АНАР – СУПЕР ЖЕМИШ

№896 2-8-январь, 2020-жыл

Анардын сезону келип, базарларда толуп турган чагы. Адамдын организмине аба, суудай эле керек анарды тамак рационуна эмне үчүн кошуу керек экенин айтып беребиз.

Анардан эт азыктарында гана болчу 15тей амин кычкылдыктарын алууга болот. Бул жемиш организмдеги темирдин жетишсиздигин жоюп, анемияга каршы мыкты курал боло алат. Чыгыш медицинасында анар метаболизмди жакшыртууга, тамак сиңирүүнүн абалын жөнгө салууга, иммунитетти көтөрүүгө жана кандын курамын жакшыртууга колдонулат. Анар эң мыкты антиоксидант. Ал кызыл шарап жана көк чай сыяктуу тамак сиңирүүчү суусундуктардан 3 эсе жогору жардам берет. Организмдеги энергиянын деңгээлин жогорулатат. Ичеги-карындагы сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. 2016-18-жылдар аралыгындагы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, анар эркектерге да абдан пайдалуу. Бул азык рак жана простатит дартына кабылуунун алдын алат. Ошондой эле сперматозоиддердин кыймылдуу болушун жакшыртат. Дарыгерлер анарды балалуу боло албай жүргөн эркектерге сунушташат.

Анарды чоң кишилер күнүнө бирден, ал эми балдар күнүнө жарты анар жеп туруусу керек. Салаттарга кошуп жеген да пайдалуу жана жегиликтүү. Анардын кабыгында дагы пайдалуу заттар толтура. Андыктан анын кабыгын ыргытып жибербестен кагаздын бетине жайып кургатып алуу керек. Кургатылган кабыкты чай сыяктуу эле демдеп ичсе болот. Ошондой эле демделген анардын кабыгы ич өткөктү басууда миңдин бири.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
10.01.2020. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кенеш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо