Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АУТИСТ БАЛА БАККАН ООР... КЫЙКЫРАТ, ЫЙЛАЙТ, БААРЫН ТАЛКАЛАЙТ»

№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл

Махабат Исмаилованын уулу аутизм менен жабыркайт. Баласынын келечеги үчүн тынчсызданган эне аны дарылатууга каражаты жоктугун айтып редакциябызга кайрылды.Чоңойгон сайын баланын агрессиясы күчөп түйшүктү көбөйтөт экен дейт эне.

“БАЛАМ КАЙСЫ УЧУРДА, ЭМНЕДЕН УЛАМ ООРУП БАШТАГАНЫ БЕЛГИСИЗ”

– Балам аутизм менен жабыркайт. Бул оору эмнеден улам пайда болорун эл аралык окумуштуулар да аныктай элек экен. Аутист балдар эч себепсиз кыйкырып, ыйлап, айланасындагы колуна тийген нерсенин баарын талкалап, агрессивдүү болушат. Башын дубалга, жерге ургулайт, сүйлөгөндө да кыйналып сүйлөйт. Жөнөкөй, өзүнүн жашындагы балага салыштырмалуу эки-үч эсе күчтүү да болушат. Андай учурда энесин да тааныбайт, мындан башка дагы толтура симптомдору бар. Кээ бирөө тубаса, кээ бирөө катуу стресске кабылганда, же катуу нес абалга түшкөндө аутизм менен жабыркап калат дешет. Менин уулум эмнеден улам мындай дартка туш болгонун дарыгерлер айта албай жатышат.

Уулум анда 2 жарым жашта болчу, бир жолу катуу ыйлап, басылбай койгонунан неврологго алып бардым. Врач башын томографияга тартып, дары жазып берди. Андан кийин 3 жашында аябай катуу ооруп, ыйлап, кайра врач-психиатрга кайрылдык. Айла кеткенде психологго да бардык. Атайын аутист балдарды колдогон коомдук уюмга барып, баламды тесттерден өткөрдүм. Ал жерде чет элдик адистер ата-энелерге аутист балага кандай мамиле кылуу тууралуу, кантип кам көрүү керектигин үйрөтүп тренинг өтүшөт экен. Ошондой тренингдерге катышып, баламды алып барып жүрдүм. Бирок улам чоңойгон сайын тренингдерден жыйынтык чыкпай калат экен.

Балам азыр 11 жашта, үйдөн чыкпайт, мектепке да барбайт. Анткени башка балдар окуган кадимки мектепте окуй албайт. Кичинекей кезинде атайын аутист балдардын бала бакчасына бергем. Ал жакта балдар уруп койгонбу же тарбиячылар жаман мамиле кылдыбы, барбайм деп, себебин да айтпай койду. Биз эми тренингдер менен эле чектелип жүрө албай калдык. Мектепке бара албагандан кийин үйдөн жекече окутуу керек болуп жатат. Бир күнү сиңдим мышык алып келди эле, ошону менен ойноп кичине көңүлү ачылып калды.

“27 МИҢ СОМДУК ДАРЫЛАТУУГА МУКТАЖБЫЗ”

– Учурда баламды дарылатууга каражат чогултуп, демөөрчүлөрдү издеп жатам. Аутизмден Японияда жасалган дарыдан айыккандар бар деп уктум. Кыргызстандагы кеңсесине барып врач жана нейрохирургдарга жолугуп, кеңеш алдым. Алардын айтымында, аталган дары ичтеги мите курттарды чыгарат экен. Мындан соң бала мурдагыдай агрессивдүү болбой калат дешти. Ошол дарыдан айыккан баланын чоң энеси менен да жолуктум. Анын айтымында, азыр баласы жакшы болуп калыптыр, энесин таанып, үйгө келген адамды жакшы тосуп алат экен. Мурдагыдай агрессивдүү болбой калыптыр. Дарылоо курсу 27 миң сом турат экен. Үмүтүм ушул дарылануу курсунда болуп жатат. Мамлекеттен баламдын майыптыгы үчүн 4000 сом жөлөк пул алабыз. Күйөөм каза болуп калган. Өзүм ушул балам менен алышып жүрүп иштей албай калдым. Мага иштебегеним үчүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала бакканым үчүн 4900 сом пенсия, пособия берилет. Бул акча менен күнүмдүк тиричилигибизди кылып жан багабыз, дарыланууга жетпейт.

Айпери Хожаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
30.12.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эженин номерин бергилечи,менин да баламы аутизм бар деди врач тортко чыкты суйлой элек атын чакырсан карабайт.Эмне дары экен Японияда билгибиз келет,балдар оорубасын Аллахым шыпаа берсин.
30.12.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эжеке, окуп калсаныз, байланышка чыгып коюнузчу препарат жонундо маалымат алуу учун, менин уулум да аутист, мумкун бала тарбиялоодо бири бирибизге пайдабыз тиеттир, уулдарыбызга шыпаа тилейм,89777208960, ватсапп(Мск), эже кутом! Аман болунуз!
30.12.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эже мумкун болсо вотсапп номеринизди жазынызчы мен дагы билгим келет ошол дары жонундо
30.12.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым шыфаа берсин, балдар оорубаса экен!
30.12.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага дагы керек. Урматтуу Супер инфо ушул жөнүндө маалымат алып бергилечи сураныч. Точно жардам берет бекен. Менин балам 14ко кетти. Менин да алым келбей баратааат
30.12.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыфаасын берсин!
30.12.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балким витамин жетишпегендендир? Витаминдүү азыктарды берип же бир курс витаминный комплекс берип көрбойсүңөрбү? Бир алысыраак таанышыбыздын баласы 3 ко чыкса да сүйлөбөйт эле, витаминдерди бергенден кийин бир жакшына суйлоп калган.
01.01.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janym_balam,Кээ бир аутист балдар кадимкидейле суйлойт.
30.12.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жооп кутобуз эженин номерин купуяга жазып коесунарбы?
31.12.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай препарат болсо эчак эле бум болот элего сайтын баарына азыр толтура аутист балдар , менин кызым да 4 жашта аутист тоже суйлобойт козго карабайт азыр бираз жылыш болуп атат психологдорго сеанска такай барып атып, аутист балдарга психологдордун жардамы керек , кее бир кучтуу психологдор чыгарат деп уккам ушундай балдарды аутизмден
31.12.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Avrora2017,витамин десе препарат дейсиңер да. Витаминдер- балык (майлуу балык),морская капуста, сухофрукты, эттер, жашылча жер жемиштер. Көп оорулар туура эмес тамактангандан болот. Кыргыздар көп курулган аш менен, камыр тамактарга тоюп жүрө беришет. Шириндиктерди-конфет, сок, мароженное ото аз ьерген жакшы.
01.01.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
janym_balam,Жоок адашасыз, аутизмдин причинасы башка болот,торотто башы кысылып калса,курсактагы травма,тяжелый металл ртуть себеби коп,биз коп витаминный терапиядан отконбуз,аутизмди психологдор чыгарат.Билип билбей жазбаныз.
01.01.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
meni_kut,аа кечиресинер анда. Аллах шыпаасын берсин!
janym_balam түзөттү 2020-01-01 23:57:26
02.01.2020. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meni_kut,туптуура баш кысылып калганда дегенге кошулам
02.01.2020. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок сыздайт, кызымда аутизм признактарын байкап усиленно заниматсетип баштагам, ошондо 1 жаш 3 ай болчу, в основном 3 жашында кеч байкалганда оор болмок. Азыр Аллага шугур баары жакшы. Мээде нейрондор оспой калганда аутизм болот экен. Ошол учун баланын мээсин остургон табыгий витаминдерди бериш керек экен. Кичинесинен эле. Балдар оорубасынчы кудайым ай. Эми коркконуман торогум да келбейт. Кудай озун кечире кор
02.01.2020. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mystery,причинасы коп,биз Москвага чейин бардык,причинасы родовая травма.
02.01.2020. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аутист балдарга кыргызстанда мелатонин дары сы жазылабы билбейсинерби ?
02.01.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,Ооба Казахстан Озбекстан Кыргызстанга биринчи жонотулот испытание катары,Казахстанда коп бала тескеринче назад кетти, Тенотен да испытаниеге Средний Азияга келди ,бирок ал жакшы чыкты.
02.01.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин билишимче 70%от аутизм от прививки АКДС....доказона....
03.01.2020. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аутизмди реабилитациялоо максатында группага чакырам. 89777208960,
Эже байланышка чыгыныз сураныч, окуп калсаныз...
04.01.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulua,мага жазынызчы вотсаптан +996755004384 мага да маалымат керек
04.01.2020. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии кудайым ай баарыныздардын балдарыныздар сакайып кетсин,эч Бир Жан оорубасын
04.01.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аутизм мн ооругандардын арасында сакайгандар барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо