Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НУРБАКЫТ РАЗАКОВ: “КОНОКТО, ОТУРУШТА ЫРДАБАЙМ. МЕНИН ОРДУМ САХНАДА”

№894 19-25-декабрь, 2019-жыл

Сахнада ырчы, тасма талаасында продюсер катары таанылып келе жаткан каарманым Нурбакыт Разаков учурда 31 жашта. Үй-бүлөлүк абалы – бойдок. Ырчы менен жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

– Саламатсызбы, Нурбакыт? Куш келипсиз. Маегибиздин башында алгач өзүңүз жөнүндө кененирээк маалымат алалы.

– Саламатсыздарбы! Жакшы болот. Мен өзүм Тогуз-Торо районунун Арал айылынын кулунумун. Төрт бир тууганбыз, бир эжем, бир карындашым анан иним бар. Тилекке каршы, мен жети жашымда атамдын көзү өтүп кетип, бизди апам өзү эрезеге жеткирген. Алгач, албетте, кыйын болду. Апам кесиби боюнча мугалим, ал кезде айлыктын аздыгы айтпаса да белгилүү. Анан чырпыктай 4 баласы бар. Мен 14 жашка толгондо айылдагы үйүбүздү сатып, жаңы жашоого багыт алып, Кара-Балта шаарына көчүп келгенбиз. Алгач оңой болгон жок. Бала болсок да апама жардам берүүгө бел байлап, соода-сатык иштери менен алектенчүбүз. Балалыктын таттуу таңкы уйкусуна кайыл болуп таң агара электе базарды көздөй жөнөп калар элек. Турмуштун ачуу-таттуусун бала кезиңде сезүү учурунда оор болгону менен, кийинки жашооңо пайдасы чоң экен.

– Мисалы?

– Мисалы, турмушка бышкан бала эр жеткенде барчылык менен жокчулукту татыктуу көтөрөт. Анан да негизги кесибибизден тышкары бир иштин көзүн таап калдык десем болот. Бала кезибизден соодага аралашып жүрүп, азыр туруктуу киреше алып келген дүкөндөрүбүз бар.

– Азыркы күндө элдин кандай гана катмары менен сүйлөшпө, “ырчылардын заманы, бир ыр ырдап коюп баланча доллар алышат” деген эле киши. Ырчылык жаатында деле кирешеңиз көп болсо керек?

– Мен атайын тойго ылайыкташтырып ыр жаздырбайм. Кээде чалып “сиз ырчы экенсиз го, тоюбузга келип ырдап бербейсизби?” дешет. Андайда дароо эле баш тартам. Эгер мени тойго чакырып жаткан адам менин чыгармачылыгым менен тааныш болбосо, кандай ыр ырдаарымды билбесе анын тоюна барууну туура көрбөйм. А эгерде “Нурбакыт, бул ырыңызды жакшылыгыбызга ырдап берсе дедик эле” деп кайрылышса, баасын келишип алып сөзсүз барып ырдайм. Көбүнчө “Апа”, “Кат жазчы мага”, “Көздөрүң, ай” деген ырларымды суранышат.

– Демек, ырчылык талантыңыз менен материалдык кызыкчылыкты көздөбөйт экенсиз да?

– Ошондой десем да болот. Анын үстүнө кирешени кайсы бир ишкерлик багытта табуу керек деген ойдомун. Ал эми ырчылык талантты аздектеш керек. Мисалы, бир конокко барып калганда же кандайдыр бир отуруштарда мен таптакыр ырдабайм. Менин ордум сахна деп гана кутулам. Ырчы сахнада ырдаш керек.

– Элдин суроо-талабына татыган мыкты ырчы болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуз?

– Мен Кыргыз улуттук консерваториясында 2-курста окуп жүргөндө бир тайпалашым бар эле. Кичине чагынан музыкалык мектептен билим алган, таланты абдан күчтүү, өң десе өңү, үн десе үнү бар. Болгондо да тенор. Эми бир булбул. “Чыныгы ырчы деп ушуну айтыш керек” деп мугалимдерибиз да бизге үлгү катары аны көрсөтүшөр эле. Вокалдан сабак берген агайыбыз дайыма ал балага элден өзгөчө көңүл буруп турчу. Бирок кийин 3-4 курстардан баштап ал ырдоону таштап койду. Мен болсо тоонун эркин кушу, айылдагы эле мектептен келгем. Нестан Алишерова деген эженин жардамы менен аталган окуу жайга тапшырып калган баламын. Аракетим, кызыгуум бар эле. Ал бала ошо менен ырдабай калды, мен болсо аракетим менен музыкага болгон кызыгуумду камчылап ырдап жүрөм.

– Ырчылыктан тышкары тасма талаасында да продюсер катары өзүңүздү сынап келесиз...

– Ооба, мындан эки жыл мурда “Салам Ош” деген аталыштагы тасмага продюсерлик кылгам. Быйыл болсо “Шакал” деген тасма тартып элдин сынына алып чыгуу алдында турабыз. Башында “Жашыл көздүү желмогуз” деп атадык эле. Бирок тасманын режиссёру Адилет Акматов “аталышы узун болуп калды” деп “Шакал” деген аталышка токтолду. Бул тасманын жанры экшн, боевик. Азыр көрүүчүлөр “жашоо өзү уруш-талаш, андан көрө комедия тартышпайбы” деши мүмкүн. Бирок бул тасма кинофестивалдарга багытталып тартылгандыктан коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт.

– Жакшы. Маегибизди чыгармачылыктан тышкары уланталы. Үйдө кандай адамсыз?

– Эркин адаммын. Кыйкырып ырдайм, куудулданып тамаша сүйлөйм, каалаганымдай жүрөм. Үйдүн босогосун аттап тышка чыгарым менен таптакыр башка адаммын. Оор басырыктуу, ойлонуп сүйлөгөн, салабаттуу мырза болуп чыга келем. Муну башкалар жасалмалуулук деп ойлошу мүмкүн, бирок чыгармачыл адамдын коомдо жоопкерчилиги чоң.

– Чыгармачылыкта, жеке жашоода дайыма колдоп турган адамыңыз ким?

– Бүгүнкү күндө мени баарынан жакшы түшүнгөн адамым – апам. 15-16 жаш курагымда, балким, башкача ойлонсом керек, бирок азыр отуздан ашып, эне дүйнөдөгү эң ыйык зат экенин жакшы түшүнүп калдым. Апам гана баарын түшүнөт. Ал өтө камкор, баамчыл, кандай гана иш баштабайын мени колдойт, анан да менин жан дүйнөмдүн абалын сезип турат. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү бир аз назик келет эмеспи. Кичине эле маселе болуп калса чөгүп кетмейим бар. Ал нерсени бат эле жеңип чыгарымды билсем да катуу кабыл алам. Жүрөгүмдө тура берет. Ошондой учурда апам мага дем-күч берип турат. Кудайым буюрса, мени түшүнгөн жан шеригимди таап, баш кошом деген тилегим бар. “Отуздан ашып калдың, эртерээк үйлөн” деген эле кишилер. Ал күн да алыс эместир.

– Мындайда достор да жардамга келет эмеспи. Социалдык тармактагы баракчаңызга: “2005-жыл жашоомду башка нукка бурган жыл болду. Силерден бөлүнүп кеткениме кубанам” деген билдирүү жазыптырсыз...

– Ооба, ал сөз классташтарыма тийиштүү болчу. Туура эмес жолдо баратып, оңолуп кеткем. Аны ошол кезде достошуп жүргөн 4 бала гана билебиз. Төртөөбүз төрт жолго түшкөнүбүз баарыбызга жакшы болду. Чогуу жүрсөк, балким, ошол адашкан жолдо калып калмакпыз.

– Туура жолубузду жоготпойлу. Маегиңиз үчүн рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
23.12.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интервью деп ушуну айт. Ийгилик!
23.12.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул ким озу,озун фифа сезгендер кобоюп кетпедиби ,элден айлан,айланайын аман эле бол
23.12.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну болсо ырдайбы гарылдап ырдаса бул жакта турган адам кыйналып кетет
23.12.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sonun yrdayt. Unu jakwy. Bawka yrchylarga okwop jenil jelpi yrlardy emes oor yrlardy yrdagany uchun el taanybasa kerek
23.12.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкасын билбейм го, бирок "Ак булуттар" деген ырды кыйылдап атып зорго дегенде ырдаган.
23.12.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актёрдук чеберчилиги укмуш.Жеткире аткарат.
24.12.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Ырчыны бугун биринчи тааныдым. Конокто ,отурушта ырдабайм дегенин туура кордум. Антпесе ырчы ,чоорчулар жашоосун да,сахнаны да бирдей коруп алышкан. Озгочо маскарапоз куудулдар. Кочодо деле,уйундо деле куудул боло беришет
25.12.2019. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жигитти тааныбайт экенмин. Энесин сыйлаганы жакты, азаматсыз! Ырчылар ушунчалык кобойду, тааныганга жетишпей калдым. Таш ыргытсан ушулардын башына тиет.
26.12.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныбайт экенмин чынын да .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо