№902 13-19-февраль, 2020-ж.
Бозо – таруу, жүгөрү, арпа, сулудан жасалган ден соолукту чыңдоочу, организмди жылытуучу, сергитүүчү жана кубат берүүчү касиеттерге ээ суусундук. Өзгөчө кыш мезгилинде адамды суукта чыдамкай, күүлүү-күчтүү, тоюмдуу алып жүрөт деп көп жасалат. Бозо дагы кандай касиеттерге ээ, аны үй шартында кантип даярдоого болот? Чогуу таанышалы.БОЗОНУН ПАЙДАЛУУ КАСИЕТТЕРИ
Эскертүү! Кан басымы жогоруларга, ашказан жарасы барларга көп ичүүгө болбойт.
БОЗОГО КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Шак – жүгөрү, арпа, сулу же буудайды тазалап, тегирменден кесек кылып чыгарып алуу керек. Ал эми таруу шагы дандын өзүнөн даярдалат.
Угут – өндүрүлгөн жүгөрү, буудайдан даярдалат. Анын эки түрү бар, жаш угут жана как угут. Данды 1 күн сууга чылап, көөп чыккан соң нымдуу чүпүрөккө же мүшөккө ороп өндүрөт. Андан соң жаргылчактан, же болбосо эт туурагычтан өткөрүп, көлөкө жерде кургатылат. Бул жаш угут деп аталат. Ал эми өндүрүлгөн данды алгач кургатып, андан соң тегирменден ирик чыгартып алсак, бул как угут деп аталат. Как угуттун бозосу күчтүү болот.
Кор. Бозону даярдоодо угуттан сырткары жакшы бозодон алынган аз өлчөмдөгү кор колдонулат. Бозо жакшы ачып, жагымдуу суусун болсо "кору жакшы экен" деп баалашат.
БОЗО КАНТИП ДАЯРДАЛАТ?
Бозо даярдоо үчүн шак, угут, кор (ачыткы, көрөңгө) жана чапчак керектелет. Шактын эң жакшысы – таруу жана жүгөрүнүкү деп айтылат. Ал эми бозонун күчү угуттан, сапаты шак жасалган аштыктан болот. Өзгөчө шактын тартылышына, анын ачытылышына, кайнатылышына жана салынышына жараша болот. Бозо 3 баскыч менен жасалат.
1. Шак чылоо. Ал үчүн жылуу сууга (болжол менен 1,5-2 литр сууга 1 килограмм шак туура келет) шакты салып, үстүнө 1 чеңгээл топту (бозону сүзүп алгандан кийинки калган масса) кошуп жакшылап аралаштырып, жылуу жерге 1-2 сутка коюп коёбуз. Топ жок болсо, ордуна 150-200 миллилитр бозо кошууга болот. Шак ачыганда анын бети ар кайсы жеринен жарылып калат. Шак жакшы ачыбаса же 4-5 күн туруп калса, бозонун даамы, сапаты бузулуп, ойдогудай болбой калат.
2. Шак кайнатуу. Казанга сууну куюп (1 килограмм шакка 6-7 литр суу туура келет), ал чыбырчыктай баштаганда (кайноого жеткирбей) ачыган шакты салып, 1-1,5 саат бышканча кайнатуу керек. Бышкан шак чөмүчкө жармашпай калат. Чийки бышкан шактан жакшы бозо чыкпайт. Кайнап жаткан шак казандын түбүнө тартып кетпеш үчүн бышканча аралаштырып туруу шарт. Шак таза бышкан соң оттон чыгарып, муздаганча каймактатпай улам аралаштырып туруу керек. Өзгөчө көк буусун (алгачкы буусун) ичинде калтырбайт. Антпесе бозо ачуу болуп калат. Белгилей кетсек, айрым аймактарда алгач малдын майына бир аз буудай унун кууруп, андан соң суу куюшат. Бул сууга ачыган шакты салып кайнатышат.
3. Бозо салуу. Шак жылымык болуп (орточо 12-18 градус) калганда үстүнө 200-250 грамм угут салып, аралаштырабыз. Баштапкы коюу шак дароо суюлат. Эми шактын үстүнө корду (1-2 литр керектелет) куюп аралаштырып, 7-10 саат жылуу ороп койсок, бозо жетилет. Жетилген бозону баштыкка куюп бир аз суу кошуп сүзүп алабыз. Айрымдар аталгы менен сүзүшөт. Бозо даяр!
БОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ
Бозо салыныш ыкмасына жана күчтүүлүгүнө карата бир нече түргө бөлүнөт:
Жумшак бозо – угуту азыраак салынган бозо.
Кордолгон бозо. Шагы 3-4 күн ачытылып, угут көбүрөөк салынат.
Тегелеки – суу кошпой накта сүзүлгөн бозо.
Ачытма бозо. Бозо сүзүлүп, жылытылып, бир аз кумшекер кошулат да, жылуу жерде ачытылат. Болжол менен 5 литр бозого 1-1,5 килограмм кумшекер салынат. Аны 3 күндүк, 5 күндүк жана 7 күндүк кылып ачытышат. Бозонун бул түрү күчтүү (15-25 градус) болот.
Киричме бозо. Ачытма бозо менен жаңы сүзүлгөн жаш бозонун аралашмасы.
Кара куурдак бозо. Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз тоң май кошуп ыкчам ысытып берет. Болжол менен 1 литр бозого 100 грамм май кошулат. Мындай бозону сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан соң күптү болгон учурда ичсе, тамакты тез сиңирүүгө жардам берет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Арамда даары, шыпаа болбойт, дарылыкка андан башка ошончо ичетурган нерселер бар, ошолорду иче бергиледа!