№894 19-25-декабрь, 2019-жыл
Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Орусияда өткөн “Мунай мамлекеттеринин дүйнө Кубогу” аталышындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Усеналиев 52 килограмм салмакта күч сынашып, Азербайжан, Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнүн мушкерлерин жеңип финалга чыккан. Финалда кыргыз мушкери эквадорлук Луис Дельгадо менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталып, алтын медалдын ээси болду.
Буга чейин Эркин Адылбек уулу ушул турнирде коло медаль тагынган.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |