Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айсалкын Алибаева: «КЫРГЫЗЛОТОДОН» БАТИР УТУП АЛДЫМ»

№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл

Калкты кереметке ишендирип, кыялдарды орундаткан «Кыргызлото» 2016-жылы мамлекеттик ишкана катары түптөлгөн. Буга чейин баш байге катары автоунааларды ойнотуп келсе, эми батир утуу мүмкүнчүлүгүн жаратууда. Анткени «Кыргызлотону» көбүнесе карапайым эл ойнойт, андыктан уткан кишиге жеңил болсун деп батирлерди толук евроремонту менен бүтүрүп берилип жатат. Аянты 51 чарчы метрден түзгөн бир бөлмөлүү батирлер. Мамлекеттик ишкана болгон соң жарандар лотереянын ачык-айкындыгынан кам санабай эле коюшса болот. Себеби тиешелүү органдар көзөмөлгө алып турушат.

БЕЛЕККЕ АЛГАН БИЛЕТТЕН БАТИР УТТУ

«Адам баласы болуп өткөн кереметке ишениши абдан кыйын. Ал нерсени көзүң менен көрүп, колуң менен кармаганда гана чын экенине таң каласың»,- дейт каарманыбыз Айсалкын Алибаева. Айсалкын айым «Кыргызлотодон» бир бөлмөлүү батирди белекке алган билеттен утуп алган.

– Буга чейин көп эле билетти ойнотком, бирок эч нерсе уткан эмесмин. Ушул билетти белекке алып, акыркы жолу деп ойнотком,- дейт баш байге ээси. Айсалкын Алибаева Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну.

БАТИР УТКАН ДАГЫ БИР ЖЕҢҮҮЧҮ ДАСТАН МАХАМАТ УУЛУ

«Кыргызлотонун» кезектеги жеңүүчүсү аныкталды. Ал Дастан Махамат уулу. Ага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Жаш үй-бүлө «Кыргызлотодон» дайыма төрттөн билет алып, ойнотуп келген. "Ала-Тоо" лотереясынын тогузунчу тиражында бир билет байгелүү чыгып, ээсин ак өргөөлүү кылды. Мындан ары Дастан менен жубайы Каныкейдин чакан үй-бүлөсү батирден батирге көчүп-конбойт. Анткени «Кыргызлото» ойноп, борбордон үйлүү болушту. Ак өргөөлүү болгон үй-бүлөнүн кубанычында чек жок. Алар мурда лотереядан үй утуп алган атуулдарды көрүп, биз дагы утсак деп тилек кылышчу. Эми минтип кыялдары орундалып отурат. Алгач батир утуп алганына ишенишкен эмес. Кайра-кайра текшерген соң гана ынанышкан.

Жаш үй-бүлө мындан ары да «Кыргызлото» ойногонду улантабыз дешет. Анткени анын башка лотереялардан айырмаланып, чыныгы утуштары бар экенин билишет. Ал эми алардын кубанычын жакындары бөлүшүп жаткан учур. Алар дагы мындан ары «Кыргызлотонун» "Ала-Тоо" лотереясын ойноого билет сатып аларын айтышты.



«Кыргызлотодо» бир бөлмөлүү батирден тышкары акчалай сыйлыктар дагы бар. Андыктан ойногула, уткула. Өзүңүздү жана жакындарыңызды кубанычка бөлөңүз.

Билеттерди «Кыргыз почтасынан», реализаторлордон жана kyrgyzloto.kg сайтынан онлайн сатып алсаңыздар болот.
БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНУ: 0557 94 94 56


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
31.12.2019. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жок,ишенбей турам. Озунун тааныштары эле утат.Себеби,суроттордон мен бир нерсени байкадым.
03.01.2020. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнени байкадыныз Дастан менен Каныкей деген айылдашыбыз болот утканы анык. то есть Каныкей деп жазыптыр Канышай эле аты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо