№894 19-25-декабрь, 2019-жыл

ЧЫЧКАН ЖЫЛЫНЫН ДАСТОРКОНУН КООЗДОЙБУЗ

  1. Босогодо Чычкан жылы. Кожойкелер Жаңы жылдык дасторконду кантип кооздосом, эмнелерди даярдасам деп турган чагы. Чыгыш жыл сүрүүсү боюнча, чычкан назик, көпчүлүктү, оомал-чачмал дүйнөнү жактырган, табити мыкты жандык катары мүнөздөлөт. Андыктан жаңы жылдык дасторконду, бөлмөнү кооздоо ак түскө басым (идиш-аяктар, дасторкон) жасап, дасторконго азыктардан каалаган нерселерди коюуга болот. Өзгөчө сыр, жумуртка, эт азыктарынан жасалган даамдар эч бир чычканды капа кылбайт.

  2. “КОЖОЮН” САЛАТЫ

    Керектелүүчү азыктар:

    • Тоок эти – 200 грамм

    • Картошка – 2 даана

    • Жумуртка – 2 даана

    • Сыр – 50 грамм

    • Майонез – 100 грамм

    • Өсүмдүк майы – 50 грамм

    • Туз, мурч – татымына жараша

    Салатты кооздоо үчүн көк пияз, колбаса, краб таякчасы, кара тоголок мурч керектелет.

  3. Даярдоо ыкмасы:

    1. Азыктарды даярдайбыз: тооктун этин, картошканы жана жумуртканы өз-өзүнчө сууга бышырып алабыз.

    2. Сууга бышырган азыктар муздаган соң тооктун этин майда туурайбыз, ал эми картошка менен жумуртканын сарысын сүргүчтөн өткөрөбүз. Бул азыктарга бир аз майонез кошуп аралаштырабыз да, чычкандын формасына келтирип тарелкага салабыз.

    3. Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн жумуртканын агын себелейбиз. Эми чычкандын сабизден куйругун, кулагын, тоголок кара мурчтан көзүн жасап коёбуз. Тоюмдуу салат даяр.

  4. “КАПРЕЗЕ” ЗАКУСКЕСИ

    Керектелүүчү азыктар:

    • Баклажан – 1 даана

    • Помидор – 2 даана

    • Сулугуни сыры – 250 грамм

    • Зайтун майы – 2 аш кашык

    • Соя соусу – 2 аш кашык

    • Горчица – 1 чай кашык

    • Бальзам уксусу – 1 чай кашык

  5. Даярдоо ыкмасы:

    1. Баклажанды жууп, 0,7 сантиметр калыңдыкта тегерек формада туурайбыз. Эки тарабына соя соусунан сүйкөп, 200 градуста иштеп турган электр мешине 15-20 мүнөткө салып бышырып алабыз.

    2. Бальзам уксусун, горчицаны, зайтун майын жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.

    3. Помидор менен сырды тегерек формада кесип алабыз.

    4. Тарелкага баклажан, помидор жана сырды кезектештирип жаткырып тизебиз. Үстүнө соустан куюп, жалбыз менен кооздоп дасторконго коёбуз.

  6. БАЛАТЫ КАНАПЕСИ


    Керектелүүчү азыктар:

    Бөлкө нан же батон – 1 даана

    Колбаса – 250 грамм

    Бадыраң – 2 даана

    Сыр – 100 грамм

    Каймак май – 30 грамм

    Зайтун мөмөсү – 100 грамм

  7. Даярдоо ыкмасы:

    1. Колбасаны тегерек, сырды төрт чарчы формада, ал эми бадыраңды узатасынан жука кесебиз.

    2. Нанды 0,5-0,7 калыңдыкта кесип, көмөч казанга салып эки тарабын кактап кызартып алабыз.

    3. Нандын бетине каймак майдан сүйкөп, үстүнө сырды, колбасаны, бүктөлгөн бадыраңдын кесимин коёбуз. Эң үстүнө зайтун мөмөсүн коюп, таякчаны саябыз. Балаты формасындагы канапе даяр. Зайтун мөмөсүнүн ордуна сабизден жылдызча кесип койсоңуз да болот.

  8. ЭКЗОТИКА САЛАТЫ


    Керектелүүчү азыктар:

    • Тоок эти – 200 грамм

    • Консерваланган ананас – 120 грамм

    • Пияз – 1 баш

    • Петрушка же укроп – 3-4 талча

    • Консерваланган жүгөрү – 120 грамм

    • Майонез – 1,5 аш кашык

    • Сыр – 30 грамм

    • Туз – татымына жараша

  9. Даярдоо ыкмасы:

    1. Тооктун этин сууга кайнатып бышырып алабыз. Татымына жараша туз салууну унутпаңыз.

    2. Пиязды майда туурап, ачуусун чыгарыш үчүн үстүнө кайнак суудан куюп 5 мүнөт тыныктырып коёбуз.

    3. Петрушканы майда туурап алабыз.

    4. Бул салатка кошулуучу азыктардын баары, эт, сыр, ананас, бирдей, төрт чарчы формада тууралат.

    5. Эми чоңураак идишке азыктардын баарын салып, майонезди кошуп аралаштырабыз. Салат даяр. Салатты тарелкага салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп дасторконго коёбуз.

  10. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
23.12.2019. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Урматтуу мусулман бир туугандар, жаны жыл деген майрам жок Исламда.
Биз эки гана майрамды майрамдайбыз, алар Орозо айт жана Куран айт.
Кадыр тунду гана тособуз дуа кылып АЛЛАХ ТААЛАМДАН!
Жаны жыл тоску, аяз ата, аяз кыз, балатыны айлануу ширк!!!
24.12.2019. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ROZI, созунузго 100% кошулам
23.12.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асылбагылачы жаны жылга ар ким озу билет кайсы майрамды тосушту надоел кылдынарго не силерди арчанын ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-24 10:28:03
24.12.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ширк пирк дегенинерди дагы баштадынарбы. Кичине чеги менен болгулачы айланайындар. Элди алдап жеген чондордун кылганы ширк, жаман жолдо жургондор ширк, динди жамынып алып жаман иштерди кылган ширк. Аларды эмнеге айтпайсынар. Жакпайбы отургула уйунордо, каалагандар майрамдайт.
25.12.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаны Жыл ширк пирк дебей эле койгулачы! Эмне жаны жыл куну тоскон адамдар сыйынат дейсинерби!? И так кыргыздар оздоруну сыйлашпайт хоть бир кун,жыл алмашты деп оздоруну сыйлап,конок учун эмес озу учун дасторкон жасап отурса да болбойбу!?
25.12.2019. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тойгоздуңар ушул ширк дегендер. ХХХХ силер өткөрбөй жашай бергилечи. ХХХХ экенсиңерго. жыл алмашып жатат деп адамдар өздөрү үчүн тасмал жаят.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-12-26 09:53:32
28.12.2019. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чычкан жыл дегенде аппетит качкан. Быйыл дасторкону жок эле өткөзөм үй бүлөм менен.
28.12.2019. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким шартына карап жаны жылды жакшы тилек максат менен жакын туугандар менен тосуп койсо деле болот
28.12.2019. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ширк деп эч жерде каралган эмес ушул кунго чейин майрамдап келген эчким эчнерсе болгон эмес бош бош суйлошпогуло .
29.12.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kano2124,Балким козу отуп кеткендер учун болуп жаткандыр.Тоскондор тосо бергиле ар ким озуно жооп берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо