Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПРОДЮСЕР КАНАТ КАДЫРЖАНДЫН КӨРҮҮСҮ НАЧАРЛАП, ЖАРДАМГА МУКТАЖ

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

Продюсер Канат Кадыржан ден соолугу начарлап жардамга муктаж экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды:

"Бардык тааныштарга айтып кетейин, кокустан сиздерди көрүп учураша албай калсам, кечирим сурайм. Анткени алысты жана караңгыда көрбөй калып жатам. Аба ырайы өзгөргөндө көзүмдөн жаш агат. Бардык дарыларды колдонуп көрдүм. Жыйынтык болбоду. Көзүмө шашылыш түрдө операция жасатуу үчүн колунда бар, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайм. Балким, клиника же дарыгер сунуштайсыз... Ашказаным ооруйт, каным аз. Колдон келишинче дарылап жатам. Дуба кылып коюңуздарчы".

Канат Кадыржан менен байланышканыбызда көз оорусу тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады:

– Негизи көзүм менен алышып жатканыма 5-6 жыл болду. Офтальмологдор жазып берген дарылардын баарын колдонуп көрдүм. Бирок жардам берген жок. Социалдык тармакка билдирүүмдү аргасыз жаздым. Анткени алысты жакшы көрбөй жатканыма байланыштуу кесиптештерди көрбөй, тааныбай, ыңгайсыз абалда калып жатам. Аларга абалымды түшүндүрсөм кээ бири түшүнсө, айрымдары туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан баарына айтып коюуну туура көрдүм. Учурда көрүүм -7. Түрк офтальмологдору көзүмө операция жасатыш керек деп айтышты.

Радиодо 9-класстан бери ди-джей болуп эмгектендим. Керели кечке компьютерде отуруп иштегенимдин таасири болуп калдыбы деп ойлоп калам,- дейт продюсер.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(8)
24.02.2020. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла Таалам шыпаасын берсин, дуба кылабыз. Эртерээк айыгып кет
24.02.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллаз шыпаа берсин
24.02.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаа берсин, сизди өзүмдүн абалымдагыдай түшүнүп атам. Мен да бир аз компютер карагандан кийин көзүмө плёнка капталып калгансып көрбөй калчу болду
25.02.2020. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Убагында Нурлан Насипти белгилүү кылган продюсер үшул жигит эле. Эми Нурлан ушундай маалда жардам берип койсо болмок иштешпей калдык дебей.
29.02.2020. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп ырчыларга пайдасы тийген эми ооруп калганда карабай жардам бербей койгон жаман компьютерде күнү түнү отуруп ошолорду белгилүү ырчы кылды да эми асмандан жылдыз болуп келгенсип эч ким жардам бербейт. Ырчылар чогултуп берип акчасын жардам берип койгула...
01.03.2020. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла колдоп сакайып келсин
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-02 09:44:14
04.03.2020. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаа берип айыгып кетсин Оомин
11.03.2020. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншаллах аллахым шпаа берсин аминь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо