ХАБИБ & КОНОР КАЙРАДАН БЕТТЕШЕБИ?

№899 23-29-январь, 2020-ж.

Хабиб Нурмагомедовдон жеңилүү ызасын тартып, дээрлик бир жарым жылча беттеш өткөрбөй келген Конор Макгрегор октагонго ийгиликтүү кайтты. 19-январда Лас-Вегаста UFC 246 турниринин алкагында орун алган ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроненин беттеши көз ачып-жумганча соңуна чыкты. Беттеш старт алгандан тартып атаандашына үстөмдүк кылган Конор 40-секундда Серронени нокаутка учуратты.

“Мен кайтарым менен тарыхка кирдим. 3 салмактык ченде атаандашын нокаутка учураткан жалгыз мушкермин” деп өзүнө корстон болгону менен, беттешке саресеп салган спортчулар бул беттеш жөн гана сүйлөшүлгөн шоу болгонун, Ковбой жеңиш үчүн эмес, гонорар үчүн чыкканын, анын көзүнөн эч кандай каршылашка болгон айбат көрүнбөгөнүн айтышып, Конордун бул жеңишин таза жеңиш эмес деп баалашты.

Бул жеңиш Конор үчүн өтө маанилүү болчу. Себеби Хабиб менен реванштык беттешке жол ачмак.

Беттештен көп өтпөй UFC президенти Дана Уайт Конордун кийинки каршылашы Хабиб болорун билдирди.

“Конор үчүн Хабиб менен болгон реванштык беттеш эң маанилүү. Ал мурунку беттеште толук кандуу даяр болбой калганын билет. Андыктан кайрадан беттешүүгө каалоосу күч. Бул Мухаммед Али–Жорж Форман, Марвин Хаглер–Томас Хирнс, Жо Фрейзер–Мухаммед Али сыяктуу спорт тарыхындагы чоң беттештердин бири болот. Кайда болбосун экөөнүн беттешин сөзсүз кайра уюштуруу керек. Бул Хабиб үчүн деле маанилүү. Ал алдыда Тони Фергюсонду, анан кайрадан Конорду утса, анда 30-0 статистикасы менен жеңилүүсүз карьерасын жыйынтыктай берсе болот”.

Буга жооп кылып учурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов реваншка чыгууга даяр экенин билдирип, Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду. Мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов: “Конор менен беттеш өткөрүүгө биз дагы кызыкдарбыз. Болгону 100 миллион доллар бергиле. Фергюсон менен беттешкенден кийин бул сумманы алып келсе­ңер реванш өткөрүүгө эмнеге болбосун? Билбейм, Данага бул беттешти өткөрүү ушунчалык керек болуп жатса, балким,ал мындай гонорар менен беттеш уюштурууну каалайттыр” деп билдирген.

Динара Акимова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
27.01.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок.
Дана банкрот болбосо эле болгону)
27.01.2020. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хабибтин атасынын апетити крокодил го
27.01.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murat17,)))))) крокодил.....
27.01.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хаба Тонини женип алса эле
28.01.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реваншта Конор алат. "Коросунор, ал беттеш эсинерден чыкпай тургандай болот" - деп ойлойм))
FC_CHELSEA түзөттү 2020-01-28 00:38:46
28.01.2020. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кутом реваншты,эртеси Хабибдин "фанаткаларын"бирөөсүн да таппай калсак керек))))
28.01.2020. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Хабиб кучтуу боец аны мусулман катары сыйлайм бирок бойлору абдан скучный
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо