Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭГИЗДЕР ЭҢ КӨП ЖАШАГАН АЙЫЛ

№898 16-22-январь, 2020-ж.

Индиянын Керала штатындагы Кодинхи айылына барган туристтер алдыларынан чыккан эгиздерди көрүп таң калбай койбойт. Мектептеги мугалимдер да эгиздерди алмаштырып чакырган учурлар көп болот. Кызыгы, бул айылда эгиздер эмне үчүн көп төрөлөрүнүн сыры эмдигиче ачыла элек.

Индиянын Керала штатынын Кодинхи айылы дүйнө жүзүндө эгиздер эң көп төрөлгөн айыл болуп эсептелет. Айылда 2000дей үй-бүлө бар. 1000 бала туулса болжол менен алардын 45и эгиз болот. Мисалы, 2008-жылы 300 аял көз жарып, алардан туулган эгиздердин саны 15ти түзгөн. Учурда айылда расмий түрдө 220 эгиз бар экендиги катталган. Мындай феномендин сырын изилдеп келе жаткан жергиликтүү 40 жаштагы врач Кришнан Шрибия: "Эгиздердин саны 220дан көп, менимче, 300-350гө жакын. Жыл өткөн сайын эгиздер көп төрөлүүдө. Менин изилдөөлөрүмө караганда, мындай көрүнүш 60-70 жыл мурда башталган. Биохимиялык анализ жасоочу шаймандарым жок болгондуктан эгиздер эмне үчүн көп төрөлө тургандыгын так айта албайм. Айрымдар курчап турган чөйрөнүн булганышынан дешет. Антейин десең эгиздердин баарынын ден соолуктары чың.

Батышта жасалма уруктандыруу жолу аркылуу эгиз балалуу болууга мүмкүн. Анын үстүнө эгиздерди жашы улуу, бою 160 сантиметрден узун аялдар төрөшөт. Кодинхи айылында болсо кыздар 18-20 жашында турмушка чыгып, жыл айланбай балалуу боло башташат. Бойлорунун узундугу орточо эсеп менен 152 сантиметрдин тегереги. Жасалма уруктандыруу ыкмасы үчүн аялдарда акча жок. Андыктан эгиздер табигый түрдө төрөлүшөт. Менимче, эгиздердин көп төрөлүшүнүн сыры айылдагы аялдардын тамактануусуна байланыштуу",- дейт.

Жергиликтүү жашоочулар өздөрүнүн айылын «эгиздердин үйү» деп аташат жана эгиздердин үй-бүлөсүнүн ассоциациясын түзүшкөн.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
20.01.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда аябай эгиз балалуу болгум келет бизге да көп эгиздерди насип кылса экен. Эгерде тамактануусунан болсо эмне тамак жешет экен а Менда ошолор жеген тамакты жемекмин
21.01.2020. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мисалы эгиздин бир тугойу эгиз эмес кызга уйлонсо же эгиз кыз турмушка чыкса баары бир эгиз торолооруно кепилдик бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо