«КУРБУМА ҮЙЛӨНҮП, МЕНИ АЗАПКА САЛДЫҢ»

№897 9-15-январь, 2020-жыл

Көчөдө ойго чөмүлүп баратканымда артымдан бир жигиттин үнү угулду.

– Жаңыл,- дедиң жай гана.

Адатта көчөдөн жигиттер тийишсе, көңүл бурбай өтүп кетем. Бирок сенин үнүңдү мен миң үндүн арасынан таанымакмын. Жүрөгүм аңтарылып кетти. Кулагым укканды көзүм далилдеши керек эле. Жай бурулуп карасам, артымда чын эле сен туруптурсуң. Жүрөгүмдүн согушу тездеп, башым дуулдап чыкты. Сүйлөй албай, сени тиктеп туруп калдым. 10 жыл. Арадан 10 жыл өткөндөн кийин кайрадан сенин көздөрүңдү карап турам. Ошол эле ойноок көздөр, мага башкача суктануу менен караган көздөр. Көздөрүң өзгөрбөптүр, бирок өзүң мурункудан жүдөй түшүптүрсүң. Ооба, үй-бүлө багыш оңой иш эмес. Шыңга бойлуу, келбеттүү жана ишенимдүү көз карашы менен мектептеги ар бир кызды бат эле өзүнө багындыра алган Улан жашоонун түйшүгүн тартып бир аз алсыздана түшүптүр. Мени көрүп сүйүнүп кеттиң. 10 жыл мурун да ушундай кубанчусуң. Күндө класска кирериң менен мени издеп, сабакта суктанып тиктей берчүсүң. Мектепти бүтөр жылы, 11-класста сен экөөбүз бири-бирибизди тапканбыз. Окуучу кезимдеги сүйүүм жүрөгүмдү ээлеп алып, кийин да башкага орун бошотпой койду.

Сени жашоомдон чийип сала турган окуя экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 3 жыл болгондо болду. Жакын курбум жана сен. Экөөңөр тез арада баш кошушуңар керек болуп калды. Анткени курбум сенден наристе күтүп жатыптыр. Бул кабарды укканда эсимди жоготуп койгонумду сен да уккан чыгарсың. Ырас, кийин мени менен коштошуп кеттиң. Менин көзүмдөгү эң күчтүү, эч качан эмоцияга алдырбаган жигит мени менен коштошкондо алсыздыгын көрсөткөн. Көз жашыңды кармай албай мага болгон сезимдериңди айткансың. Ооба, мен сенин сүйүүңө дайыма ишенем. Анткени сен менден башканы сүйө албайсың. Азыр бири-бирибиздин ичибиздеги сезимдерди, ойлорубузду көздөрүбүздөн окуп бир саамга жымжырттыкта туруп калдык. Бир маалда колумдан кармап, жүзүмдөн сүйүп учураштың. Сагыныптырмын. Дал ушул учурда менин жашоомдогу боштук сенин ордуң экенине толук ынандым.

– Сагындыңбы?,- кулагыма шыбырадың

– Ооба.

10 жылдан бери сагынып жүргөнүмдү жашыргым келген жок. Аз убакыт чогуу сейилдедик. Буга чейин деле классташ кыздарымдан жашооңдогу жаңылыктарды угуп жаткам. Эми өз оозуңдан уктум. 3 балалуу болуптурсуңар. Курулушта иштеп жатыптырсың. Көп нерсе айтып бердиң. Мен болсо азыр кайра эле мени таштап кетериңди ойлоп тыбырчылаган жүрөгүмдү соорото албай убара болуп жаттым. Кайрадан сени коё берүү, мындан ары да сенсиз жашоону улантуу... Бирок айла жок. 3 балаң менен аялыңдан тартып алып бактылуу боло албайм. Ичим өрттөнүп жатып кайрадан сүйүктүүмдү коё бердим. Бул колдордун жылуулугун дагы качан сезем, ким билсин? Балким, эч качан. Кудум 10 жыл мурун сени айла жок коё берген абалдагыдай сезим. Анда да ичим өрттөнгөн. Азыр ичимдеги сүйүүнү, сагынычты тартынбай айтып, кучактап, тоё жыттап алгым келди. Бирок батына алган жокмун. Ошол эле учурда сен деп соккон жүрөгүмө экөөбүздүн абалыбызды түшүндүрө албай койдум. Бул жүрөк азыр да өзүңдү издей берет. Сүйлөгөнүңө, мага кылган мамилеңе караганда сенин жүрөгүң да мени каалайт, мени күтөт экен. Бир жолку акылсыздыгыңдын азабын минтип экөөбүз тең тартып жатабыз. Мен башка жигиттерге көңүл бура албай койдум. Сен калтырган боштукту башка менен толтура албадым. Сен болсо сүйбөгөн адамга баш кошуп, жүрөгүңдө башка адамды багып, балдар үчүн жашап жатканыңа өкүттөсүң. Мен андай ката кылбайм. Жүрөгүмө сени жашатып, жашоомо башкасын киргизбейм. Эгер бул сүйүүм түбөлүк болсо, анда түгөйсүз өтүүгө даярмын. Анткени сенден баш тартпайм, сенин ордуңду башкага бербейм.

Жаңыл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(11)
13.01.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайгынды тен болушомун. Буюруса баары жакшы болот урматтуу автор.
13.01.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жигитиниз суйсо, сизди алмаштырбайт эле менимче... Андан коро тенинизди таап бактылуу болунуз автоо
13.01.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм. даа.... Ойнош ошентип башталат да
13.01.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жалгыз өтүүнүн эч кажети жок анткени "тиги"бул нерсеге арзыбайт.Наоборот ошол шүмшүктүн көзүнө көрүнүп жашаш керек болчу.
13.01.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сен деле эмне десе да даяр турат экенсин. Андан көрө башкага турмушка чыксаң өкүнбөйсүң. Ойнош болсоң өкүнүп калышын мүмкүн?
13.01.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эски... чыныгы... унутулгус... ысык... ыйык суйуу... 25 жыл отсо да дале ошол бойдон журокто жашап келет го чиркин суйуулор. Куда шугур сен да, мен да чон уй- булоонун эгесибиз. Бирок суйуунун очушу кыйын экен. Тушко кирип журогумду эзесин... Мен сени суйом... Шугур...
14.01.2020. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудайга шугур мен куйоомду суйуп калдым. Айланайын кантип 25 жыл суйосунор? менин деле мектептеги суйуум тушумо кирет. мен да класстан издечимун мага да 10 жыл болду. бирок менин куйоомдун тырмагына татыбайт. зачем аны суйуп. бирок кээде озумдун ошол суйуп жургон учурумду суйуумду жаштыгымды сагынам. эээххх вот таак. суйуп кутпой азыркы бакытты кармай билип бактылуу жашагылачы.
14.01.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай кыз эсин барда эрге тий,уй булоо кут, бала чакалуу бол кайдагы суйуунду кутпой ал сени суйбооойт, суй бойт сени суйсо досуна уйлонмок беле? ананда 3 баланы суйуусуз жаратмак беле? акылынды жыйнап ойлонсон. Аялын суйбоойт деп шам жагып карап тургансып суйгону учун жашап ататда бала чакалуу болуп анын жашоосу алда канча кызыктуу сен куйого тий бактынды тап бала чакалуу бол!
14.01.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менда бироону суйуп куйуп ыйлап ии койчу ошондо эчкимди суйбойм дегенимчи азыр кудайга шугур турмушка чыктым 3 баланын энесимин ошол кундорумду эстеп алып куломда
18.01.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оляяяяя азыр дагы ушундай суйуулор барбы?! Илгери суйуу кучтуу болчу, азыр суйуулор акчага , лайкка сатылып кетти гоо.
19.01.2020. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашоодо болуп туруучу көрүнүш дегилечи. Бирок ушинтип жакшы жомок токуп коюшат да адамдарды кызыктырып) Бул аңгеме эле. Азыр сүйүүсүн күтүп, өмүр бою жалгыз өтүүгө батынгандар жоокко эсе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо