АЛА-ТОО УЛАМЫШТАРЫ. ПАМИРДЕГИ АШУУ ЭМНЕГЕ АК-БАЙТАЛ АТАЛЫП КАЛГАН?

№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.

Чыгыш Памирдеги эң бийик ашуулардын бири – Ак-Байтал ашуусу. Бийиктиги – 4655 метр. Ал аркылуу Ош-Хорог жолу өтөт. Ашуунун эмне үчүн Ак-Байтал аталып калышы боюнча памирлик кыргыздарда уламыш бар.

Илгери Чыгыш Памирдеги кыргыздардын арасында 40 аялы, 40 ити бар Авлич деген бай киши жашаптыр. Бир жолу ал аты менен Кытайдын Кашкарына барып, аялдыкка бир кытай кызды сатып алат. Бирок жаңы аялы байды жаман көрүп, аны өлтүрүүнү ойлойт. Келе жатып түнкүсүн ашуудан алыс эмес жерге түнөмөк болушат. Ошондо аялы күйөөсүнөн жашырынып каракчыларга барып, аларга акча берип, Авличти тоноп, өлтүрүүнү буюрат. Бирок ээсине берилген Байтал аялдын жаман оюн сезип калып, Авличти ашуудан ашырып кетет. Бирок аялы каракчыларга дагы акча берет. Алар билгизбей барып байга кол салышат. Бай алар менен катуу салгылашат. Бирок качып баратканда аялы кармап калат. Авличтин жанында жүргөн акылдуу ити аялды тиштеп, качууга жардам берет. Каракчылар байга жаа атып, жебелердин бири итке, экинчиси атка тиет. Каарданган Авлич каракчыларды, аялын да өлтүрөт.

Бай өлгөн аты менен коштошуп, узакка ыйлаган экен. Кийин ошол жер Ак-Байтал аталып калыптыр.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(2)
02.03.2020. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мм
03.03.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул илгеркилердин жомогу болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо