№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов 6-ирет ата болду. Наристенин бешик боосу бекем болсун деген тилегибиз менен ырчыга байланыштык:
– Кызым 25-январда жарыкка келди. Кеңешип, Сафия деген ысым ыйгардык. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Кудай буюрса, жубайым 50 жашымда кыздуу кылып сүйүнттү. Жараткан наристебизге узун өмүр берсин.
Ырчы Акбар Сүйүнбаевдин үй-бүлөсүндө да толуктоо болду. Ал 3-ирет уулдуу болуп, кубанып жаткан чагы.
– Учурда жубайым менен наристенин ден соолугу жакшы. Кыз болсо да, уул болсо да Айкөл деген ат коёбуз деп алдын ала сүйлөшкөнбүз. Кудайым бизге дагы бир уул берди. Айкөл деген ысым ыйгардык,- дейт Акбар мырза.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ошондо ошол кыз айтты эле, Бактыяр Токторов кошунам болот, аялы жети кыз төрөдү деп...
Эмнеси болсо да өмүрү менен берсин Аллахым