№899 23-29-январь, 2020-ж.
Иран парламентинин депутаты Ахмад Хамзе өлтүрүлгөн генерал Сулейманинин кичи мекени Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан Трамптын көзүн тазалаган адамга акчалай сыйлык берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, парламентте сөз сүйлөгөн депутат "Трампты өлтүрүп, башын алып келген кишиге үч миллион долларды дароо төлөп беребиз" деген.
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШнын Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани каза болгон.
Дамира Арстанова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |