Алмаз Шаадаев, ырчы: “МЕН АЙЛИНГЕ ЧОҢ АТАМЫН”

№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.

Кыргыз шоу-бизнесиндеги тырышчаак, эмгекчил, таланттуу бойдок ырчы мырзалардын бири Алмаз Шаадаев бул сандын апта каарманы. Ырчы менен чыгармачылык, достук, келечек тууралуу маек курдук.

– Саламатсызбы, Алмаз? Жыл жаңырары менен ден соолугуңузга байланыштуу операция болгондугуңузду кабарладыңыз эле. Жакшы болуп калдыңызбы?

– Саламатчылык! Ооба, Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Чекемде пайда болгон шишик мени эле эмес, күйөрмандарымды да кабатырланта баштаган. Интернет желесине кандай гана сүрөт жүктөбөйүн, “чекеңиздеги томпоюп турган эмне?” деп сурай беришчү. Акыры шишикти түп орду менен жок кылып, алдыртып салдым.

– Ден соолукту калыбына келтирип алгандан кийин чыгармачылыкка катуу киришкен чыгарсыз?

– Ошондой десем болот. Негизи эле ырчылар бир нерсени максат кылышат. Элге жага турган жакшы ыр жаздырып, жакшы клип тарттырыш керек. Анын сыңары, элден калбай иштеп келе жатам. Башынан эле аз жана саз иштегенди жактырам. Жума сайын сапатсыз ырларды жаздыра бергенден көрө бир нече айда жакшы бир ыр жаздырган көбүрөөк жемишин берет деген ойдомун.

– Аз жана саз демекчи, “Эми мага баары бир” деген ырыңызга тартылган клип YouTube`да 24 миллионго чукул көрүлүптүр. Бул кыргыз эстрадасы үчүн рекордбу?

– Ооба. Клип жаатында мындай көрсөткүчкө бир да ырчы жете элек. Эл эмес, ырчылардын арасында да “Алмаз өзү бир нерсе кылып көрүүлөрдүн санын көбөйтүп жатат” деген сөз болот экен. Муну угуп алып бир чети таң калсам, бир чети сүйүнүп койдум. Эгер көрүүлөрдүн санын көбөйтүүнүн башка жолдору болсо, айланамда жүргөн ырчы досторум деле ошол ыкма менен көбөйтүп алышмак. Бул нерсе маңдайыма жазылыптыр. Жасаган эмгегим элге жагып, көрүлүп жатат. Канчалык көрүлгөн сайын мага акча түшүп турат, бул жагы да кубандырбай койбойт. Учурдан пайдаланып ырдын автору Гүлжигит Сатыбеков байкебизге, клипти тарткан Эрнис Сыдыков досума жана ырды жаздырып берген Эдил Маматов байкебизге ыраазычылыгымды билдирем. Андан тышкары акыркы “Эки жүрөк” аттуу ырыма тартылган клип дагы 3 айда 4 миллион көрүүчү топтой алды.

– Жакшы экен. Элдин купулуна толгон ыр жаздырып, клип тарттыруу – бул талант. Музыкалык билимиңиз барбы?

– Бала чактан бери ырчы болуу изги тилегим болгону менен, мектепти аяктагандан кийин ата-энемдин сунушу менен туризм жаатына тапшырып, окуп калгам. Бирок адам баары бир жан дүйнөсүндөгү кыялын орундатуу үчүн аракетин токтотпойт экен. Көрүп турганыңыздай, ырчылыкты тандадым. Азырынча музыкалык билимим жок. Бирок убак-сааты чыкса, окуп алсамбы деп жүрөм. Билим алуу эч качан кеч болбойт эмеспи.

– “Шоу-бизнеске аралашуу оңой, анда кармалып туруу кыйын” дешет...

– Бул сөзгө толугу менен кошулам. Бир ыр жаздырып, чыгарып койсоң эле ырчы деген статуска ээ болосуң. Бирок андан ары эмгектенип, элдин табитин таап, талантыңды туура тартуулап иштөө оор.

– Ырчы катары таанылгандан кийин жашооңузда эмне өзгөрдү?

– 2011-жылдан бери ырдап келем. 2015-жылга чейин каражат жагынан кыйынчылыктар көп эле болду. Эптеп тапкан акчамды чогултуп, чыгармачылыгыма жумшаганга аракет кылчумун. Ата-энемдин улуу баласы болгонума байланыштуу алардан каражат сурабаганга тырышчумун. Өз күчүм менен бир жылда эптеп бир ыр жаздырып, чыгармачылыкта кармалып турчумун.

2016-жылы “Фаридам” чыгармасын аткарып калганымдан кийин ырчылык дүйнөмдө чоң секирик болду. Тойлорго чакыруулар көбөйдү. Каражат жагынан да бул ырдан кийин береке келди десем болот.

Жокчулукту да, барчылыкты да көрдүм. Мүнөзүм өзгөргөн жок. Ошол эле Алмаз бойдон калдым. Тескерисинче, ошол кезге караганда азыр адамгерчиликтүү болуп калдым десем болот. Жокчулукту көргөн адам барчылыкта өзгөрүп кетсе бат эле сынып калат. Андан тышкары ырчылык өнөрдүн аркасы менен бир топ досторду таптым.

– Шоу-бизнесте чыныгы достук барбы?

– Бар. Мисалы, 5 ырчы менен досмун. Сахналаш, замандаш, пикирлеш болгондон тышкары ортобузда достук болгону да сүйүндүрөт. Ошол эле учурда алар менен жакшы жагынан атаандашып туруш керек деген ойдомун. Атаандаштык бар жерде өсүү болот. Ичи тарлыктан эмес, өсүү максатында досторумду атаандаш катары карайм. Ал эми чыныгы дос, сырдаш – бул классташтар. Себеби бала кезиңден бирге чоңойгонсуң. Аларга чыгармачылыгыңдын кереги жок. Жолукканда ийгиликтериңе кубанарын айтышат. Бирок башкы тема баягы эле балалык кез. Алар сени ырчы катары көрүшпөйт.

– Ырчылыктан тышкары ишкерлик менен алектенесизби?

– Өтө деле чоң ишкер эмесмин. Бирок кошумча киреше алып келген чакан бизнесим бар.

– Жеке жашооңузга кайтсак. “Качан үйлөнөсүң?” деген суроолор тажата баштаса керек?

– Ооба, жашым үйлөнөр убакка эчак жеткен. Бул суроону көп угам. Карьера деп жүрө берип ушул убакка келдим. Эгер эрте үйлөнүп алсам, мындай ийгилик жарата албай калмакмын. Буюрса, дагы бир жыл чыгармачылыкта кызуу иштеп, 2021-жылы үйлөнөм. Бирок азырынча баш кошо турган кызды жолуктура элекмин.

Менден кийинки иним эчак үйлөнгөн. Анын Айлин деген кызы бар. Азыр ага чоң атамын (күлүп).

– Жүрөгүңүз бош экен. Күйөрман кыздарга күмүш сырга катары айта кетели. Алмаз Шаадаевге кандай кыздар жагат?

– Эң башкысы ыймандуу, ата-энем, бир туугандарымды сыйлаган кыз болсо дейм. Назик, эркекти угуп, сыйлай билген кыздар жагат. Өзүмчүл кыздарды жактырбайм.

– Маегиңе рахмат!

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg


Алмаз Шаадаев: "Айжан экөөбүз кыз-жигит эмеспиз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
02.03.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мурду эле чон,а так симпатичный жылдыздуу бала.
06.03.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba_00,Айжандын деле мурду чон го:-)
02.03.2020. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алдайт,Айжан менен журду го жоолугуп калдык деп,калп эле,эми просто бир жыл кое туралы дегендир айтбай
03.03.2020. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неинтересный тип. 3000с карызын бериптирби алып баруучу бийкечке??
03.03.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бла бла бла деп оздорун макташат баары эле акылдуулар!
03.03.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз, шишик боюнча консультация керек эле. Байланышчы
SUPER.KG видео
04.03.2020. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой бала
SUPER.KG видео
05.03.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерде мындай звукорежиссер деген жокпу башындагы музыка, реклама дегенинер менен интервьюнарды уну айрмасы ото чон, чочутуп жиберет.


SUPER.KG видео
05.03.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз кобунчо карындаш эле болот дегендер суйгонум жубайым деп калышчу эле, Нурлан Насип, Аваз Акимов и т.д.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо