Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НОЭЛЬ КРУЗДУН "ТИРҮҮ" КУУРЧАКТАРЫ

№893 12-18-декабрь, 2019-ж

Америкалык сүрөтчү Ноэль Круз фабрикадан чыккан куурчактарды сатып алып, алардын өң-түсүн жана кийимдерин атактуу актёр, актрисалар аткарган кино, жомок каармандарына окшотуп кайра боёп жана жасап чыгат. Ошентип кадимки куурчак Жек Воробейге, Шелдон Куперге же Гарри Поттерге окшошуп чыга келет.

Филиппин өлкөсүнүн борбору Манилада кедей үй-бүлөдөн чыккан Ноэль Круздун 6 бир тууганы бар. Бир туугандардын улуусу болгондуктан ага эрте жашынан иштеп акча табууга туура келген. 1974-жылы 12 жашында коңшусунун үйүнүн терезесинен телевизордо болуп жаткан сулуулар сынагын көрүп калат. Ошондо ал сулуу адамдардын портретин тарткысы келе баштайт. Башкача айтканда, жашоосу искусствого багытталышы керектигин сезет. 16 жашында тиешелүү билими жок туруп эле белгилүү адамдардын портретин тартып, сата баштайт.

Арадан көп жыл өткөндөн кийин Ноэль Круз аялы менен АКШга көчүп келет. Аялы куурчактарды коллекциялай баштайт. Ага жардам берип жүрүп, 2001-жылы анын башына куурчактардын өң-түсүн өзгөртүп тартуу тууралуу ой келет. Атактуулардын өң-түсүн кагазга караганда куурчакка тартуу кыйын экенин адегенде эле сезет. Ошентип каталарынын үстүнөн иштөө менен акыры ийгиликке жетишет. Анын куурчактары киреше менен атактуулукту алып келе баштайт.

Куурчактарды сатып аларда анын бетинин формасы тандап алган каарманынын бетинин формасына окшош же окшош эместигине көңүл бурат. Канчалык окшош болсо ошончолук жакшы. Сатылып алынган куурчактын чачын керектүү стилге келтирип кыркат, тармалдатат же өрөт. Куурчактын бетиндеги краскаларды өчүрүп, ордуна тандап алган каарманынын жүзүн тартат. Анан кийимдерин тигип кийгизет. Буга эң аз дегенде 3 күн, көп дегенде бир нече апта керектелет. Куурчактардын боюнун бийиктиги адатта 30-40 сантиметр болот. Баасына келсек, 1 куурчак 1000 доллардан ашык бааланат. Анжелина Жоли куурчагын бир кардар 3000 долларга сатып алган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо