Чыңгыз Мырзаев, телеалпаруучу: “КӨК БӨРҮНҮН ӨЗҮНӨ ТАРТЫП АЛГАН СЫЙКЫР КҮЧҮ БАР”

№897 9-15-январь, 2020-жыл

Көп кырдуу талант, сүйлөсө оозунда маңыздуу сөзү бар, ырдаса үнү, телеге чыкса жүзү бар мырза Чыңгыз Мырзаев бул аптанын каарманы. Кыштын чилдесинде, кар жаап жатканына карабай борборубуздагы ат майданда улак тартып жүргөн жеринен жолугуп, маек курдук.

– Арыбаңыз, Чыңгыз мырза! Кышкы эс алуу күндөрүн минтип ат үстүндө өткөрүп жаткан экенсиз да?

– Ооба, бул эми кыргыздын канында бар нерсе да. Кесипкөй улакчылар менен тең тайлаша албасак да, өз алыбызга жараша чыгармачыл инсандар, достор, санаалаштар менен биригип алып ойноп жүрөбүз.

– Чыгармачыл инсандар деп калдыңыз. Алар кимдер?

– Улак оюндарын ойноп туралы деп былтыркы жылы баштаганбыз. “Маданият көк бөрү” деп командабызга ат коюп, WhatsApp’тан топ ачып алганбыз. Командабыздын капитаны Фархат Бекмамбетов. Көч башчыларыбыздан төкмө акын Аалы Туткучев, манасчылардан Замир Баялиев агабыз, алардын окуучуларынан бар, ырчылардан Токтобек Асаналиев, тамадалар, алпаруучулар бар, айтор, жыйырмадан ашуун оюн ышкыбоздору топтолгонбуз. Командабыздын атайын сарайы бар, анда 12 ат таптайбыз. Бош убактыбыз боло калганда бул жакка келип, аларга кам көрүп, аттарыбызды өөп-жыттап, ары-бери чабабыз дегендей. Анан жумасына бир ирет чогулуп улак тартышып, кечкисин куурдак жасап жеп алып тарайбыз. Бул оюндун өзүнө тартып алган сыйкыр күчү бар экен.

– Даярдыктар күчүндө экен. Бул команданы кайсы бир лигадан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?

– Буюрса, камылга көрүп жатабыз. Былтыр, мисалы, депутаттар ойношту. Блогерлерден, журналисттерден түзүлгөн командалар бар. Балким, Ноорузда же кийинчерээк башка бир майрамдарда чыгып каларбыз.

– Окурмандарыбыз “Чыңгыз Мырзаев улакчы болуп кетиптир” деп калышпасын. Чыгармачылыкка кайтсак...

– Чыгармачылыкта эл катары эмгектенип келатабыз. Теле тармагында элемин. Андан тышкары үй-бүлөлүү болгондон кийин көптүн катарында бала-бакыра бакмай. Тойлорго тамадалык кылып чакырган жерге барабыз, чакырбаса капа болмой жок. Айтор, көптүн катарында иштеп, алпурушуп келатабыз.


– Радионун даамын бир татып алган адам ал жактан кете албай кайра-кайра кайрыла берет дешет...

– Менин карьерам ошол жактан башталды. Ал жакта 7 жыл эмгектендим. Радио менин келечегимдин ачкычы болду деп айтам. Бул нерсе жаш өзгөчөлүктөн да көз каранды болот экен. Улам жыл өткөн сайын көз карашың, дүйнө таанымың өзгөрөт дегендей. Мурда көңүл ачуучу берүүлөрдө иштесем, балким, эми маалыматтык берүүлөрдө иштеп калармын. Айтор, жакшы сунуш түшсө же өзүмдө автордук берүү тууралуу ой пайда болуп калса барып иштөөгө неге болбосун? Радионун эң башкы ырахаты – бул эл менен түздөн-түз иштөөгө берген мүмкүнчүлүгү жана эркиндиги. Мисалы, азыр деле бир кызыктуу сөз уксам ошону элге айткым келе берет. Аны радиодон айтып алууга мүмкүнчүлүк болмок, ал эми теле тармагында бир рамкадан чыгууга болбойт. Ошондуктан радиону сагынган учурлар болот.

– Чыңгыз Мырзаев бир кезде ырчылардын да катарында эле. Ал тургай аншлаг менен жеке концерт бергенсиз. Ырчылык жаатында эмнелерди айта аласыз?

– Эми бул жаатта деле бир кезде куюлган пайдубал бар да. Учуру келгенде мөмөсүн берер. Жаз кеткенден кийин күздү күтүш керек. Буюрса, бышканда түшүмүн алабыз го. Азыр деле ырчылык тууралуу ойлор жок эмес. “Мындай темада ыр жазсак болот экен” деп ой багып, арканды алыс таштап жүргөн учурубуз.

– Көп жылдан бери элдин назарында келаткан инсансыз. Атактуулуктан эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Жоготкондон тапканым көп болду. Кудайга шүгүр, эл арасында кадыр-барк күттүм, ак эмгек кылдым, адал ырыскы таптым. Жасаган эмгектерим, үй-бүлө курганым да чыгармачылыктын арты менен. Кул өлмөйүн ырыскысы түгөнбөйт дейт. Кудайга шүгүр, чыгармачылыктын арты менен ырыскыбызды таап келатабыз.

– Сизди эл алдына чыгарып жүргөн өнөрлөрүңүз тууралуу сүйлөшүп жатып той башкарган тамадалык өнөрдү унутта калтырсак болбос. Борбордогу мыкты тамадалардын бири катары айтсаңыз, сиздин оюңузча, идеалдуу той...

– Идеалдуу той монтаждалгандан кийинки видеодо же кинодо гана болбосо, чыныгы жашоодо болбойт го дейм. 5ке чакырган коногуң 7-8де келип жатса кайдагы идеалдуулук? Колдон келишинче өзүмдөн улууларга болбосо да, кичүү ини-карындаштарга кандайдыр бир таалим-тарбиялык мааниси бар оюн-зоокторду уюштуруп, жакшы кеп айтканга аракет кылам. Менин оюмча, 180-200 кишиден ашпаган тойлор бир аз иреттүү өтөт.

– Бүгүнкү күндө сизди коомдогу эмне кубандырат да, эмне ойго салат?

– Кубандырганы – тынчтыгыбыз. Көч бара-бара түзөлөт дешет эмеспи. Тынчтык болсо, калганы акырындап боло берет. Мисалы, 10-15 жыл мурункуга салыштырмалуу жаштарыбыз эне тилин баалап калышты. Анан да ушул өлкөнүн жараны катары кээ бир нерселер ойго салат, албетте. Мисалы, чек ара маселеси, миграция маселеси сыяктуу олуттуу көйгөйлөр көп.

– Жеке пикириңизде, ийгилик деген эмне?

– Ийгиликти ар ким ар кандай түшүнөт. Менин пикиримде, ата-энемдин, бир туугандарымдын, жубайымдын, кыздарымдын жанымда болгону. Алардын аман-эсен, ден соолукта жүргөнү. Астымдан суу өтпөй, үстүмдөн тамчы тамбагандыгы. Адамга мындан артык эмне керек? Тобо кылмайынча адам баласы тойбойт да. Ийгиликтерди санай берсе көп. Өзүмдү элдин алдындагы эмес, артындагы эмес, ортосундагы адам катары эсептейм.

– Кеп соңунда үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз. Кичинекейлериңиз чоңоюп жатышабы?

– Кудайга шүгүр, үй-бүлөдө баары жакшы. Кыздарым чоңоюп жатышат. Улуу кызым быйыл мектеп босогосун аттап, 1-класста окуп жатат.

– Маегиңизге рахмат!

Чолпон Сүйүнбаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Чыңгыз Мырзаев: "Маданият өкүлдөрү биригип, көк бөрү ойной баштадык"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(19)
13.01.2020. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Менин коз карашымдагы идеалдуу инсан))) Создун баамын тушунуп, даамын чыгарат.
13.01.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мыкты инсан ийгилик сизге үй бүлөлүк бакыт.
Урматту супер жамааты төкмө акын Аалы Туткучевтен интервью алыңыздарчы,алдын ала рахмат.
13.01.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
salimbek87.kg, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
13.01.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мыкты мырза!
13.01.2020. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ата энесине таазим ушундай уулду тарбиялап чонойтконуна
13.01.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Окуп отуруп эс аласың го чиркин. Бала кезден радиодон угуп чоңойгон үчүн азыр көзүмө башкача көрүнөт, эски тааныштай.)
13.01.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир да жеринде мактануу жок. Нак эркекче маек
13.01.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер инсан
13.01.2020. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соз таптаган инсандын созун уксан эс аласын. Мен мен мен деген нерсе жок. Жумшак ошол эле убакта олтуу маек. Эс алдым окуп атып. Чын эле тообо келтирип шугур кылып жашаш керек.
13.01.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да баалаймын бул инсанды
13.01.2020. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эң сонун. Уй булолук бакыт каалайм.25 жаш деген ырын көп укчумун.Мен мен деп мактанган жылдыздар чыкса кызынан эркегине чейин талкуулайбыз мындай инсанга каалоо тилек жазуу көбүнүн оюна келбесе керек. Дагы айтабыз тажадык мактанчак ырчылардан бөлөк ырчылардан интервью алгыла деп.
13.01.2020. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Mamiev,Ооба, Анжелика, Самара,Гулзат дегендерден эл тажады.Супер инфо ушундай элге улгу боло турган инсандарды чыгарса жакшы иш кылган болот эле.
Mister-X түзөттү 2020-01-13 23:36:53
15.01.2020. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mister-X,ооуу айтпагыла везде ошолор
13.01.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Респект хороший чел
13.01.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чыке 37ге келип калыптыр......ар бир адамга жакны адамындай мамиле кылат.Радиодогу иштеген мезгил сонун кез болду го....
16.01.2020. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынгыз Мырзаев, атына заты жарашкан жигит!
SUPER.KG видео
17.01.2020. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист жакшы суролорду бериптир ошону оператор жакшы чагылдыра албаптыр атак Чынгыз жакшы инсан.
17.01.2020. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул азамат жигит экен. Элге таанылгандан бери эч бир ойсоке мүнөзүн көрсөтпөй өзүн мыкты инсан экенин далилдеп келе жатат.
17.01.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы Чынгыз мырза.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо