№902 13-19-февраль, 2020-ж.
9-февралдан 10-февралга караган түнү дүйнө элинин көңүлү Лос-Анжелеске бурулду. “Долби” театрында дүйнөлүк киноиндустриясынын негизги жылдыздары топтолуп, киночулар үчүн жылдын эң маанилүү окуясы – “Оскардын” 92-сыйлык тапшыруу аземи өттү.
“Оскардын” тарыхында буга чейин “Мыкты фильм” наамын чет элдик тасма жеңе элек болчу. Түштүк Кореялык режиссёр Пон Жун Хонун “Мителер” (“Parasite”) тасмасы “Мыкты фильм” наамын жеңип алды. Ушул эле тасма “Мыкты чет элдик фильм”, “Мыкты оригиналдуу сценарий” наамдарын да илип кетти. Тасманын режиссёру Пон Жун Хо “Мыкты режиссёр” наамына татыды. Ал кореялыктардын ичинен “Оскар” алган алгачкы режиссёр болду. Сыйлык алып жатып Жун Хо эмоционалдуу сүйлөдү. “Мыкты чет элдик фильм” сыйлыгын алгандан кийин ушуну менен болду го, эс ала берейин деп ойлогом. Академия уруксат берсе, сыйлыкты бир канча бөлүккө бөлүп, ушул номинацияда ат салышкан режиссёрлорго бөлүп бергим келет. Рахмат! Бүгүн таң аткыча ичем”,- деди толкунданган режиссёр.
Бул тасма 2019-жылы сенсация жаратты. Ал Кореянын тарыхында биринчи жолу "Канн" фестивалында “Алтын пальма бутагын” жеңип алган. Тасма мындан башка да бир топ сыйлыктардын ээси болду.
Тодд Филиппстин “Жокер” тасмасы 11 номинацияга көрсөтүлүп, эки номинацияда мыкты аталды. “Жокерде” башкы ролду ойногон актёр Хоакин Феникс “Мыкты актёр” аталса, композитор Хильдур Гуднадоттир “Мыкты оригиналдуу саундтрек” үчүн сыйланды. Гуднадоттир бул номинацияда “Оскар” алган үчүнчү айым. Ал “Чернобыль” сериалынын музыкасын да жазган.
Ал эми “Мыкты актриса” наамы “Жуди” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актриса Рене Зеллвегерге буюрду.
Кино сүйүүчүлөр үчүн Брэд Питтин 30 жылдан ашуун актёрдук карьерасында алгачкы жолу актёрдук эмгеги үчүн “Оскар” алып жатканы да чоң жаңылык болду. Питт буга чейин 2014-жылы “12 жыл кулчулукта” тасмасына продюсерлик кылганы үчүн “Оскарга” татыган. Бул ирет актёр Квентин Тарантинонун “Бир жолу... Голливудда” тасмасындагы ролу үчүн “Экинчи пландагы мыкты актёр” наамын жеңип алды. Бул наамга ал Том Хэнкс, Энтони Хопкинс, Аль Пачино жана Жо Пеши менен ат салышты. Брэд Питт өз сөзүндө “бул жеңишимди балдарыма арнайм. Мен силерди жакшы көрөм” деди. Ал эми “Экинчи пландагы мыкты актриса” наамы Нао Баумбахтын “Үй-бүлөдөгү окуя” (“Брачная история”) тасмасындагы ролу үчүн Лора Дернге ыйгарылды. 53 жаштагы Дерн алгачкы ирет “Оскардын” лауреаты болду.
НЕГИЗГИ СЫЙЛЫКТАР:
“Мыкты фильм”: "Мителер" (Пон Жун Хо)
“Мыкты режиссёр”: Пон Жун Хо ("Мителер")
“Мыкты актёр”: Хоакин Феникс ("Жокер")
“Мыкты актриса”: Рене Зеллвегер ("Жуди")
“Экинчи пландагы мыкты актёр”: Брэд Питт ("Бир жолу... Голливудда")
“Экинчи пландагы мыкты актриса”: Лора Дерн ("Үй-бүлөдөгү окуя")
“Мыкты оригиналдуу сценарий”: Пон Жун Хо жана Хан Жин Вон ("Мителер")
“Мыкты чет элдик фильм:” "Мителер" (Пон Жун Хо)
“Мыкты анимациялык фильм”: "Оюнчуктардын окуясы-4" (Жош Кули)
“Мыкты оператор”: Рожер Дикинс (“1917”)
“Мыкты оригиналдуу саундтрек": Хильдур Гуднадоттир (“Жокер”)
“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде атаандаштык бир гана мыкты эмгек үчүн болбойт. Актрисалар башкалардан мыкты көйнөк кийүү, кызыл килемдин эң көрүнүктүүсү болуу үчүн да ат салышат. Бул жылы ким максатына жетти, ким кандай сынга кабылды? ЖМК жана мода сынчыларынын көзү менен айтып беребиз. Бул жылы назик жана сексуалдуу кийимдерге басым жасалды.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |