№903 20-26-февраль, 2020-ж.

  1. 14-февраль – Сүйүү күнүндө “Супер-Инфо” гезити жана “Супер Тв” каналы «Жубайлар шоу” сынагын уюштурду. Сынак Бишкек Парк соода борборунда өткөрүлдү. Реалити-шоуго сүйүү баянын жазган түгөйлөрдүн арасынан 4 жуп тандалып алынды. Эмесе, түгөйлөрдүн сүйүү баянына, сынактын жүрүшүнө көз чаптырыңыз. Видеоверсиясын YouTube`дагы Super TV каналынан көрө аласыз.

  2. Манас Эсенгелдиев & Ширин Кадыралиева Классташ жан шериктер

    Бул жан шериктердин сүйүү тарыхын Ширин айымдын баяндоосунда айтып беребиз.

    Манас класстагы тентек балдардан эле. Качан көрбө кыздардын чачын жулуп, айласын кетирип жаткан болот. Бирок Ширинге тийише алчу эмес. Анткени андан баары коркушчу.

    9-класста окуп жүргөндө Манас акыркы үлгүдөгү телефон көтөрүп калды. Баары кызыгып көрүп жатышкан. Бир маалда Ширин телефонду алса, колунан жулуп, башка кызга берип койду. Манастын бул кылыгына кыз аябай арданды, ыза болду. Экөөнүн ортосундагы дал ушул жактырбастык кийин чоң сүйүүгө жетелеп барарын боз улан да, селки да аңдашкан эмес.

    Жогорку класска көчкөндө Манас токтолуп, келишимдүү жигит болуп чыга келди. Ширинге сүйүүсүн билдирип, жүрөгүнө чок таштайт. Эки классташ көп өтпөй кыз-жигит болуп, 5 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошуп, бири Манаска, бири Ширинге окшогон 2 татынакай кыздуу болушту.


  3. Аскар Дүйшөнбеков & Айгерим Ишенова
    Махабатка айланган достук

    Аскар мырзанын айтымында Айгерим айым экөө Бишкектеги тойканалардын биринде официант болуп иштеп жүрүп таанышышкан. Кесиптештер 1 жыл дос болуп жүрүшкөн. Сырдашып жүрүп достук мамиле сүйүүгө жетелеп барды. Ой-максаттары төп келген достор кыз-жигит статусунда сүйлөшүп калышты.

    Эки жаш 4 жылдык кыз-жигит мамиледен кийин баш кошуу чечимин кабыл алышып, өздөрү иштеген тойканада үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Азыр куп жарашкан жубайлар уул-кызын тарбиялап келишет. Официант болуп иштеп, тажрыйба топтогон жан шериктер учурда өздөрү түптөгөн тойкананы иштетип келишет.


  4. Санжар Дамир уулу & Альбина Абдыкасымова
    Интернет табыштырган жубайлар

    Альбина айымдын баяндоосу боюнча бул түгөйлөрдүн махабатына интернет себепкер болгон. Социалдык тармактардын бири аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүрүп биринчи жолу жолуккан эки жаш бири-биринен уялып, сүрдөп турушту. Санжар чечкиндүү, сөзүнө турган жигит экенин мамилеси аркылуу көрсөттү. “Жараткан, жакшы жигитке жолуктур, бактылуу болоюн” деп суранып келген кыздын тилеги орундалды. 2 айдан кийин Замир Альбинаны достору менен тааныштыруу үчүн кафеге чакырат. Бир маалда жигит кыздын маңдайына тизелеп отуруп чөнтөгүнөн шакек алып чыгып кучак толо гүл сунуп, “жаным, мени менен түбөлүккө бирге болууга макулсуңбу?” деп колун сурады.

    Сүйүнүчтөн кыздын көзүнө жаш толуп, “жаным, макулмун” дейт. Ошентип дагы бир үй-бүлө жаралды.

  5. Замир Рустам уулу & Бермет Чыналиева Мектептен башталган сүйүү

    Бул жуптардын махабатын Бермет айымдын айтымында баяндап берели.

    2010-жыл. Бир мектепте окуган Замир менен Берметтин ортосунда жаңыдан сүйүү оту жана баштаган кез. Бирок түгөйлөр 2011-жылы бири-биринен ажырап кала жаздаган. Берметти башка бирөө ала качып кеткенде Замир артынан кууп барып, сүйүктүүсүн алып баса берген. Бир жолу карлыгачын колунан учуруп жибере жаздаган жигит кийин колдон чыгарган жок. 3 жыл сүйлөшүп, баш кошкон жубайлар 4 жыл наристе жытына зар болуп жүрүшкөн.

    Жубайлар Москвага иштегени барып, 3 ай өткөндөн кийин Бермет кош бойлуу экенин билген. Москвада калуу курсактагы наристеге кооптуу болгондуктан Бермет Кыргызстанга келгенге аргасыз болгон. Учурда жубайлар ошол наристени тарбиялап келишет.

  6. Динара Абдыкадырова
    Адилет Бектуров
    star@super.kg


Жубайлар шоу. Алмаз Шаадаев сахнада алып баруучуга сүйүүсүн арнады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(2)
24.02.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалаң жаш жубайларды эмес,жок дегенде 10-15 жыл турмуштук тажрыйбасы бар жуптарды алсаңыздар болмок экен.
28.02.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбинанын күйөөсү Шермат эле го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо