БИЛИП АЛ: КУМ КАЗЫК

№899 23-29-январь, 2020-ж.

Көрүнүшү кумдан жасалган казыкка окшошуп кеткен, гүлү бузулган эттин жытын эске салган өсүмдүк бар. Болгондо да мите өсүмдүк. Ал – кум казык.

Кум казык (жунгар цино­мо­рийи, мальта козу карыны) – Кыргызстанда жарым чөлдүү жерлерде, шор-чопо топурактуу талаада, кызыл кум-таштуу чап менен аскаларда, эки жагын суу жеп, жар кылып кеткен кууш өрөөндөрдө өсөт. Боюнун бийиктиги 10-40 сантиметр келген көп жылдык, уулуу жана мите өсүмдүк. Анткени ал өз алдынча өспөс­төн, сөксөөл, алабата жана башка өсүм­дүк­төрдүн тамырына жабышып өсүп, алардын тамырынан азык-заттарды соруп алуу менен жашайт.

Гүлү жыттанып кет­кен эт сымал жыттанат. Гүлү кө­пөлөк­төр менен аарыларды кызык­тырбайт, бирок чымындар нектары жана чаңчалары менен азыктанышат, чаңдаштырышат.

Гүлдөгөндөн кийин мө­мө­лөйт. Мөмөсү 1 айда бышат. Жамгыр жааганда жана коңуздар менен кумурскалар мөмөсүн жеш үчүн өсүмдүккө чыкканда уруктары жерге тү­шөт. Уруктарын шамал учуруп башка жактарга да алып барат. Өсүүгө ыңгайлуу жерге түшкөндөрү кийинки жылы өсүп чыгат. Кыргызстандын көп жерлеринде, мисалы, Чүй облусунун Көңөрчөк, Ысык-Көлдүн Жомок кууш өрөөнүндө кызыл кум-таштардан турган аскаларда кездешет. Кыргыздарда илгертен элдик медицинада эркектердин бел кубатын көтөрүүчү өсүмдүк катары колдонулуп келет.

Циноморий илгери Мальта аралында көп өсүп, аны кан акканды токтотуучу жана афродизиак катары колдонушкан. Алар өскөн жерди атайын адамдар кайтарышкан. Ошондон улам Мальта козу карыны атка конгон.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо