар. Мен боёнбогон, үйдө отурган, назик аялым болсо дечүмүн. Мени кызганбаса деп ойлочумун, азыр мени такыр кызганбайт. Балдарым зээндүү, акылдуу. Үстүмдө бир үйүм болсо дечү элем, ал дагы бар. Эл менин бир-эки ырымды тааныса деп да кыялданчумун, эки эле эмес, азыр 50 ырымды билгендер бар. Ата-энем кашымда, бир туугандарым аман. Бардык жерде сый-урматтамын. Адамга өзү көп нерсенин кереги жок, жөн эле жашагың келет экен.

– Эркектер табиятыңардан атак-даңк болобу, байлык, сүйүү болобу, кууганды, ага жеткенди, багындырганды жакшы көрөсүңөр. Сен эч нерсенин аркасынан кубалабай калдыңбы?

– Жок, кубалабайм. Мисалы, 4-5 жылдан бери ММКлар кубалап эле интервьюга чакырып жүрүшөт. Дайыма баш тартып келем. Бул бой көтөргөндүк эмес, бул атакты кубалабаганымдан. Жакшы чыгарма жараткым келет, кичине болсо да бир адамды сүйүнткүм келет. Элдин эсинде жакшы чыгармаларым менен калсам дейм. Менден 10 жыл кийин чыккан ырчылар «эмгегин сиңирип» салышты. Эгерде бийликке кызмат кылып бекер барып ырдап «подход» жасасам мен деле алмакмын. Мен антпейм. Бирөөгө жалдырап «Эмгек сиңирген артист» наамын алсам, 2-3 күндө өрттөп жиберсем керек. Басынып жүрүп алгам деп жаман болмокмун. Андан көрө мен элдин арасында ырдасам ошолордун эргүүсүнөн «кайф» алам. Эч кимден коркпойм, көз каранды эмесмин. «Чёрныйы» болобу, «красныйы» болобу, өнөрүмдү сыйлашат.

– Үй-бүлөлүү болгонуңа карабай элдин, өзгөчө аялзатынын дагы деле сүймөнчүгүсүң. Сыры эмнеде?

– Менин жөнөкөйлүгүмдөн болуш керек. Кооздоп кийим кийип, кооз сүйлөбөйм. Кандай болсом болгонумдаймын. Жасалма жашоомду көрсөтүп менде баары укмуш дебейм. Айрымдар жашоосунун кооз тарабын эле көрсөтө алат, мен кандай болсо ошондой, чыныгы тарабын көрсөткөндөн коркпойм. Аялдар кооз, жасалма эркектерди жакшы көрбөйт. Эл аялдар үчүн ошондой жүрөт экен деп ойлоп калбасын, болгонум ушул.

– Демек, кыздардын көз караштарын сезесиң...

– Сезем, бул нерсе мен үчүн жагымдуу гана болот. Ары жол жок.

– Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Султан Садыралиев: "Кээ бир ырчыларды көргөндө сыналгыны сындырып салгым келет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(37)
16.12.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жаш кездеги сүйүүбүз) Сыйлайм.Ырчы деген ушундай болуш керек.
16.12.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен кичинемден жакшы коргон ырчым азыр да жакшы кором,уну сонун озу соонун ар бир супер инфого чыккан суротторун чаптаган бир калын тетрадым бар уйдогулор азырга чейин чычалатып келишет азыр эми мен да семья кутуп балдарым бар Султан телевизордон чыкканда жолдошумду пультту издеп калат очууур деп
16.12.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булолук бакыт каалайм. Ырларынан кайф алып угамын.
16.12.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырлары уккулуктуу,маанилуу! Бул ырчыны мен да сыйлайм! Бактылуу болгула!
16.12.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Концерти качан болот Эми,жакшы концертке барып эсалгым келип журду эле,Султан чыныгы талант,ийгилик,бар бол,бактылуу бол
16.12.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа жакшы баардык нерсенин убагы менен болгону жакшы. сонун маек болуптур.
16.12.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң сонун маек болуптур. Таланттуу талантыңа таазим. Менинда жаш кездеги сүйүүмго азырда ырчы катары жакшы көрөм менда 3балалуу болуп калдым
16.12.2019. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жигит
16.12.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр баарын ичкен жеген тамагынан бери билебиз ал убакта только концертен корот элек. Султан кудача кыз деп ырдап дуң кылган. Анчалык атактуулук эч кимде жок азыр. Кыздар спорт ордосуна агып барым корот элек.
16.12.2019. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как я вас обожаю!!!
16.12.2019. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн сонун коментарийлер жазылыптыр. Мен кичинекей кезде ырдачуу. Балалыгым сонун отту. Азаматсыз! Негизи таланттуу ырчы.
Baktyluumun98 түзөттү 2019-12-17 00:00:43
17.12.2019. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арманымдын азабын кечтим... деген ыр сатары козумо жаш толтуратго чиркин.Журоко жеткиликтуу аткарган ырчы.
17.12.2019. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султанбай ушунча токтолсо заманыбыз оңолот экен да (((
17.12.2019. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашында туртуп жиберип эле чарс чурс жинди пейил адамдай корунчу, азыр токтолуптур, тен экенбиз мен да токтолдум бирок))), сонун ырдайт берилгени жагат, Аячы, деген ырынын фанатымын!
17.12.2019. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат эр жигит деп ушуну айт үй-бүлөөсүн бийик койгон, качан концерт бересиң барып эс алып келели.
17.12.2019. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш ырчылардын агымы 2005-2006жылдарда башталды.Темир менен Урмат баштап берди,калганы артынан селдей агып кошулду.Абдразаков,Атабеков,Садыралиев,Иманбеков,Арыкбаев,Искеналиев,З.Мырза дегендер,озу да ошол жылдары башталды окшойт Кыргызстана продюсер менен иштоо деген
Dembele84 түзөттү 2019-12-17 07:09:22
SUPER.KG видео
17.12.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын ар бир ыры журокко жетет, уну сонун! Заманыбыздын мыкты ырчысы деген наам ушул инсанга жарашат! Дайыма интрига, хайп дегендерден алыс журот, бир калыпта чыныгы мырзалык сапат бар.. Уй-булон менен бактылуу бол!
SUPER.KG видео
17.12.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай маек бериш керек озу, эки ыр ырдаган чала звездалар улгу алгыла Султандан! Чыныгы жылдыз деп ушул ырчыны айтат элем, уну керемет, ырлары уккулуктуу, озу жылдыздуу баардыгы озуно жарашат.. жакшы чыгармаларды кутобуз!
17.12.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жакшы коргон ырчым❤
18.12.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
13жашар баланын арманы деген ырды Отто ийинине жеткирип ырдаган. Султандын убагында кандай гана жаштык кезди ырдап откордук. Азаматсын Султан
ady-88 түзөттү 2019-12-18 11:56:24
18.12.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы адамды жакшы деш керек. Кандай сонун комментарийлер. Үнү, ырлары кандай керемет. Келинчеги дагы өзүнө окшошу жакты. Азыркы ырчылардын аялдары, эптеп тийип алса эле звезда болуп кетип жатат. Жок дегенде бетке кантип макияж жасаганды үйрөтүп. Бактылуу болгула Султан Садыралиев!!! Ийгилик каалайм. Азаматсыз
SUPER.KG видео
18.12.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интервью алып жаткан журналист кыргызча акцент менен суйлогону кызыктай корунот экен. Султан болсо азаматсын, ийгилик каалайм!
18.12.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун маек болуптур Султан Садыралиев жакшы уккулуктуу ырлары бар. Маеги эркекче болуптур.
19.12.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге таанымал адамдар сейф бизнестин шефи менен жакшы мамиледе болуп ал менен иштешип жатканы азыр адамдар акча учун баарына даяр го деген ойго салат окунучтуу.
19.12.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттик кундорумду эстеп кеттим...) Рахмааааат Султан,соооонун кундорду эске салдын!
19.12.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран жаш кез3кайда калдын
SUPER.KG видео
23.12.2019. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Садыралиев раньше был суперзвездой, а сейчас многие его даже незнают, ему надо побольше Хитов, клипов поснимать и снова станет Суперзвездой
SUPER.KG видео
23.12.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото туура суйлойт экен Султан, туура жаштарга - туура пример корсотуш керек, эн соонун Султан- Алга!!
SUPER.KG видео
23.12.2019. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз популярный кезинизде, кафеден суротко тушолучу деп биз 3кыз болп айтсак, кыздар азыр шашып жатам, попозже деп кетип калгансыз, барып кафенин ичинде отуруп алгансыз, ошондо аябай конулубуз калып калган сизден кыздар менен... бирок азыр интервьюнузду коруп кайта урматап калдым сизди- Алга! Ийгилик каалайм сизге.
SUPER.KG видео
23.12.2019. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
это было примерно лет 13-15назад)) досих пор помню)) особенно мне было обидно потомучто мы считались очень красивыми девушками тогда, популярные девушки нашего Университета были мы, самые красивые и вдруг нам отказали как так- деп жинибиз келген)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо