Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Падишахан Султаналиева, Элизабет Турсынбаеванын апасы: “ЭЛИЗАБЕТ ЖАШТЫК КЫЛЫП КЫТАЙДАН ТҮШКӨН ЖАКШЫ СУНУШТАН БАШ ТАРТЫП КОЙДУ”

№902 13-19-февраль, 2020-ж.

2019-жылы 19 жаштагы казак кызы Элизабет Турсынбаева Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда тарых жаратты. Ал аялдар арасында биринчи жолу 4 айланма сальхов секирди. Бул тарыхтын жаралышын 100 жылдап күткөн өлкөлөр бар эле. Кызынын мындай ийгилик жаратышына болгон күчүн жумшап, көмүскөдө туруп тоодой күч берген апасы, машыктыруучусу, кыргыздын кызы Падишахан Султаналиева “Апалар сүйлөйт” рубрикабыздын бул жолку коногу.

– Саламатсызбы? Алгач өзгөчө ой-пикири бар, менталитетке байланбаган, чемпиондорду тарбиялаган эне, өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

– Мен 1971-жылы 1-майда Аксыдагы Итагар айылында, карыган ата-энемдин эң кичүү перзенти болуп туулгам. Үй-бүлөдө көп бир тууганбыз. Атам Биймырза кат тааныган, көп нерсеге акылы жеткен, эпчил, көзү ачык, элдин ишин сүйүп аткарган элпек инсан эле. Апам Мөөркан жөнөкөй, оор басырыктуу, атама Кудайындай баш ийип, ар бир айтканын аткарган, чанда кездешкен Таластын кызы эле. Мына ушул эки инсандын эркеси болуп чоңойдум.

– Өзүңүз көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан экенсиз. Бирок үй-бүлөнү пландоо жаатында “баланы бытыратып эле төрөй бербеш керек” деген оюңузду айтып келесиз...

– Мен жаш кезимден көп балалуу болууну каалачу эмесмин. Эмнегедир чоң үй-бүлө чоң көйгөй экенин ата-энемдин эң кичинекей эркетайы болсом да сезет элем. Ар бир туулган бала ата-эненин камкордугуна гана эмес, мээримине жана тынымсыз тарбиясына муктаж. Чууруган көп балдар аргасыз бири-бирин өз билгенинче тарбиялашат экен. Ата-эне моралдык, психологиялык жана материалдык жактан көп балага тарбия берүүгө жетишпейт. Ошондуктан менин 2 эле балам бар. Бир уул, бир кыз. Экөө тең спорт чемпиондору, бири эл аралык спорт чебери, экинчиси Казакстандын Эмгек сиңирген спорт чебери. Балдарымдын атасы казак улутунан. Эки баламдын тең музыкалык терең билими бар, спорт колледжин кызыл диплом менен аякташты. Учурда жогорку окуу жайларда окушат.

– Айылда 6 баланы күнүмдүк турмуштун агымында тарбиялап отурган көп балалуу эне менен чемпиондорду тарбиялап өстүргөн сиздин айырмаңыз эмнеде?

– Түйшүк жагынан айылда 6 бала тарбиялаган энеден айырмам деле жок. Болгону уул-кызы турнирлерге катышып, Орто Азия боюнча биринчилерден болуп кышкы Олипиадаларга жол салып жүрүп Жер планетасындагы 60 өлкөнү айланып чыккан энемин. Мисалы Канадада 5 жыл жашадым. Келишим менен ар кайсы өлкөлөргө барып жашап, иштеп, машыгып келсек болот. Менде көп өлкөлөрдүн визасы бар. Учурда Германиянын Мюнхен шаарындамын.

– “Келечекте улуттун сыймыгы болгон чемпиондорду тарбиялап өстүрөм” деген ой сизге алгачкы ирет качан келди эле?

– Мындай ой 9 жашымда келген. 1980-жылы Москвада Олимпиада оюндары өткөн. Ошол учурда алыскы туугандардын үйүндө элем. Оюндарды сыналгыдан көрүп жатканда “кийин Олимпиадага мен дагы барам” дей коюп күлкүгө калгам.

– Баланы бир кесипке багытташ үчүн анын шыгын, жөндөмүн караш керекпи же кайсы бир тармакка багыттап кызыгуусун ойготсо болобу?

– Жеке мисалымда, балдарымды 4 жашынан баштап түрдүү ийримдерге бердим. Экөөнү унаама салып алып сүрөт, музыка, бий, спорт боюнча ийримдерге тынбай алып барчумун. Жылдар өтө берди. Бир күнү балдарым “бизге муз үстүндө бийлөө, музыка жана заманбап бийлер жагат, калганына барбайбыз” деп айтышты. “Тандооңорго рахмат” деп макул болдум. Спорттун муз үстүндө бийлөө түрүн тандаш үчүн көп жыл эмгектенип, түрдүү тоскоолдуктардан өтүштү.

– Былтыркы жылы кызыңыз Элизабет Турсынбаева дүйнөдөгү 5 мыкты фигуристтин катарына кирди. Ийгиликтин жаралышындагы сиздин, машыктыруучусунун жана өзүнүн эмгек үлүшү канча?

–Албетте, машыктыруучулардын да, Элизабеттин да эмгеги зор. Ал эми өзүмдүн аракеттериме токтоло турган болсом, кызым үчүн 15 жыл бекер эмгектендим. 48 жашымда 3-жогорку билим алып, Спорт Академиясын сырттан окуп, профессионал машыктыруучу болдум. Кокустан машыктыруучусу жок болуп калса, ал милдетти өзүм аткара берем.

Кызыма эң алгач өзүм машыктыруучу болдум. 7 айынан бастырып, кыйшык бутун түздөп, кичинекей отургучтарга секиртип, анан спортко бергем. Профессионал машыктыруучулары Ирина Страхова, Наталья Дубинская, Александр Шубин, Светлана Сокловская. Чет элдиктерден Брайн Орсер, Трейси Уилсон, Девид Уилсон. Азыр Этери Тутберидзе, Сергей Дудаков, Данил Глейхенгауз машыктырат.

– Фигуристтерди тарбиялоонун оорчулугу менен ырахатын сизчелик эч ким айтып бере албаса керек.

– Бир жолу балдарым кичинекей кезинде Москванын биринчилиги үчүн турнирге катышышты. Анда алгачкы орундарды багындырышкан 6 бала Москванын курама командасына кирмек. Кыска программанын жыйынтыгында кызым Элизабет менен уулум Тимур төртүнчү жана бешинчи орундарды алышты. Мындай көрсөткүчтөр, албетте, үмүт жаратты. Бирок эртеси эркин программа боюнча өтө турган турнирден фамилияларын чийип салышып, киргизбей коюшкан. Машыктыруучуга барсам балдарымдын Москва шаарында туулганына карабай “кийин балдарың чоңойгондо кетип калышыңар мүмкүн” деген жооп менен узатты. Балдарым себебин сурап ыйлашканда машыктыруучусун жамандабай, позитивдүү түшүндүрүп койгом. Жаңжал чыгарып, эч ким менен урушкан жокмун, унчукпай машыгуубузду уланта бердик. Бирок бир күнү бизди “Москвич” спорт клубунан кууп жиберишти. Себеби машыктыруучусун албай өз алдыбызча Францияда өткөн Эл аралык турнирге катышып, алтын медаль менен кайтканыбыз үчүн (күлүп). Ошентсе да акыры ак эмгегибиз менен Орусиянын курама командасына 2012-жылы Москванын чемпиону болуп кошулганбыз. Ошондо “биз Орусиянын атынан чыкпайбыз” деген чечим кабыл алып баш тарткам. Анткени бир жолу саткан миң жолу сатышы мүмкүн деп корктум.

Негизи фигуристтерди тарбиялоо өтө оор жумуш. Анткени спорттун бул түрү Орто Азияда жокко эсе. Тарыхка жол салуу татаал түйшүк. Дагы бир кыйынчылыгы, муз үстүндө бийлөө эң кымбат спорттун түрү. Жылына 2 жолу алмаштырган конькинин өзү миң доллар турат. Анын лезвиесинин баасы да ошол сумманы чапчыйт. Кийген костюмдары 2 миңден 10 миң долларга чейин жетет.

– Элизабет Турсынбаева муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багындыргандан кийин жашооңуздарга кандай өзгөрүүлөр кирди? Казакстан мамлекети тарабынан кандай колдоо көрсөтүлдү?

– Жашоодо өзгөрүүлөр көп болду. Мамлекет тарабынан моралдык колдоо көп. Жасаганыбызды милдет кылып материалдык колдоого умтула бербейбиз. Сыйлык беришсе, рахмат, беришпесе наалыбайбыз. Балдарымды мамлекет үчүн төрөгөн эмесмин. Бирок мамлекетке пайдалуу инсандарды тарбияладым. Балам Тимур Турсынбаев спорт чебери болгондо жаракат алып спорт карьерасын жыйынтыктап, терең билим алууга киришкен. Азыр Казакстандагы эң көрүнүктүү, эң профессионалдуу жаш машыктыруучу. Тимурдун спортчулары турнирде алдыңкы орундарды алып келет. Кызым Элизабет Турсынбаева Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багынтып, 4 айланма сальхов секирип тарых жараткандан тышкары, жаштар Олимпиадасында коло медаль, Азия кышкы оюндарында коло, Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада күмүш медаль алды. Акыркы 5 жылда 49 эл аралык турнирге катышып, 37 медаль утту. “Эң мыкты спортчу”, “Элдин сүймөнчүгү” деген наамдарга ээ болду. Казакстандын президентинен "Дарын", "Курмет" сыйлыктарын алды. Казакстандагы эң белгилүү спортчу аталды, ал жөнүндө документалдуу тасмалар тартылып жатат. Айтор, эки балам тең урмат-сыйга ээ болууда. Бирок эч өзгөрбөй, жөнөкөй боюнча эмгектенип келишет.

– Элизабет белинен жаракат алгандыгы айтылды эле. Учурда ден соолугу жакшыбы?

– Рахмат, Кудайга шүгүр. Германиялык кесипкөй врачтардын көзөмөлүндө. Алар “6 ай тыныгуу керек” дешкен.

– 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына пландарыңыздар...

– Кытай мамлекети Элизабет Турсынбаевага "Кытай элинин атынан чык, биз сендей спортчуну миллиондогон долларга баалайбыз” деп келишим сунушташты. Бирок Элизабет жаштык кылып, терең түшүнбөй, келишимден баш тартты. Казактар мынчалык баалашпасын жакшы билем. Бирок “өз эркиң, өз тагдырың” дедим. Балдарым туура эмес чечим кабыл алышса да макул болом. Ар бир адам адашууга, аны кайра оңдоого акысы бар. Канткен күндө да, кызымдын алган жарааты тоскоол болбосо Олимпиадага жакшы даярданабыз деген үмүттөмүн.

– Рахмат, уул-кызды татыктуу тарбиялай бериңиз.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
17.02.2020. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турсынбаева молодец,дуйнолук кучтуу фигуристтер тен тайлашып журот дайыма.Ийгилик каалайм!
17.02.2020. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы макала болуптур. Жээнибизге ийгилик каалайбыз. Бар бол.
17.02.2020. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы апа экенсиз. Бактылуу болгула. Эн жакшы маек . Ушундай адамдардан алгыла маекти. Самара,Нурлан, Мирбек ж.б.тажатышты
17.02.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик
17.02.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адашпасам ушул эженин озу жонундо жазган чыгармасы бар беле бир жерде
17.02.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AnelKamila,Ооба бар мен да окудум эле
19.02.2020. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AnelKamila,озу жөнүндө "арзып тапкан махабат" деген китеби чыккан
17.02.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшыны жакшы деш керек. Кыйынды кыйын деш керек. Накта жылдыздар ушу адамдар. Кынылдап ырдап коюп кыйын боло бергендерге караганда
17.02.2020. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li,tuuura aitasyn kalp jyldyzdar jainady byjyrap, anan gezit betinen tishushpoit deisin kundo intervu betiship algan mashina motosikl kir juugan mashinelerine chein aityp
17.02.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыйын аял бирок өзүн башкача элестетет,башканы адам ордуна көрбөйт.Фейсбукта иттен алып итке салат.
Бирок өзүнүн башынан өткөргөн күндөрүн окуп таң бергенмин.
17.02.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Baktyluu_bolgum_kelet, Жылдыз ооруусу менен ооруган, любой адамды дароо эле өзгөртүп коёт. Тилинде эле "Жөнөкөймүн, жөнөкөй болуш керек" - дей беришет, бирок иш жүзүндө жакшы эле керсейишет!
17.02.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баласы спорттун кайсы түрү боюнча чебер болгон экен? Же тоже фигуристпи? Ачыктап сурабапсыңарго! Анан кичинекейиндеги кыйшык бутту кантип түзөйт, ошонуда сурасаңар болмок!
Center түзөттү 2020-02-17 19:16:11
19.02.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Center,баласы фигурист болгон. Азыркы учурда тренер и юрист менин билишимче
18.02.2020. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстанда озу жазган автобиографиясы бар адабият болумундо,окусанар аябай сонун,эн сонун аял эч кандай жылдыз оору эмес,Бул аялга кандай суйлосо да жарашат.
18.02.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Margo82,мен дагын окуганмын,олло кызыктуу
28.04.2020. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Margo82,темасы кандай,эмне деп аталат
18.02.2020. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты эне.... Элизабетке ийгилик! Балдарындын ийгилигин коруу кандай бакыт
19.02.2020. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu_bolgum_kelet. Калп суйлоп жагынганча чындыкты айтып жаман корунгон жакшы. Молодец акылдуу, тарбиялуу. Биз бир гана адамдын жаман жагын коргонду билебиз, сын тагабыз. Алдын ойлонолу кайдан келдим? Кантип жашайм? Эч жакшылык кыла албасан анда жамандык суйлобо деген соз туура айтылган.
19.02.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga.diamond, жакшы жагын деле жаздым го
19.02.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да жакшы балдарды тарбиялаганга кудай жеткирсин.
21.02.2020. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фейсбукта ото поклонниктери коп болчу! Жазган посторуна лайктар коп басылчу! Кыргыздарды бир эки жолу шылдындап жазгандан кийин достуктан чыгарып салгам
21.02.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдан тушкондой эле мен эле дейт, кыргыздарды кечке малга тенеп жазат фейсбукда. Байлык, акча, спорт чебери, атактуулук утурумдук нерсе бул. Бугун бар эртен жок. Генний балдарды, акылы тунук бала тородум деп коп жазатда эжекебиз.
21.02.2020. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элизабетке сөз жок, азамат! Дагы далай ийгилик багындырсын. Бирок ушу Падишахан кыргыз улутун дайыма шылдыңдап, кордоп, белден ылдый постторду жазат фейсбукта. Көпчүлүк жек көрүп бүткөн муну. Ойсоке катын деп. Дүйнө чемпионун төрөгөн Айсулуунун апасы деле бар.
faraon312 түзөттү 2020-02-21 20:05:51
23.02.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
faraon312,кыжырына тиет да
10.02.2021. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25, кошулам...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо