Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№897 9-15-январь, 2020-жыл

АНАНАС АШЫКЧА САЛМАКТАН АРЫЛУУДА ЖАРДАМЧЫ

  1. АНАНАСТЫН ПАЙДАСЫ

    • Ананас же да арыкта! Мөмөнүн курамындагы В1 витамини зат алмашууну жакшыртат. Тамактын артынан ананас жеп коюп жүрсөңүз, жеген тамагыңыз майга айланбайт.
    • Тамакты жакшы сиңирет. Тамак сиңбей калган учурда ширесинен 100-200 грамм ичүү сунушталат. Айрыкча буурчак, күрүч, эт азыктарын тоё жеген учурларда эң жакшы каражат.
    • Тропик жемишинин курамындагы антиоксиданттар, С витамини жана бета-каротин жаштыктын эликсири болуп саналат жана теринин серпилгичтигин арттырат.
    • Көңүл жана баш айланууну басаңдатат.
    • Ананастын курамындагы бромелаин өсүмдүк ферменти ашыкча салмактан арылууда жардамчы.
    • Шишик баскан учурда күнүнө жарым ананас жесеңиз же анын бир стакан нак ширесин ичсеңиз жардам берет.
    • Кандын курамындагы серотонинди (бакыт гормонун) көбөйтүп, көңүлдү кушубак кылат.
    • Аз кандуулуктун жана цинганын (витаминдердин жетишсиздиги оорусу) алдын алууга мүмкүн.
    • Жаш балдардын өсүп жаткан организмин витаминдер менен камсыздайт.
    • Жогорку кан басымды түшүрүүдө жана жүрөк кан тамыр ооруларына даба. Анткени ал кан тамырларды жакшы тазалайт жана бекемдейт. Мөмөнү такай жеп жүрүү менен кандагы холестеринди тазалоого жана гемоглобинди нормалдаштырууга болот.

    Эскертүү! Ананастын курамында кычкыл көп болгондуктан тишинин эмалы начар, бүйлөсү жабыркагандарга, гастрит жана ашказан жарасы барларга сунушталбайт. Ошондой эле бала эмизген энелер, 6 жашка чейинки балдар жана дары-дармек ичип жаткандар бул мөмөдөн баш тарткандары туура.

  2. ТООК ЭТИ МЕНЕН АНАНАС

  3. Керектелүүчү азыктар:

    Тоок эти – 500 грамм

    Күрүч – 250 грамм

    Ананас – 4-5 кесим

    Пияз – 1 баш

    Кабак – 1 даана

    Болгар калемпири – 1 даана

    Козу карын – 100 грамм

    Соя соусу – 2 аш кашык

    Сарымсак – 2 тишче

    Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

  4. ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

    1. Тоок этин төрт чарчы, болгар калемпирин жана ананасты төрт чарчы формасында туурайбыз.

    2. Кабак менен козу карынды туурасынан жука кесип алабыз. Ал эми пияз менен сарымсак майда тууралат.

    3. Казанга өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде этти салып 7-8 мүнөт жай отто кууруйбуз.

    4. Эми казанга пияз, андан соң калган жашылчалардын баарын салып 3-4 мүнөт кууруйбуз.

    5. Жашылчалардын үстүнө татымына жараша туз, мурч себелеп, соя соусун куюп, ананасты салып бир аралаштырабыз да, капкагын жаап жай отто 10 мүнөт демдейбиз. Тамагыбыз даяр! Бул даамга гарнир катары сууга бышырылган күрүч ылайыктуу.

  5. АНАНАС ЖАНА РУККОЛА САЛАТЫ

  6. Керектелүүчү азыктар:

    Руккола – 50 грамм

    Черри помидор – 6 даана

    Тооктун төш эти – 100 грамм

    Консерваланган ананас – 100 грамм

    Жер жаңгак – 20 грамм

    Пармезан – 10 грамм

    Майонез – 1 аш кашык

    Зайтун майы – 2 аш кашык

    Бальзам уксусу – 1 аш кашык

    Туз, мурч – татымына жараша

    ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

    1. Тооктун төш этине туз, мурч себелеп, майонезден сүйкөп, 20 мүнөткө маринаддап коёбуз. Андан соң этти жука тилебиз. Көмөч казанга бир аз май куюп, этти кактап бышырып, чакан бөлүктөргө бөлөбүз.

    2. Консерваланган ананастын кесимин 8, черри помидорун 4 бөлүккө бөлөбүз.

    3. Жер жаңгакты майдалап алабыз.

    4. Рукколаны таза жууп, суусун сарыктырабыз.

    5. Чоң идишке жашылчалардын баарын салып, бальзам уксусун, зайтун майын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!

    6. Салатты тарелкага салып, үстүнө майдаланган жер жаңгакты жана сырды себелеп, дасторконго коёбуз.

  7. АНАНАС ТОКОЧУ

  8. Керектелүүчү азыктар:

    Каттама камыр – 500 грамм

    Консерваланган ананас – 500 грамм

    Кумшекер күкүмү – 15 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

    1. Банкадан ананасты алып чыгып, кагаз майлык менен аарчып кургактайбыз. Андан соң аны кумшекер күкүмүнө оонатып алабыз.

    2. Каттама камырды 0,5 миллиметр калыңдыкта жайып, туурасы 1 сантиметр болгон кесимдерге кесебиз.

    3. Бул кесимдер менен ананастын мөмөсүн ороп чыгабыз. Ортосуна камырдан бир аз алып, тоголоктоп коюп коёбуз.

    4. Токочту электр мешинин табасына тизип, бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүттөн себелеп, 200 градус ысыкта бети кызарганча бышырып алабыз.

    5. Токоч муздаган соң бетине кумшекер күкүмүнөн себелеп, дасторконго коёбуз.

  9. Дамира Арстанова
    kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
13.01.2020. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ананас ашыкча салмактан жана акчадан арылтат
14.01.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Точно бир ананас сатып алып 1 жума тамак сатып ала турган акчага арыкты ана:))) мен арыктабадым. Тилим ачышып оозуман кара суу келип олоюн дедим
17.01.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анансты абайлап жеш керек, бизге суук келет. Москвада кымбат деле эле. Бирок суук келет тилди оюп давленияны тушуруп жалдыратып жаткыра коет. Чочко этин жеген орустар бап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо