ЖАРАМАЗАН АЙТЫП, ЖАРПЫБЫЗ ЖАЗЫЛА КАЙТТЫК...

№408 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.

Рамазан айыңыз кут болсун!

Кыргызда илгертен орозо учурунда жарамазан айтуу деген жакшы салт бар. Ошол салтты карманган биз да дайыма жарамазан айтып келебиз. Бул жылы биз ырчылар Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов жана продюсер Канат Кадыржан менен бирге аккордеон, комуздун коштоосунда коомубузга аты белгилүүлөрдүн үйүнө жарамазан айтып бардык.

Алгач мыкты аранжировкачы, супер ырчы Ильяз Абдыразаковдун үйүн көздөй жөнөдүк.
Ильяздын короосуна түптүз эле ырдап кирдик. “Ырчы жигит аранжировка жасап укпай жатса керек...” деп коюп төгө баштадык дейсиздер! Көрсө, Ильяз бизди терезеден видеого тартып жаткан экен. Иниси, апасы, эжеси, ырчы жана аранжировкачы Өктөм Сапар уулу болуп бизди тосуп чыгышты.
Ильяздын апасы жигиттерге калпак, кыздарга жоолук салып, ак дасторконго өткөрдү. Адатта жарамазан айтканда сырттан эле кетет эмеспи, Ильяз болсо “даам сызып кеткиле, куттуу үйдөн кур чыкпагыла” деп түркүн даамдарды жайнатып жиберди.

Кийинки сапар ди-джей Назира Кадыеваныкына эле. Заңкылдап эле ырдап кирсек, кошуна-колоңдору чыгып жардана карап калышты. Назира айым жолдошу экөө бизди маңдайы жарыла тосуп алышты. “Сырттан эле кетебиз” дегенибизге болбой, ак өргөөсүнө жетелеп киришти. Бул учурда биздин ырчылар бир шаңшыды дейсиз, айтор, таланттар чыныгы талант экенин көрсөтүп, элдик ырдан баштап өздөрүнүн ырына чейин созуп калышты.

“Кеңеш” тобу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашашат. Подъездде эле заңкылдап ырдап кирсек, “үйгө кирип ырдагыла” деп конок үйүнө киргизип кетишти. Берилип кеткен Мүзүр байке бизге кошулуп ырдап жибербеспи. Батабызды берсек, жетине албай дубалга илинүүчү килемче, ал эми жигиттерге 2000 сом берди. Гүлмира айым сахнада гана эмес, ашканада да мыкты экенин көрсөтүп, куурдагын койду.

Болжогон план боюнча "Тумар" радиосуна бардык. Биз барган убакта "Тумарда" "Саратан түндөрү" берүүсү болуп жатыптыр. Эфир жүрүп жаткан кабинетке ырдап-чордоп кирип бардык. Микрофондо ди-джей Азамат Эркинбаев отурган экен.

Дүйшөмбү күнү айткан жарамазаныбыз кийинки күнү да уланып кетпеспи. Буга продюсер жана ырчы Ислам Сатаровдун кафе ачканы себеп болду. Ислам кесиптештери Динара Эсенгулова, Семетей Мырзаканов, Нурслан Сыдыгалиевди кафесине чакырып жаткан кабарын угуп, биз да баш багып калдык.

Биздин 2 күнгө созулган жарамазан айтуу жөрөлгөбүз соңуна чыкты. Биз барган сахна адамдарынын, радиоалпаруучулардын меймандос экендигине дагы бир ирет ынандык.
"Супер-Инфо" гезити жалпы кыргыз калкын Рамазан айы менен кызуу куттуктайт. Кармаган орозо­ңуз­дар кабыл болсун! Ар бир үйгө кут, ырыскы, береке толсун!

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(6)
27.08.2010. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо дайым супер да,Барыныздарды рамазан айыныздар менен куттуктайм!
Кармаган орозонуздар кабыл болсун. Дасторконунуздар нанга толсун.
27.08.2010. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun bolgongo, jakshy shanduu kun otkoruptursunor. Negizi ele originalduu nerselerdi jasaysyzdar da.
28.08.2010. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суппер!!!! азаматсынар!!!))))
29.08.2010. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitylgan kaloo -tilekterdin baary orundalsyn...
29.08.2010. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!!
30.08.2010. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарамазан айтып барып, анан ыйык нерсенин артынан бильярд ойношкону туура эместей го. Ошол жерин кылбай эле, же газетага жазбай эле койсо болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо