№894 19-25-декабрь, 2019-жыл
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеп жүргөн мекендешибиз Лунара Байызова аттуу жаран редакциябызга кат аркылуу кайрылды. Ал мурунку жолдошу, “Беш тапан” куудулдар тобундагы Акыл Абдиевдин 3 баласына сот аркылуу чектелген алиментти төлөбөй жүргөндүгүн айтты.
– Балдарым жаш. Улуусу 6 жашта, андан кийинкиси 4 жашта, кичүүбүз 2 жашта. Акыл экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жылдын жүзү болду, ошондон бери 3 баламды жалгыз багып келе жатам. 2018-жылы өзүм жашап жаткан Санкт-Петербург шаарынан алимент чегерүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылгам. Акыл болсо сотко “майыпмын” деген жасалма документ алып барыптыр. Сот ага “3 балага алимент катары 40 миң рубль төлөйсүң” деген, бирок жанагы документтин негизинде ар бир балага болгону 5 миң рублдан жазылган. Ошону да төлөбөй Кыргызстанга качып кеткен. Андан бери бир топ эле акча топтолуп калды. Бул жактан Кыргызстандын укук коргоо органдарына алиментти өндүрүп берүү боюнча расмий кайрылуу жөнөтүлгөнүн айтышкан. Андан бери 5 ай өттү. Эч кандай жооп келе элек. Кандай чара көрсө болот, жардам берүүңүздөрдү суранам,- деп жазылат Лунара Байызованын катында.
Бул каттын негизинде куудул Акыл Абдиевге кайрылдык. Ал эч убакта балдарынан баш тартпасын, бирок азырынча алиментти төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтат.
– Мен балдарымдан баш тарткан эмесмин, алимент төлөөнү да моюнума алгам. Болгону сотто “бул аял менен чогуу жашабайм” дегем. “Майыпмын” деген документ алып барган эмесмин. Ал болгону “грыжасы бар, оор иш кыла албайт, дарыланууга муктаж” деген эле көрсөтмө болчу. Менин бел омурткамда грыжа бар. Бири 12 миллиметр болсо экинчиси 9 миллиметр. Азыр да дарынын күчү менен эле жүрөм. Ооруканада бир жак капталым иштебей жатып калганымды Лунара өзү да билет. Сотто “качан төлөйсүң?” деген суроо беришкенде “дарыланып, ден соолугумду чыңап алып иштейин, анан төлөйм” дегем. Ден соолугума карап, сот айына 3 балага 16 миң рубль төлөйсүң деген чечим чыгарып берген. Ошол учурда мен иштеп жаткан ишкана жабылып калганына байланыштуу жумушсуз калдым. Бир нече жерге резюмемди көтөрүп алып иш сурап барганым жыйынтык берген жок. Ага чейин эле жубайым экөөбүз эки жолго түшүп, эки башка жашачубуз. Чөнтөгүмдө болгону бир айлык батирдин ижарасына жете турган акча калыптыр, андан тышкары тамак-ашым бар. Айла жок, болгон акчама билет алып эң жакынкы рейс менен Кыргызстанга кетүүгө туура келди. Болбосо Орусияда үй-жайы жок көчөдө калмакмын. Качып кеткен жерим жок. Лунара Орусиянын жараны болгондуктан өкмөт ага жардам берип жатат. Башында ага “балдарды мага бер, Кыргызстанга алып кетейин” десем бербей койгон. Сот дагы “апасы менен калсын” деген чечим чыгарган. Азыр балдарым менен байланыштырбай жүрөт. Эми аны деле түшүнсө болот, алимент төлөбөй жатканым үчүн ошентип жаткандыр. Ошентсе да мен анын балдарынын атасымын, ал балдарымдын апасы,- дейт Акыл Абдиев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |